Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Энергетика: кыштын камын жайында көр


"Азаттыктын" архивинен: Токтогул суу сактагычы, 2008-жыл
"Азаттыктын" архивинен: Токтогул суу сактагычы, 2008-жыл

Кышка карата отун-энергетика даярдыгы, электр энергиясынын баасы тууралуу маселелер кайрадан көтөрүлө баштады.

Көз карандысыз эксперт кечээ Энергетика министрлигин ишти жолго койо албай жатат деп сынга алды. Өткөн аптада энергетика министри быйыл Токтогул суу сактагычына мурунку жылдарга салыштырмалуу суу аз жыйналганын, бул кышында энергетикалык таңсыктыкка алып келиши ыктымал экенин белгилеген.

Энергетика министрлигинин жүйөсүн негизсиз санаган көз карандысыз эксперттердин бири - Расул Умбеталиев. Ал кечээ өз көз карашын журналисттерге атайын уюштурулган маалымат жыйынында билдирди:

- Быйыл да кыш катуу болот. Анткени даярдык өтө төмөн. Ошондуктан эл Энергетика министрлигине ишенбей, өздөрү отун-көмүр, күйүүчү май менен камсыздалышы керек.

Өткөн аптада энергетика министри Аскарбек Шадиев быйыл Токтогул суу сактагычына мурунку жылдарга салыштырмалуу суу аз жыйналганын белгилеп, бул кышында энергетикалык таңкыстыкка алып келиши ыктымал экенин билдирген.

Энергетика тармагынын белдүү адиси, өнөр жайга эмгеги сиңген ишмер Райымбек Мамыров Токтогул суу сактагычына бүгүн чогулган суунун көлөмү энергетикалык таңкыстык жаратпайт деген ишенимде. Анын айтымында, тармактагы оңдоп-түзөө иштери азыркы убакта өз деңгээлинде жүрбөгөнү кышында электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдууга мүмкүнчүлүк бербей жатат:

- Ремонттук иштер жакшы жүрбөй жатат. Ошол эле станцияда акыркы жолу 2-3 чоң өчүүлөр болду. Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр ГЭСтеринде, Улуттук электр тармактарынын линияларында чоң-чоң авариялар болуп атат. Алар деген бүгүнкү күндө кышка даярдык өз деңгээлинде жүрбөй жатат дегенди түшүндүрөт. Менимче ошол жагына көбүрөөк караш керек. Ремонтторду жакшы жасабай, кыш келгенде “суу аз болуп калды” деген шылтоо менен энергияны бербей коюуга болбойт.

Райымбек Мамыров белгилеген мындай авариялар мурунку жылдарга салыштырмалуу көп болуп жатканын энергетика министри Аскарбек Шадиев кышка даярдык боюнча өкмөттүк жыйында мойнуна алган. Ал буга энергосистемадагы жабдыктардын 25 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп, эскиргени себеп деп билдирген эле. Мына ушундай эски жабдыктарды жаңысына алмаштырып, өлкөдөгү энергетикалык коопсуздукту калыпка салуу үчүн электр энергиясына же жылуулукка бааларды көтөрүү зарыл деген маселе буга чейин да козголгон.

Жаңы шартта жаңы баалар

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин отун-энергетика комплекси боюнча мамлекеттик департаменттин башчысы Миргүл Айдарованын “Азаттыкка” билдиришинче, быйылкы жылдын эсебинен электр энергиясынын баасы өзгөрүүсүз калат, ал эми жылуулуктун баасы 1-ноябрдан тарта кымбатташы каралууда:

- Азыркы маалыматтар боюнча Токтогул суу сактагычында суу жылдагыдан аз, электр энергиясы былтыркыдай сыртка сатылбай жатат. Ошондуктан күзүндө энергосистемага көбүрөөк акча түшүрүп, оңдоо иштерин жакшылап жүргүзүү үчүн жылуулуктун акысын көбөйтсөк деген сунуштар бар. Бирок азырынча ал канчага кымбаттай турганын айта албайм.

Миргүл Айдарованын айтымында, тариф боюнча маселе күзүндө парламентке сунушталгандан кийин гана так чечилет.

Энергетик Райымбек Мамыров бааны аз-аздан кошуп көтөрүү керек, бирок ошого жараша тармактын иши дагы сөзсүз түрдө жакшыртылышы зарыл деген пикирде:

- Электр энергиясы – товар. Ошого жараша аны чыгарууга кеткен каражаттар, тетиктер, адистердин айлыктары, ушуга окшогон нерселерди эсептегенде бааны көтөрүш керек. Бирок мен дайыма эле айтып жүрөм, баалардын көтөрүлүшүн эл мурдараак билип, кабардар болууга тийиш. Албетте тарифке аз-аздан кошулушу керек. Баарынан башкысы – бааны көтөргөн соң, энергетика тармагын оңдоп, элди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга аракеттениши керек.

Электр энергиясын былтыркыдай экспорттоонун жоктугунан быйыл тармакта каржылык жетишпестик болуп жатканына Райымбек Мамыров да кошулат.
Эл Энергетика министрлигине ишенбей, өздөрү отун-көмүр, күйүүчү май менен камсыздалышы керек.

Көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев болсо электр энергиясынын өздүк баасы 8-9 тыйындын айланасында турарын белгилеп, өкмөт бюджетти электр энергиясынын баасын көтөрүү менен эмес, андагы уурдоолорду, тармактагы коррупцияны жоюу менен толтурууга аракет кылуусу керек деп эсептейт:

- Чындыгында бардык коррупциялык жолдорду жоюп, таза иштесе, каражат толуп жатат. Кептин баары ошол каражаттын уурдалып, тонолуп жатканында.

Электр станциялары мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча 19-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү - 16 млрд. 830 млн. куб метрди түздү. Бул былтыркы ушул күнкү чогулган суунун көлөмүнөн 2 млрд. 144 млн. куб метрге аздык кылат. Ал эми энергетикалык катаал каатчылык болгон 2008-жылкы көрсөткүчкө караганда дээрлик 7 млрд. куб метрге көп.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG