Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

8-августта Нарындын тургундары Жетим-Тоо кенин кытайлык ишкерлерге берүүгө каршы нааразылык акциясына чыгышты. Ошол эле 8-август күнү премьер-министр Алмазбек Атамбаев министр Замирбек Эсенамановго сөгүш жарыялады.

Буга жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов интернеттеги маалымат агенттигине курган маегинде өкмөт Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу үчүн Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин, Терек-Сай алтын кенин жана Сандык алюминий кенин чет өлкөлүк инвесторлорго берери, бул боюнча токтом чыкканы тууралуу айтты деген маалымат негиз берген.

Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов интернеттеги басылмалда калпыстык кетирилип, окурмандарга туура эмес маалымат жеткирилгенин, айрым алтын кендери беш-алты жылдан бери эле казылып жатканын “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

- Өкмөт башчынын сизге сөгүш жарыялоосуна эмне негиз берди?

- Сөгүш жарыялаганын мен уккан жокмун. Ооба, 8-августта саат 11де өкмөт башчынын кабыл алуусунда болдум. Себеби жума күнү “Акипресс” маалымат агенттигинде туура эмес маалымат кетип калыптыр, мына ошону такташтык.

Ал жерде "өкмөттүн токтому менен Жетим-Тоо жана Сандык кендери кытайлыктарга сатылыптыр" деген маалымат кеткен, бул таптакыр чындыкка коошпойт. Тескерисинче ушул эки кенди кошуп, 22 кен чыгуучу жерди стратегиялык мааниси, келечеги бар кендер катары өкмөттүн карамагына кайтарып алдык.

- Качан? Кайсы убакта?

- Мына ушул күндөрү болуп атат, жакынкы күндөрү токтом чыгат. 2009-жылы чыккан өкмөттүк токтомдо болгону 3-4 гана кен казылуучу жер болсо, азыр биз ага үч жүздү кошуп, стратегиялык объект деп өкмөттүн токтому токулуп атат.

“Акипрессте” журналист менин сөзүмдү туура эмес түшүнүп, 2009-жылы чыккан токтомду өкмөт сатып жиберди деп туура эмес жарыялап жибериптир. Алар кайра окурмандардан кечирим сурап, маалыматын оңдошту.

Сандык да, Жетим-Тоо да сатылган жок. Тескерисинче ошол кен казылуучу жерлердин башын бошотуп, кытайлыктардан кайра өкмөткө жарым-жартылайын өткөрүп алдык. Ал өкмөттүн атайын токтому менен элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын эске алып, анан каралышы ыктымал. Азыр ага эч кандай шарт жок.

- Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев "коалициялык өкмөттү куроо алдында турганда мурунку бийликтин тушунда кен иштетүүгө берилген бардык уруксат кагаздар кайра каралат" деп айткан эле. Мына ушул убада канчалык деңгээлде ишке ашып жатат?

- Бул абдан туура суроо болду. Коалициялык өкмөт түзүлгөндөн кийин өкмөт башчынын тапшырмасы менен биз бүгүнкү күнгө чейин 230 лицензияны кайтарып алдык. Андан башка дагы 650дөй лицензия бүт текшерүүдөн өтүп чыкты.

Иштебей токтоп турган, илең-салаң болуп жүргөн ишканалардан уруксат кагаздарын алып, кендерди мамлекеттин пайдасына иштетүүгө багыт алдык.

Баш мыйзамдын өзгөрүшү менен кен байлыктары мамлекеттин менчиги болуп эсептелет, мына ушуну эске алуу менен жаңы мыйзам жазылды. Күзүндө парламенттин кароосуна берилет. Ал мыйзамда кен байлыктардын тегерегиндеги элдин кызыкчылыгы, мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунга чыгат.

- Ала-Бука – Чаткал тоолорундагы Ичтенберди алтын кенин Кытайдын “Майн голд компани” ишканасы казып жатканы тууралуу маалымат бар. Ошондой эле алар бул кен үчүн Эркеч-Там – Анжиян темир жолун куруп берүүгө милдеттенме алышкан деп да айтылып атат...

- Бул такыр туура эмес маалымат. Ичтенберди менен темир жол куруунун эч кандай байланышы жок.

- Ичтенберди кени иштетилип атабы? Кимге берилген?

- Ал кенде беш жылдан бери чалгындоо иштерин жүргүзүп, азыркы мезгилде, август айынын аягында "обогатительная фабрика" ишке кирггени турат. Ал жерде 650гө жакын жумушчу орду пайда болду, буга дагы кошулат. Бул кенде жалпы суроо-талаптын негизинде курулган ишканалар бар, ал жерде иштегендердин 70% биздин жарандар.

- Ичтенберди алтын кенин иштетүү тууралуу уруксат кагаз кытайлыктарга качан берилди эле?

- Мындан беш жыл мурун.

- Демек мурдагы бийликтин тушунда болгон экен да. Канча акчага сатылганы тууралуу маалыматыңыз барбы?

- Ичтенберди алтын кенин иштетүү лицензиясы мыйзам ченемдүү түрдө берилген, аны "мынча акчага сатылган" деп айтуу туура эмес. Мен билгенден бул кен казылуучу жер 140-190-номурдагы келишим бар, ага ылайык Кытайдын “Майн голд компани” ишканасы Эркеч-Там – Ош жолун курууну өздөрүнө милдет кылып алышкан. Бул жол курулуп бүтүп калды, аны менен катар эле Ичтенберди кен казылуучу жерин чалгындап, кенди иштетүүнү баштап атышат.

- Мамлекетке кайтарылып алынган кендердин арасында Ичтенберди кен казуучу жер эмне үчүн кошулган жок?

- Анткени кенди иштетүү максаттуу түрдө аткарылып жатат. Беш жыл ичинде ишкана мыйзам чегинде өз ишин жасап, геологиялык чалгындоо жүргүзүп, ал жерде канча кен бар болгонун изилдеген. Бул өтө тактыкты, жоопкерчиликти талап кылуучу машакат.

Ошол жердеги техникалык-экономикалык эсептерин жүргүзгөн. Ошонун негизинде фабрикаларды, кен иштетүүдөн чыккан таштандыларды куруу боюнча долбоорлор түзүлгөн. Бул иштердин баары бир күндүн ичинде аткарылбайт, беш жылдан бери булардын баары жүргүзүлүп, түзүлүп, инфраструктурасы курулган. Ошонун негизинде алар бүгүн иш баштоонун алдында турушат. Ичтенберди кенинде 19,8 тонна алтын, 70 тонна жез бар.

- Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча түзүлгөн келишимдер бир нече жолу өзгөртүлгөн. Ушундан улам “сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” дегендей болуп атат. Ушул Ичтенберди алтын кенинен мамлекеттик бюджетке канча каражат түшөт? Деги эле Кыргызстан бул кенден кандай пайда көрөт?

- Бүгүнкү күндө Ош - Эркеч-Там жолу ошол кенди иштетип аткан “Майн голд компани” ишканасынын эсебинен курулган. Мындан тышкары салыктагы кандай көрсөткүчтөр боло турган болсо ошонун баарын бул ишкана төлөйт.

Экинчиден, ар кандай социалдык маселелерди чечүүдө, алсак, ошол аймакта кандай социалдык көйгөйлүү маселелер болсо аны чечүүгө катышат.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG