Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:34

Евробиримдик Кыргызстанга “Жалпы жеңилдиктер системасы плюс” макамын берди. Бул Кыргызстанда өндүрүлгөн товардын 6 миңден ашуун түрүн биримдиктин аймагына эч кандай төлөмдөрсүз экспорттоого жол ачат.

Ошол эле учурда мындай артыкчылык үчүн Кыргызстан башкаруу, адам укуктарын коргоо, экология жана эмгек жаатындагы бир катар эл аралык милдеттенмелерин кыйшаюусуз аткарууга тийиш.

Евробиримдик базарын ачты

Евробиримдиктин бул чечими Кыргызстандын экспортун көбөйтүп, муну менен экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөсүнө кеңири жол ачат. Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө саясат, басма сөз жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Яап Ора “Азаттыкка” билдиргендей, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүп, инвестициялык шарттарды түзүү эки тараптуу кызматташуунун негизги максаттарынын бири:

- Кыргызстан мындай макамга ээ болуу каалоосун билдирип, өткөн жылы кайрылган болчу. Былтыр президент Алмазбек Атамбаев Брюсселге барган учурда бул боюнча өтүнүч катын калтырган. Евробиримдиктин комиссиясы аны карап, Кыргызстанга “жалпы жеңилдиктер системасы+” макамын берүү боюнча чечим кабыл алды. Буга байланыштуу Кыргызстан өзүндө өндүрүлгөн товарлардын 91% бажы төлөмдөрсүз Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө экспорттой алат.

Чечимге ылайык, кыргызстандык ишкерлер үстүбүздөгү жылдын 27-январынан тарта өздөрү өндүргөн товарларын, тагыраак айтканда, жашылча-жемиштерди, кургатылган же кайра иштетилген айыл чарба азыктарын, текстиль, кийиз, териден жасалган буюмдарды жана башка алты миңден ашуун товарларын биримдикке мүчө өлкөлөргө эч кандай төлөмдөрсүз сата алышат. Ал эми Евробиримдиктен Кыргызстанга алып келинген товарларга мурдагы келишимдер боюнча бажы төлөмдөрү сакталат.

Берлиндеги "Базар" эл аралык жармаңкесинде коюлган кыргыз товарлары. 2014-жыл

Берлиндеги "Базар" эл аралык жармаңкесинде коюлган кыргыз товарлары. 2014-жыл

Бирок бул артыкчылыктан пайдалануунун да талаптары бар. Яап Оранын айтуусунда, мындай талаптар өзгөчө азык-түлүк товарларына коюлат:

- Кыргызстандык ишканалар өздөрүнүн өнүмдөрү бардык талаптарга жооп бергидей кылып, аракеттенүүсү керек. Ар кандай товардын ар бирине жараша түрдүү талаптары болот. Эгер ишкерлер өнүмдөрүн Евробиримдиктин аймагына сатууга кызыкдар болсо, бизге кайрылса болот. Биз аларга кененирээк маалымат берип, бул артыкчылыктан кантип пайдалануу тууралуу айтып беребиз.

Шапкени көккө ыргытууга али эрте...

Ушул тапта деле Евробиримдикке өндүргөн өнүмдөрүн сатып келе жаткан кыргызстандык ишканалар бар, бирок алар саналуу гана. Анткени Евробиримдикке экспорттолуучу товарлар эл аралык стандарттагы бир катар сапат сертификаттарына ээ болууга тийиш. Ошондуктан, азырынча, Кыргызстан үчүн Евробиримдик дарбазасын ачты, биздин товарлар үчүн 500 миллиондон ашуун керектөөчүлөрү бар рынок пайда болду деп шапкени көккө ыргытып, кубанууга эртелик кылат дешет айрым адистер. Анткени, алдыда сапат стандарты, Евробиримдикке чейин товарды жеткирүү маселеси, баарынан да, алар талап кылган өлчөмдө биз товар өндүрүп жетише алабызбы, мына ушул маселелер турат.

Жергиликтүү ишкер, экономист Бактыбек Турдубаев Евробиримдик Кыргызстанга карай таштаган кадамына өлкө тиешелүү деңгээлде жооп бере алабы деген суроону коет:

ЕАЭБ талаптарына жооп бере албай жатабыз, ал эми Евробиримдиктин талаптары андан бир нече эсе жогору. Бизде европалык стандартка жооп бере ала турган сапатты тастыктоочу лабораториялар жок.

- Евробиримдиктин Кыргызстанга карай таштаган чоң бир кадамы болгону кубанычтуу. Бирок биз бул кадамга кандай жооп бере алабыз, мына ушул чоң маселе. ЕАЭБ талаптарына жооп бере албай жатабыз, ал эми Евробиримдиктин талаптары андан бир нече эсе жогору. Ошондуктан, азырынча кубанууга эрте. Бизде европалык стандартка жооп бере ала турган сапатты тастыктоочу лабораториялар жок. Экинчиден, Евробиримдиктин базарына товарларды жеткирүү маселеси турат. Бизде болгону темир жол, кара жол жана аба жолдору гана бар. Аба жолу өтө кымбат, ал эми темир жол, кара жол менен өзүбүз мүчө болгон ЕАЭБ аймагы аркылуу алып өтө алабызбы? Бул маселе да бар. Каалообуз болгону менен мүмкүнчүлүк жок деген сөз.

ИСО жана ХАССП

Баткендик ишкер, “Баткендин байлыгы” ишканасынын жетекчиси Чолпон Асыранкулова Орусия, Казакстанга кургатылган өрүк, күрүч сатып келет. Ал бир нече жолу Евробиримдик аймагына да товарларын чыгарууга аракет кылган:

Кыргыз балы

Кыргыз балы

- Биз аракет кылдык, бирок, Евробиримдиктин базарына чыгуу үчүн биздин товар эл аралык маанидеги ИСО, ХАССП стандарттарына дал келүүгө тийиш. Алардын талаптарына азырынча биз жооп бере албайбыз. Анткени, бул өтө кымбат, көп каражатты талап кылат. Ошондуктан, кире элекпиз. Дагы бир маселе: Евробиримдиктин базарына кирген соң, ал жактагы өнөктөштөргө товарды тиешелүү көлөмдө, тийиштүү күнгө жеткирип берүү милдети бар. Тилекке каршы, бизде көп учурда керектүү көлөмдөгү товарды белгилүү бир мөөнөткө даярдап берүү да ишке ашпай калат. Мисалы, Баткенде өрүк бир жылы болот, бир жылы болбой калат.

Евробиримдиктин талаптары боюнча, биримдиктин аймагына алып кирилүүчү өнүмдөр эл аралык стандарт уюмунун (ИСО) сертификатына ээ болууга тийиш. Ал эми дагы бир көзөмөл сертификаты ХАССП азык-түлүктөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөөчү атайын өнүккөн өлкөлөрдүн талабы менен киргизилген система. Бул системанын талабы боюнча, өндүрүшчү өзүнүн азыгынын гана сапатын көзөмөлдөбөстөн, ал товар чыгарып жаткан сырьенун да сапатын текшерүүгө тийиш. Мындан тышкары ХАССП системасы өзү чыгарган товардын сатылуу процессинин да жогорку сапатта болуусун көзөмөлгө алуусун талап кылат.

Аткарылчу иштер арбын

Кыргызстан өзүн эл аралык коомчулуктун алдында экологиялык жактан таза, органикалык өнүмдөрдүн өлкөсү деп тааныштырууга аракет кылып келет. Ошондуктан, Евробиримдиктин базарына мына ушундай товарлар менен кирүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк экенин эксперттер да белгилешет. Бирок ошол өнүмдөр жогоруда сөз кылынган ИСО, ХАССП стандарттарына жооп береби, бул өзүнчө сөз.

Ал эми Евробиримдик берген артыкчылыкты тиешелүү деңгээлде, ишкерлер үчүн, өлкөнүн экономикасы үчүн пайдалуу кылып колдонуу, ага байланыштуу кадамдарды таштоо боюнча кандай аракеттер көрүлөрү тууралуу азырынча өкмөттөн маалымат жок. Февраль айынын аягында Евробиримдик менен Брюсселде эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча күтүлүп жаткан жолугушууда бул маселе да талкууга алынмакчы.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG