Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:17

Атамекендик өндүрүштүн өксүгү


“Кыргыздыкын сатып алып, Кыргызстанга инвестиция жаса!” деген ураан алдындагы эмгек парады. 1-май, 2016-жыл

“Кыргыздыкын сатып алып, Кыргызстанга инвестиция жаса!” деген ураан алдындагы эмгек парады. 1-май, 2016-жыл

Кыргызстандагы товар өндүрүүчүлөр 1-майда эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата “Кыргыздыкын сатып алып, Кыргызстанга инвестиция жаса!” деген ураан менен эмгек парадына чыгышып, өз товарларынын көргөзмөсүн өткөрүштү.

Параддын максаты атамекендик товар өндүрүүчүлөрдүн бири-бири менен өз ара таанышуусуна шарт түзүп, продукциясын элге жайылтуу болду. Кыргызстандыктар өндүргөн товар чет өлкөлөргө экспорттоого жарайбы же жергиликтүү талаптан ашпайбы? Товар өндүрүүчүлөр алган багыт кандай жана аларга суроо-талап барбы? Өндүрүшчүлөр коом менен өкмөттүн колдоосуна муктажбы?

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусуна жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана экспортту өнүктүрүү коомдук фондусунун жетекчиси Бакыт Дегенбаев, “Аю” холдингинин вице-президенти Балбак Түлөбаев жана “Русланова айым” мода үйүнүн директору Махабат Саманчиева катышты.

“Азаттык”: Бакыт мырза, 1-майда парад менен көргөзмөнү өндүрүүчүлөрдүн духун көтөрүп, элде ишенимди пайда кылуу максаты менен уюштурдуңар да. Максат орундалдыбы? Андан кийин жаңы кандай максаттар пайда болду?

Бакыт Дегенбаев: Биз патриоттук духту жогорулатуу жана өндүрүшчүлөр менен кардарды бириктирүү жана өндүрүшчүлөрдүн үнүн жалпы коомго угузуу максатын алдыга койдук эле. Ага биз жеттик. Эми алдыбызга ушундай иш-чараларды жалгыз эле Бишкекте эмес, бардык региондорго өткөрүү максатын алдыга койдук.

“Азаттык”: Балбак мырза, "Аю" холдинги десе эле элдин көбү арак менен пивону чыгарган компания деп билишет эмеспи. Башка кандай товарларды, канча түрүн көргөзмөгө алып чыкты? Аларды элдин кабыл алышы, баалашы кандай болду?

Балбак Түлөбаев: “Аю” холдинги 1-майда көргөзмөгө өз товарынын бир гана тамчысын койду. Холдингдин Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде 40тан ашык ишканасы бар. Азыр Кыргызстандын ичинде арак жана спирт ичимдерин чыгаруучу чарбасынан тышкары ар түрдүү продукцияларды чыгарган 34 чарбасы бар. Муну элибиз билиши керек, демек Кыргызстанда өндүрүш бар. Анткени, “Аю” эле 15ке жакын өлкөгө продукциясын экспорттойт. Ошолордун ичинде Орусия, Кытай, Түркия, АКШ, Вьетнам, Европадагы жана кошуна өлкөлөр бар. Биз өз продукциябызды чет өлкөгө чыгарып, кыргыз өндүрүшүн таанытып жатабыз.

Бизде өндүрүш жок деген туура эмес, экспорттолуп жаткан товарлар көп. Экспорт деген каалаган продукцияны каалагандай эле чыгара берүү дегенди түшүндүрбөйт, анын көптөгөн талаптары бар. Улуттар аралык стандарттарга туура келтириш керек, демек Кыргызстан дагы эл аралык стандартка ылайык товар чыгарып жатат деп таанылып, ишеним жаратып жатат.

“Азаттык”: Махабат айым, сиз кыргыз элинин улуттук кийимдерин азыркы учурга ылайыктап тиккен өзгөчө ыкмасы бар дизайнерсиз да. Ошентсе да көргөзмөдөн башка тикмечилерден кандай жаңылыктарды таптыңыз?

Махабат Саманчиева: Биздин башкалардын өзгөчөлөнгөн жагыбыз - бул биздин тигүү тармагынын өнүккөнү болду. Ошолордун катарында биздин мода үйүбүз кыргыздын илгертен келаткан кийимдерди азыркы учурга ылайыктап тигип жатабыз. Анын бири - белдемчи жана куржун. Аларды биз жаштар кие тургандай кылып тигип жатабыз. Өз кийимдерибизди жакында эле Түркияга жана Индияга барып, эл аралык көргөзмөгө катышып келдик.

“Азаттык”: Бакыт мырза, Кыргызстанды өзүнүн кендерден башка табигый ресурсу жок өлкө деп санашат эмеспи, бирок билим жана өнөр менен башка өлкөлөргө теңелүүгө чамабыз жетчүдөйбү? Мисалы, “Топоз” деген тракторду жасаган Улан Адамалиев деген жигит 50 трактор жасап, 12син саттым деп жатат. Анын өндүрүшү бара-бара тракторго муктаждыкты жоёт деп ишене алабызбы?

Бакыт Дегенбаев: Сөзсүз жоёт, ишеним бар. Өнүгүүнү заман өзү талап кылат экен, бир гана иштесек колдон келет. Бизде айына 1000 тракторго талап бар. Агроресурс бар, бизди кичине жана кедей өлкө дегендерди жактыра бербейм. Бизде адам ресурсун топтоп, технологияны үйрөтүп жана тарбиялаш керек. Анткени, өнүккөн өлкөлөр менен компаниялар колдонгон технологиясын бизге бербейт, саткысы да келбейт, аларды биз өзүбүз кыдырып үйрөнүшүбүз керек. Биздин алдыда жок дегенде өнүккөн 50 мамлекеттин катарына кире тургандай дараметибиз бар. Колдон келет, билим жана аракет жагынан да чамабыз жетет.

“Азаттык”: Балбак мырза, “Аю” холдинги кандай товарларды кайсы өлкөлөргө экспорттоп жатат? Анын жылына көлөмү канча болуп жатат? Чет жердеги конкуренцияга туруштук берип жатабы?

Балбак Түлөбаев: Туура, конкуренцияга туруштук бериш үчүн бизге адистер керек болуп жатат. Мисалы, азыр микробиолог абдан керек, таппай жатабыз. Ошон үчүн жаштар технология, машина курууга окушу керек. Аларды биз Түркия, Украина, Орусиядан чакырып жатабыз. Ал эми продукциябызды Орусия менен Түркияга жиберип жатабыз. Аларга пахта жөнөтүп жатабыз.

Токмокто Орусиянын “Неприк” деген ири ишканасы менен биргелешкен ишкана түздүк. Ал жерде 10 000 баш уй багабыз. Эми алардын этин жакынкы алты айдын ичинде Орусияга жөнөтө баштайбыз, келишимди түздүк. Кудай буюрса, бир жылдын ичинде Орусиянын рыногун биздин эт басат. Андан тышкары Вьетнамга, Казакстанга, Түркияга ичимдиктер экспорттолуп жатат. Түркия ичимдиктерди киргизүү үчүн 8 ай текшерди.

“Азаттык”: Махабат айым, бизде дизайнер тикмечилер модалуу кийимдерди кымбат баага тигишет, демек аны атайын буйрук берип тиктиргендер гана кие алышат. Каражаты чамалуу аялдарга ылайыкталган кийимдерди сериялап чыгарып сатуу мүмкүнбү? Же бул сиздей ишкерлерге пайдасыз болуп калабы?

Махабат Саманчиева: Жаштар кийсин деп тиккен кийимдердин баасы студенттерге, мугалимдерге ылайык төмөн коюлган.

“Азаттык”: Бакыт мырза, Кыргызстанда айыл чарбасына керектүү шаймандар абдан жетишсиз. Тоолуу жерлерде чөп чабуучу, картошка же башка өсүмдүктөрдү казуучу, жашылча-жемиштерди жыйноочу шаймандарды чыгарууга мүмкүнчүлүк барбы?

Бакыт Дегенбаев: Мүмкүнчүлүк болуш үчүн рыноктун көлөмү чоң болуш керек. Жогорку функциялуу техниканы колдонуу өзүн-өзү актабай калат. Ошон үчүн айыл чарбасын өнүктүрүүнүн философиясын алмаштырыш керек. Мисалы, кайтарым болуш үчүн бир өсүмдүктү жок дегенде 10 гектар жерге айдаш керек.

“Азаттык”: Балбак мырза, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин сыртка товар чыгарып сатуу көлөмү азайды деген маалымат бар экендиги белгилүү. Алар реэкспорт болсо керек. Ал эми ата мекендик өндүрүүчүлөр жартакан товарлардын сатылышы кандай болуп жатат?

Балбак Түлөбаев: Бул жерде биз эл аралык стандарттын талабына жооп берген продукцияны даярдоону үйрөнүшүбүз керек эле. Мисалы, касапкана иштетиш үчүн эле 100 түрдүү талапты аткарышыбыз керек. Анткен менен биз продукцияларыбыздын тазалыгы менен жеңебиз. Ал эми Евразиялык экономикалык биримдикке бир аз эрте кирип алып, эми даярдыкка убакытты коротуп жатабыз. Өндүрүшчүлөр бир гана өздөрүн ойлобой, эң биринчи мамлекеттин кызыкчылыгын ойлошу керек. Ошон үчүн элден ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоону суранабыз. Бири-бирибизди буттан тарпай турсак, өнүгөбүз. Эгер биздин рынокту өзүбүз ээлей албай калсак башкалар ээлеп алат.

“Азаттык”: Бакыт мырза, атамекендик өндүрүүчүлөр коом тарабынан жана өкмөт тарабынан кандай жардамга муктаж? Ишкерликти өнүктүрүүгө тоскоол болгон кандай кемчиликтер бар?

Бакыт Дегенбаев: Эң ириде биздин эл өзүбүз чыгарган товарларды сатып алышы керек. Болбосо акчанын баары сыртка чыгып кетип, ошол өлкөнүн экономикасынөнүктүрүүгө жардам берип калабыз. Өткөн 25 жылдын ичинде Кытай, Туркия жана Иранды өнүктүрүп келдик, эми болду өзүбүздү өстүрүшүбүз керек. Дүйнөдөгү бир дагы өлкө Кыргызстан өнүгүп кетсин деп ылым санабайт, биздин келечек өзүбүздүн гана колубузда!

“Азаттык”: Балбак мырза, жакынкы жылдарда Кыргызстанда “Аюдай” ири холдингдердин көбүрөөк пайда болушуна шарт барбы? Эгер жок болсо эмне үчүн?

Балбак Түлөбаев: Коңшу өлкөлөрдө миллиардерлер бар, а бизде барбы же жокпу билбейм, көрө албайбыз. Биз миллиардерлерди өстүрүүгө убакыт жетти. Ага шарт бар, бирок бири-бирибизди буттан тартпай колдошубуз керек. Өзүбүздү өзүбүз гана колдоп турсак холдингдер пайда болушуна шарт бар.

“Азаттык”: Жыйынтыктап айтканда, атамекендик өндүрүүчүлөрдүн аракетин көтөрүү үчүн ишкерлердин ич ара бири-бирин колдоосу жана өз алдынчалыкка умтулуусу жакшы өбөлгө болот деген ойдобуз. Ал үчүн сиздей ишкерлердин Кыргызстан үчүн атуулдук жоопкерчилиги менен өз эли үчүн күйгөн аракети арта беришине тилектешпиз!

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG