Линктер

Учурда Кыргызстандагы айрым коммерциялык банктар чыгашаларын азайтып, оптималдаштырууга өтүүдө.

Буга Улуттук банк тарабынан доллардан баш тартуу системасынын киргизилүүсү негизги себеп катары айтылганы менен, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийинки ишкерлик чөйрөдөгү жана айыл чарбасындагы кризис таасирин тийгизип жатканы ачыкка чыгууда.

Филиалдар жабылып, кызматкерлер кыскарууда

Кыргызстандагы коммерциялык банктар жыл башынан бери бир катар кыйынчылыктарды башынан кечирип жатканы айтылып келет. Банктардын жетекчиликтери бул тууралуу ачык айтууну жактыра бербегени менен, иш жүзүндө айрым банктардын филиалдарынын жабылышы, кызматкерлердин кыскарышы жана ар кандай чыгашалардын азаюусу банк тармагында кыйынчылыктар бар экенинен кабар берип турат. Мисалы, “ФинансКредитБанк” кризиске каршы чаралардын алкагында жыл башынан бери төрт сактык кассасын жаап, алты кызматкерин кыскарткан. Негизинен сырттан которулган акчалар менен иштеген дагы бир банк өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы эки-үч филиалын жапканы айтылууда. Атын атоону каалабаган бул банктан алынган маалымат боюнча, акыркы эки жылда сырттан которулган акчанын азаюусу, орус рублинин сом менен айырмасынын дээрлик жоктугу банк кирешесинин кыскарышына алып келген. Улуттук банктын маалыматы боюнча, жыл башынан бери сырттан которулган акчанын көлөмү мурунку жылдагы беш айга салыштырмалуу 30% азайган.

Кыргызстандагы коммерциялык банктар бирикмесинин башчысы Анвар Абдраев бул убактылуу гана көрүнүш деп эсептейт. Бирок ошол эле учурда банктар утурумдук кыйынчылыктарга кептелип жатышына өлкөдөгү чакан жана орто бизнес тартып жаткан каатчылык, Улуттук банктын жыл башынан берки доллардан көз карандылыкты азайтуу максатындагы айрым чечимдери таасирин тийгизип жаткандыгын жашырган жок:

- Банк секторундагы кризис деген качан банк тармагы өзүнүн кардарлар алдындагы милдеттерин аткара албай калган учурда болот. Тагыраак айтканда, эсептерди тейлей албай, которулган акчаларды бере албай, банк эсебине салынган аманат акчаларды кайтара албай калган учурларда болот. Мындай көрүнүш азыр жок, ошондуктан, банк тармагы каатчылыкка кептелди деп айтууга болбойт. Бирок, банк деле башка бизнес сыяктуу эле акчадан акча жасаган тармак экенин эске алсак, аларда деле киреше, чыгаша дегендер болот. Мисалы, насыя портфелдеринин азайышы, депозиттик базанын төмөндөшү байкалат. Бул өлкөдөгү курулуш, өндүрүш тармактары тартып жаткан кыйынчылыктарга байланыштуу.

Доллардан баш тартуу саясаты, ЕАЭБ...

Айрым маалыматтар боюнча, 2016-жылы коммерциялык банктардын насыя берүүсү былтыркыга караганда кыйла төмөндөдү. Финансисттер муну эң ириде коммерциялык банктарга элге ипотекалык жана керектөөчү насыяларды доллар менен берүүгө тыюу салынуусуна байланыштырышат. Белгилүү болгондой, 28-февралдан бери коммерциялык банктар элге доллар менен керектөөчү жана ипотекалык насыяларды берүүгө укуксуз болуп калышты. Каржы эксперти Уланбек Кыдыралиевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, банк сектору тартып жаткан азыркы кыйынчылыктар ошого байланыштуу болууда:

- Керектөөчү насыяларды доллар менен берүүгө мыйзам менен тыюу салынды. Улуттук банк муну менен коммерциялык банктарды доллар менен иштөөнү бир аз азайткыла деп атат. Анткени, мурда валюта тобокелчилигинен чочулап, банктар улуттук валюта менен насыя берүүнү токтотуп коюшканы белгилүү. Мындан карапайым эл жабыркаган. Өлкөнүн экономикасына да пайдасы жок болчу. Эми азыр банктар тартып жаткан кыйынчылык утурумдук, бир нукка түшкөнчө мындай көрүнүш мыйзам ченемдүү.

Өткөн жылы АКШ долларынын курсу тездик менен өсүп отуруп, 55 сомдон 75 сомго чейин чыгып кеткени белгилүү. Ал мезгилде банктардан доллар менен насыя алгандар бир топ кыйынчылык тартышты. Кийинчерээк Улуттук банк өзүнүн кепилдиги менен коммерциялык банктарды көндүрүп, доллар менен алынган керектөөчү жана ипотекалык насыяларды сомго айландырган. Айрым пикирлер боюнча, учурда эл өзү да доллар менен насыя алуудан чочулап турат. Дегеле, мурдагыдай насыя алуу жок, керектөөчү жана ипотекалык гана эмес, өндүрүшкө жана бизнеске да насыя алуу оор болуп калганын ишкер Жылдызбек Базарбаев белгилейт. Анын айтуусунда, бул эң ириде өлкөдөгү бизнес чөйрөсү тартып жаткан кыйынчылыктарга байланыштуу:

- Чакан жана орто бизнес - экономикадагы индикатор экенин эске алсак, учурда бул тармак оор мезгилди башынан өткөрүүдө. ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийин, Орусия, Казакстандагы экономикалык кризистин эпкини бизге да тийип жатат. Казакстан, Орусиянын акчасы алсызданышы менен Кыргызстандагы жергиликтүү өндүрүш камсыздап келген товарлардын ордун ал жактан келген арзан товарлар ээлеп жатат. Бул биздин өзүбүздүн өндүрүшкө, ишкерликке терс таасирин тийгизүүдө. Өткөн жылдан бери кээ бир чакан ишканалар ишин токтотуп, жабылууга аргасыз болушту.

Банктарга ишеним азайган жок

Кыргызстанда 24 коммерциялык банк бар. Улуттук банктын маалыматы боюнча, коммерциялык банктардын депозиттик базасы жыл башында төмөндөп барып, кайрадан калыбына келе баштады. Мисалы, 31-марттагы маалымат боюнча, коммерциялык банктардын депозиттик базасы 94 млрд. сомго түшкөн, учурда 100 млрд. сомдун айланасында. Кыргызстандагы коммерциялык банктар бирикмесинин башчысы Анвар Абдраев коммерциялык банктарга элдин, бизнес чөйрөсүнүн ишеними артып жатканын бекемдейт. Анын айтуусунда, буга Кыргызстан-Орусия өнүктүрүү фондунун коммерциялык банктар аркылуу элге насыя берүүсү мисал боло алат:

- Азыр алты банк Орусия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду менен келишим түзүп иштеп жатышат. Биздин божомолдор боюнча, жакынкы келечекте Кыргызстандагы коммерциялык банктардын 50% ашууну бул фонд менен иштеше алышат.

Ушул тапта Кыргызстандагы коммерциялык банктар 12-18% үстөк менен доллар түрүндө, ал эми улуттук валюта менен 19-23% үстөктүн айланасында насыя берип жатышат. Коммерциялык банктардын көпчүлүгүнүн негизги инвесторлору чет мамлекеттерде, ал жактан доллар менен алынган ресурсту кайра долларлай кайтаруу үчүн банктагы акча-насыя операциялары доллар менен жүргөнү банктар үчүн пайдалуу. Ушундан улам, Улуттук банктын долларга көз карандысыздыкты камсыздоо үчүн керектөөчү жана ипотекалык насыяларды доллар менен бербөө, доллар менен берилүүчү насыянын чыгашаларды жана жоготууларды жабуучу резервинин пайызын мурдагы эки пайыздан беш пайызга чейин көтөрүп койгону банк тармагынын кирешесинин азаюусуна алып келүүдө.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG