Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Кыргызстан соңку үч жылдан бери балыкчылыкты жандантууга аракет жасап, Ысык-Көлдөгү айрым балык чарбалары ирдене баштады.

Жармакташып иштеш үчүн жер-жерлерде балык баккандар ассоциациялары түзүлдү. Ысык-Көл менен Соң-Көлдөгү балыктарды кеңири илимий изилдөө башталды. Илимдер академиясында атайын лаборатория ачылды. Бул иштерге Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба программасы (ФАО) ар тараптан көмөк көрсөтүүдө.

Балык чарбалары ирдене баштады

“Каракол балыгы” ишканасы соңку үч жылдан бери жандана баштаган ондогон балык чарбалардын бири. Ээси Эсен Аламановдун айтымында, 75 гектарды ээлеген жерде 16 көлмө бар, бирок азырынча төртөө гана иштейт:

- Көлмөбүздө азыр үч түрдүү балык бар: карп, амур жана ак мурун макоо балык (толстолоб). Жазында балыктарыбыз биринчи жолу төлдөдү. Андан сырткары эне балыктарды да топтоп жатабыз. Чарбанын эң негизги өндүрүүчүсү ушул эне балыктар болот да. Көлмөбүз жетиштүү. Эне балыктарыбыз көп болсо жетиштүү урук алып, өстүрүп, бүт чарбаларга таратат элек. Жасалма жол менен көбөйтүп коё берүүнүн натыйжалуулугу жогору. Жөн шартта урук таштагандан кийин 3, 5 пайыза гана балык жашап кетсе, а биз өстүрүп коё бергенде бул көрсөткүч 80-90 пайызга чейин барат.

Ысык-Көлдөгү балык чарбачылыгынан сүрөт баян


Аздыр-көптүр ирдене баштаган бул чарбанын инкубациялык цехи да бар экен. Анда негизинен Соң-Көл менен Ысык-Көлдүн балыктары төлдөтүлөт:

- Ноябрь айында Соң-Көлгө биздин адистер барып, атайын термос идишке икраларды алып келет. Алар бул жактагы инкубациялык цехте кармалып, 90-100 күндүн ичинде икрадан балык болуп чыгат. Аны эки ай багабыз. Анан Соң-Көлдөгү балык чарбанын жетекчилери, балык департаменттин өкүлдөрү келип жел толтурулган атайын баштыктарга салып барып, кайра Соң-Көлгө коё беришет. Бул Соң-Көл май канаты (сига) менен Соң-Көл момун балыгы (пеледь). Ысык-Көлдө болсо Ысык-Көл жилингир (форель) менен май канат (сига) багабыз. Мурдагы жылдары долбоор менен иштеп көк чаар (осман), сары боор (маринка) жана майда балыктарды (чебачок) бактык.

Советтер союузунун тушунда “Каракол балыгы” чарбасы турган жерде форелдин төрт миллион икрасы багылып, жылына 500 тонна балык алынып турган.

Элибизди өзүбүз өндүргөн тамак-аш менен камсыз кылуу биринчи орунда турат. Соңку учурда деффект менен төрөлгөн балдар көбөйдү. Азыр биз жеп аткан тамак-аштын 50 пайызы Кытайдан келген. Мына балык Кытайдан келген тоокту алмаштыра турган азык болуп эсептелет.

Ак-Суу районунун тургуну Жылкайдар Жазыкбеков "Белорыбица" ишканасын ачып, көлмө куруп жаңы эле балык өстүрө баштады. БУУнун айыл чарба жана азык-түлүк уюмунан балыктын чабагын алып, жалпысынан 2 миллион сомго жакын акча жумшаган:

- Бул жөн эле агып турган суу болчу. Кара-Суу барып Ысык-Көлгө куят. Өкмөттүн 10 пайыз менен берген насыясын да алдык. Анан ФАО болсо болжол менен 2,8 миңдей чабак берди. Кирешени эми буюрса эмдиги жылы алам го деп ойлоп атам. Буюрса 1-1,5 килограмм болуп калат. 20-30 граммдык малекторду салганбыз. Эми мал бакканга караганда кирешеси да жакшыраак окшойт. Түйшүгү эми бар, бирок малга караганда жеңил. Эми кышында көлмө тоңуп калса балыкка аба жетпей өлүп калышы мүмкүн. Жогору жактан чоңураак суу келип калса тосмобузду жууп кетиши ыктымал.

Түп районунда 30га жакын көлмө бар. Ошонун ичинен учурда 10 чактысында гана балык өстүрүлөт. Азыр алардын баары “Көлдүн төрү” деген ассоцицияга бириккен. Ассоциациянын жетекчиси Асан Жапаев жармакташып иштеген жакшы болот дейт:

- Чүйдөн чабак алып келиш үчүн мен бир унаа айдап барам, дагы бирөө дагы унаа айдап барат, кыскасы чыгым көп болот. Азыр болсо уюшуп алабыз, бир машина жалдайбыз, бирден өкүл кошулат. Алып келип туруп бөлүп алабыз. Биз мына эми эми көлмө салганды үйрөнүп келатабыз. Мисалы мен деле мурун башкача салгам, быйыл оңдоп, тетигил көлмөнүн ылдый жагын түшүрүп, суу түшкөндөй кылып, бардыгын оңдош керек экен. Чабактарды толук жеткизе албай жатабыз. Чүйдөн алып келгиче абдан кымбат болуп калып, фермерлердин шарты жетпей жатат. Былтыр ФАО жардам берип, он көлмөнү иштетип алдык.

Абдрахман Аблабеков да Түптө балык чарба кармайт. Анын айтымында, жакындан бери балыктарга жем чыгарыла баштады:

- Курамында тартылган арпа-буудай, малдын каны бар. Эки-үч күндө бир даярдап турабыз. Азыркы жайкы сезондо балыктарга төрт жолу тамак бериш керек. Эгиндерибизди чаба элекпиз, эми жакында башталат. Жемге чөп да кошулат, кара беде деп коёт ко, ошондой жем даярдайбыз, аны да майдалап, кан кошуп ушундай жем кылып алабыз. Ак амур, карп, сазан деген балыктар чөп жейт. Биз мал союлган жерден кан алганда текшерип алабыз, болбосо балыктарыбызды оорутуп алабыз да.

Түп районунун акими Ишен Кожалиев жергиликтүү бийлик балык чарбаларын колдоп жатканын кеп кылууда:

- Ким, кайсы фермер көлмө алып балык өстүрөм десе толук шарт түзүп берип жатабыз. Керектүү документтерди эч кандай проблемасы жок даярдап берип жатабыз. Бул биз үчүн, биздин калк үчүн өтө керектүү программа. Анткени элибизди өзүбүз өндүргөн тамак-аш менен камсыз кылуу биринчи орунда турат. Соңку учурда деффект менен төрөлгөн балдар көбөйдү. Азыр биз жеп аткан тамак-аштын 50 пайызы Кытайдан келген. Мына балык Кытайдан келген тоокту алмаштыра турган азык болуп эсептелет. Балык организм үчүн өтө пайдалуу. Биз алгач өстүргөндү үйрөтсөк, анан экинчи этапта балыктан кандай тамактарды жасаса болоорун айтып түшүндүрөлү деп жатабыз.


Ысык-Көл, Нарын облусу, Чүйдүн Кемин районунда жадпысынан 1 миллионго жакын адам жашайт. Ошолордун 1 эле пайызы балык өстүрүү менен алектенсе эле канча пайда. Балык - бул баалуу азык да.
Курманбек Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы балык чарбанын ээси. Ал билим, тажрыйба жактан аксап жатканын айтат:

- Мен билгенден баары эле биринен бири көрүп келип эле балык багып атат. Анан өкмөт быйыл Иштерман жылы деп атпайбы, ишкерлерге жардам берип, балык багуу тууралуу китепчелерди чыгарса жакшы болот эле. Мисалы куб метр сууга канча балык багылат, жем берген кандай болот деген кеңештер болсо жакшы болот эле. Жилингир (форель) бул өтө экилүү балык болот экен. Температурага жараша жем жеп турушу керек экен да. Биз ошону да билбейбиз. Мен үч айдан бери багып атам. Таңкы саат бештен баштап кечке чейин беш маал жем берем. Муну баладай эле караш керек экен. Ооруп калат, куйругу кыйшайып калат, жонундагы эти түшүп калат. Бизде балык боюнча адистер, ихтиологдор аз экен да.

Балыкчыдагы "Ынтымак" акционердик коому Тоңдогу балыкчылар ассоциациясынын мүчөсү болду. Кыям, шире, шербет жана Бишкек менен Чүйдөгү шарап заводдорго сырье даярдап келген бул ишкана эми калдыктардан балыкка тоют даярдап бергени жатат.

Кыргызстандын балык чарбасы 1985-1990-жылдары гүлдөгөн. Республикада бир жылда 1,5 миң тонна балык багылган. Азыр болсо 300 тоннанын тегерегинде гана өстүрүлөт.

Ишканын жетекчиси Асан Үсөнбаев балыкчылык боюнча окуу борбор үчүн кеңсе бергени жатканын маалымдады:

- Алманын кабыгын, өрүктүн данегин аралаштырып, балыктын тоютун жасап берели деп жатабыз. Мисалы алманын кабыгы таза эле пектин да. Ал эми өрүктүн данеги май, кабыгы кальций. Андан сырткары окуу борбор ачып, ага кеңсе берели деп жатабыз. Анан Ысык-Көл, Нарын облусу, Чүйдүн Кемин районунда жадпысынан 1 миллионго жакын адам жашайт. Ошолордун 1 эле пайызы балык өстүрүү менен алектенсе эле канча пайда. Балык - бул баалуу азык да.

Ысык-Көл менен Соң-Көлдүн балыгы изилденүүдө

Нурлан Абдыкалыков Улуттук илимдер академиясында Биология-топурак институтунун кызматкери. Анын айтымында, азыр Ысык-Көл менен Соң-Көлдүн балыктарына кеңири илимий изилдөө жүрүп жатат:

- Балыктардын белгилери: узундугу, салмагы, ичиндегилерин алгандан кийинки салмагы ченелет. Ашказанын карап, эмне жегени аныкталат. Андан сырткары балыктын жашы аныкталат. Кармалган балыктардан ушундай көрсөткүчтөр алынгандан кийин аналитикалык талдоо жүрөт. Изилдөө болгон, бирок мындай ири деңгээлде жүргүзүлө элек болчу.

Адистер июнь айында экинчи жолу иликтөөгө чыгышты. Ал эми алгачкысы апрель-май айларында өткөн экен.


Кыргызстандын балык чарбасы 1985-1990-жылдары гүлдөгөн. Республикада бир жылда 1,5 миң тонна балык багылган. Азыр болсо 300 тоннанын тегерегинде гана өстүрүлөт.

Эгемен жылдары балык чарбадагы эки маанилүү жагдайды белгилей кетүүгө болот: балыктар азайып кетти деген себеп менен 2008-жылы Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балык уулоого 5 жылга мораторий киргизилген. Быйыл болсо бул көлдөргө көлмө куруп, жырткыч балыктарды өстүрүүгө мыйзам менен тыюу салынды. Бирок жергиликтүү жана эл аралык эксперттер биринчиден мораторий иликтеп-изилдөө иштери жок эле киргизилип калганын белгилешет. Андан сырктары мораторийдин шарттары жакшы аткарылбаганын, броконьерлер тыйылбаганын айтышат.

Балык чарба департаментинин башчысы Самарбек Күчүков башка тармактардай эле бул тармак да эгемен жылдары кароосуз калып калганын мойнуна алды. Бирок акыркы үч-төрт жылдын ичинде жандана баштады. Азыр болсо улуттук стратегия даярдалды:

- Жакында биз балык чарбасы боюнча улуттук стратегияны өкмөткө сунуштайбыз. Анын негизинде план-программа иштеп чыгабыз. Ал ашып кетсе бир жылдык убакытты камтыйт, бул болсо өз кезегинде кийинки иштерге чоң түрткү болот. Себеби мунун ичинде балык чарбасын бир өңүткө коюп, бир системага салуу, мыйзамдардын камтыбаган жактарын кошумча-алымча киргизүү жана стимулдук жолдорун табуу көрсөтүлгөн.

Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балык уулоого мораторийдин мөөнөтү ушул жылы августта аяктайт. Балык департаменттин башчысы Самарбек Күчүков айыл чарба министри бул мораторийди узартуу керекпи, же жокпу деген маселени чечүү үчүн мекемелер аралык комиссия түзүү, ага өзүн өзү башкаруу органдардын, жергиликтүү тургундардын өкүлдөрүн да кошуу тууралуу өкмөткө сунуш киргизгени жатканын кошумчалады:

- Мораторийдин таасири тууралуу аналитикалык материалдар бар. Бирок анын кийинки тагдырын тактоого аздык кылат. Чоң деңгээлдеги комиссия иштесе, биз бул жааттагы толук маалыматты өкмөткө алып чыкканга мүмкүнчүлүк болот. Анткени өкмөт бир жактуу болбостон жергиликтүү элдин көз карашын, тагдырын эске алышыбыз керек. Анткени бүгүнкү күндө көп сын-пикир айтылып жүрөт. Толук маселени чагылдыруу үчүн саясий дагы, социалдык да баа берилиши керек. Ошондо гана объективдүү болот.

Балыкчылыкты кантип өнүктүрөбүз?

Сунил Сиривордена ФАОнун балык чарбачылыгы жана балыкчылыкты өнүктүрүү долбоорунун эл аралык менеджери. Ал үч жылдан бери чарбаларды иликтеп, жардам берип жүрөт.

Сунил Сиривордена (солдо) үч жылдан бери Кыргызстандагы балык чарбаларын иликтеп, жардам берип жүрөт.

Сунил Сиривордена (солдо) үч жылдан бери Кыргызстандагы балык чарбаларын иликтеп, жардам берип жүрөт.


Ал “Азаттыккка” балык уулоо жана балыкчылык тармагындагы негизги көйгөйлөрдү атап, аларды чечүүнү жолдорун айтып берди:

- Балыкчылык дегенде эки негизги маселе бар. Балык өстүрүү үчүн материалдар тартыш, чабактар жетишпейт. Экинчиден, балыктын тоюту аз. Жетиштүү деңгээлде балык өстүрүү үчүн инкубациялык цехтер, тоют өндүргөн чакан ишканалар керек. Ошондой эле фермерлерди окутуу зарыл. Алыскы аймактарда бардык эле фермелерлер балык өстүрүүнүн технологиясын үйрөнүүгө шарты жок. Ошондуктан биз билимди, тажрыйбаны таратуунун жол-жоболорун табышыбыз керек. Андан сырткары балык чарбачылыгы боюнча адистер, чарбаларды натыйжалуу башкаруу боюнча кадрлар жетишпейт. Балык өстүрүү боюнча жогорку окуу жайларда, балким коллеждерде окуганга, билим алганга шарт түзүп берүү керек. Ал эми балык уулоо тууралуу айта турган болсок, чоң көлдөрдө балыктардын популяциясын көбөйтүү үчүн натыйжалуу башкаруу чараларын киргизүү керек. Мындай башкаруунун жоктугунан Кыргызстанда сейрек кездешчү балыктардын түрү жоголуп барат. Андан сырткары анча чоң эмес табигый көлмөлөргө балык чарбачылыгын ачуу, балык уулоону киргизүү мүмкүнчүлүгү бар. Анда кошумча тоют берүүнүн деле зарылчылыгы жок. Мен атап өткөн башкы тоскоолдуктардын негизинде долбоорлорду иштеп чыкканбыз.

Азыр Кыргызстанда жылына 300 тоннадай гана балык өндүрүлөт. Норма боюнча бир адам жылына 20 килограммга чейин балык жеши керек. Кыргызстанда бул көрсөткүч 1 килограммдан гана кичине ашат.

Эл аралык эксперт Сиривордена балыктын уругунан чабак өстүрүү үчүн инкубациялык цехтерди курууга мамлекет жардам бериши керектигин белгиледи. Андан сырткары бул тармакты тезирээк жандантуу үчүн салык түйшүгүнөн убактылуу кутултууну сунуштады.

- Инкубациялык цехтерди калыбына келтирип, жаңыларын куруу керек. Буга мамлекеттин көңүл бөлүшү өтө маанилүү. Жеке менчик чарбалар балык энелерди кармап турууга мүмкүнчүлүгү жок. Муну мамлекет мойнуна алышы керек. Эгер сапаттуу эне балыктын үйүрү болсо, андан сапаттуу чабактарды өстүрүүгө болот. Ошондой эле салык жактан жеңилдиктер зарыл. Балыктын тоюттарын алып келүүдө мамлекет салыктан бошотсо болот. Мисалы көлмөлөргө кубулжума жилингир (радужная форель) өстүрүлөт. Бул балыктын түрүнө кошумча тоют берүү керек. Антпесе ал чоңойбойт, өспөйт. Бул балыкка фермерлер тоютту чет өлкөдөн сатып келишет. Тоютту алып келүүдө салык салынганы үчүн, жемдин баасы өсөт, мунун негизинде балык да кымбаттайт. Жок дегенде балык чарбаралар ирденип алгыча, мамлекет салыктан убактылуу бошото турса натыйжалуу болмок.

Азыр Кыргызстанда жылына 300 тоннадай гана балык өндүрүлөт. Норма боюнча бир адам жылына 20 килограммга чейин балык жеши керек. Кыргызстанда бул көрсөткүч 1 килограммдан гана кичине ашат. Союздун тушунда гүлдөп өнүккөн, бирок эгемен жылдары дээрлик каралбай калган балык чарбаны ирдентүүгө чамасы мамлекеттен колдоо, убакыт, каражат жана талыкпас мээнет керек окшойт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG