Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:21

“Кыргызалтын” акционердик коомунун башкарма төрагасы, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Оболу “Кыргызалтын” акционердик коому тууралуу учкай маалымат бере кетесизби, эмне болгон коом, эмне менен алектенет?

О. Артыкбаев: “Кыргызалтын” акционердик коому жүз пайыз мамлекетке тиешелүү, мамлекеттик алтын өндүрүү багытында иштеп жаткан ишкана. Курамында эң чоң алтын өндүрүүчү фабрика “Макмал”, ошону менен катар иштеп жаткан өндүрүштүк фабрикалар: Солтон-Сары жана Терек-Сай бар. Андан сырткары “Кыргызалтынга” кирген Кара-Балтадагы алтынды аффинаждоо заводу бар. Бул завод жылына 40 тонна алтынды аффинаж кылганга күчү жетет. Андан сырткары “Кыргыз деңизи” деген Ысык-Көлдөгү пансионаты, алтынды кайра иштетүүчү, алтындан буюмдарды жасоочу цехи бар. Өзүнүн транспорттук багыттагы ишканасы бар. Өтө уникалдуу жакшы компания.

Ошондой эле “Кыргызалтын” компаниясы Кыргызстандын атынан Кумтөрдөгү Центерра Голддогу 33 пайыз акцияны кармап турат жана ошондой эле бир топ ишканалардагы Кыргызстандын үлүшүнүн өкүлү болуп эсептелет.

“Азаттык”: Алтындын наркы күн санап өсүп жаткан чакта өлкөнүн бюджетин алтындын эсебинен кантип көбөйтсө болот? Дегеле Кыргызстанда канча алтын кен бар, бул жаатта мамлекеттин саясаты кандай болушу керек?

О. Артыкбаев: Негизи Кудай бизге алтынды көп берген. Мисалы бизде алтын чыгат деген 2 миңден ашык жер бар. Кыргызстандын бардык аймагынан алтын чыга турган белгилер бар. Алардын баарын кылдат иликтеп такташ керек. Андан сырткары бизде изилденген, такталган алтын кен чыга турган жерлерибиз бар. Мамлекеттин саясаты ушу ортомчу, коммерсант фирмаларга сатпай, атайын алтын өндүрүү боюнча программа кабыл алып, аны сөзсүз түрдө “Кыргызалтын” компаниясынын катышуусунун негизинде ишке ашырып, атактуу, тажрыйбасы чоң дүйнөлүк компанияларды алып келип иштетсе болот. Бул – бир.

Экинчиден, “Кыргызалтын” атайын кредиттерди алуунун негизинде алтындарды чыгаруу, ошону кайта иштетип чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Буга өкмөттөн колдоо болушу керек. Алтынды өндүрүү багыты боюнча “Кыргызалтын” ачыкка чыгып эл аралык биржаларда өзүнүн акциясын иштетип, ошол аркылуу да акчаны таап келип, Кыргызстандын алтын кендерин иштетүү менен мамлекетке чоң пайда келтире турган мүмкүнчүлүгү чоң.

“Азаттык”: Макмал алтын кенинин азыркы чарбасы кандай? Учурда кендин чарбасы өтө бүлүнгөн деп айтышат.

О. Артыкбаев: Макмалда үч күн жүрүп кечээ эле келдим. Макмал – бул Тогуз-Тородо 1986-жылы ишке киргизилген чоң компания. Бул компаниянын мааниси зор. Тилекке каршы азыркы абал өтө начар экен. 100 миллион сом чыгаша менен чыгыптыр. Биздин максат - тез аранын ичинде ошол жердеги башкарууну туура жолго салуу. Азыр өндүрүш багыты боюнча программа түзүп, пайдалуу жагына иштей турган чечкиндүү аракеттерди жасай баштадык.

Бул жерде башкы чоң маселе – алтынды уурдоо. Өзгөчө ошол Макмалда өткөн бийликтин убагында уурдоо иштерине жогорку деңгээлде аралашуу болуп, алтын уурдоо боюнча ушунчалык татаал схема түзүлгөн. Муну сөзсүз түрдө укук коргоо органдарынын түздөн-түз кийлигишүүсү, жардамы аркылуу токтотпосо бул өтө чоң проблема болуп калыптыр.

Жакында эле биз америкалык Холман деген дүйнөлүк деңгээлде иштеп жаткан компания менен уран калдыктарын иликтөө боюнча келишим түздүк. Алтын өндүргөндөн кийин, андан чыккан калдыктардан дагы алтын алса болот. Калдыктын бир тоннасында 0,25 пайыздын тегерегинде алтын калып калат, ошону кайра иштетсек, мисалы ошол эле Макмалдын уран калдыктарынан дагы 5 тонна алтын өндүрүп алганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал үчүн бизге атайын технология керек. Бул технологияларды жанагындай дүйнөлүк компаниялар менен алып келишибиз керек. Ушундай иштерди биз масштабдуу түрдө алып барабыз. Бизге мамлекеттен сөзсүз түрдө колдоо керек.

Буга чейин “Кыргызалтындын” пайдасына эмес көп иштер жүрүптүр. Эгерде иш “Кыргызалтындын” пайдасына жүрсө, компанияда өзүнүн күчү менен кредиттерди алып келүүнүн негизинде алтынды иштетүүчү фабрикаларды куруп, Кыргызстандын бюджетин толтурган, элди колдогон, жалпы экономикага пайдубал боло турган чарбага айланат.

“Азаттык”: Кумтөр алтын кени менен “Кыргызалтындын” байланышын кененирээк айтып бересизби?

О. Артыкбаев: "Кыргызалтын" Кумтөр алтын кенин иштеткен Центеррадагы Кыргызстандын 33 пайыз үлүшүнө ээлик кылып турат. Азыр Центеррадагы акциябыздын баасы 1 миллиард 300-400 миллион доллардын тегерегинде бааланып турат. Азыр алтындын баасы өскөнүнө байланыштуу Центерранын акцияларынын баасы жогорулап жатпайбы. Декабрдын башында биздин акциянын баасы 1 миллиард 700 миллион долларга чейин көтөрүлгөн. Центерранын алдында “Кумтөр Оперейтинг компании” жана “Кумтөр Голд” деген компания иштейт. Мына ошол жерде “Кыргызалтындын” жетекчиси “Кумтөр Голд” компаниясынын башкаруучу жетекчиси болуп эсептелет. Ушулар аркылуу Кыргызстандын атынан биз алардын ишине көзөмөл салып, катышып турабыз.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG