Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

Жерүй кени боюнча конкурс ишке ашпай калды. 100 тоннага жакын алтыны бар кенге ээлик кылуу укугу 300 млн. долларга бааланган эле.

Президент Алмазбек Атамбаев Жерүйгө коюлган баа өтө эле жогору экенин 14-майда дагы бир жолу билдирди. Инвесторлордун келбей калышына 300 млн. доллар эле эмес, кендин айланасындагы сот жаңжалдары да таасир эткени айтылууда.

Инвестор эмне үчүн келбеди?

Жерүй алтын кени боюнча конкурс 5-апрелде жарыяланган. 10-майга чейин кызыккан инвестор өзүнүн сунуштары менен документтерин тапшырыш керек эле. Инвесторлорго коюлган негизги шарттардын бири - 300 млн. доллар төлөө жана соттошуулардан чыга турган чыгымды көтөрүү болгон.

Бирок конкурска бир гана британиялык “Континент финанс” аттуу компания документтерин тапшырган. Конкурстун шарты боюнча кеминде эки инвестор болуш керек. Ошондуктан конкурс болбой калды деп жарыяланды.

Жерүйгө инвестордун келбей калышы ар түрдүү түшүндүрүлүүдө. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 300 млн. долларды инвестор көтөрө албашын буга чейин эле билдирген. 14-майда дагы бир жолу белгиледи:

- Мына охлократтардын жетегинде калып, Жерүйдү 300 млн. долларга койдук. Бул бааны көтөрө албашы алдын-ала белгилүү болчу. Аягында эмне алдык? Биз Жерүйдү иштетүүдө жылды жоготтук. Биз миллиарддаган сомду жоготтук. Ал акча жөлөк пул, жол, мектептерге жумшалмак. Бул ачык зыянкечтик. Муну токтотуш керек.

Алмазбек Атамбаев мыйзам бузууларга баргандарды жоопкерчиликке тартуу талабын койду.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Жерүй адегенде 100 млн. долларга бааланып, андан кийин 300 млн. долларга көтөрүлүшүн мындай түшүндүрдү:

- Жерүйдүн айланасы аябай саясатташып кеткендиктен өкмөт ошол 300 млн. долларга макул болду. Кокусунан ошондо мен, өкмөт 300 млн. го макул болбой, эксперттердин сунушу боюнча 150 млн. доллардын тегерегинде койгондо, анда Сатыбалдиевди сатып алды же өзүнүн кызыкчылыгы бар деген кинелерди коёт эле. Ошон үчүн комиссиянын 300 млн. доллар деген чечимине биздин өкмөт, өкмөттүн мүчөлөрү, мен айласыздан макул болдук.

Кенди кыргыз өкмөтү өзү иштете алабы?

Азыркы кезде Жерүй үчүн инвестор эмне үчүн келбей калды деген суроонун тегерегинде түрдүү пикирлер айтылууда. Эксперт Валентин Богдецкий 300 млн. доллардын инвестор үчүн оор болушу себеп болгонун айтса, Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев саясий туруктуулуктун жоктугу инвесторлорду чочутту дейт. Анын айтымында, туруктуулук болгондо 300 млн. долларды көтөрүп кете турган инвесторлор келмек:

- Өлкөбүздө саясий туруктуулуктун жоктугу себеп болду. Депутаттардын тоо өнөр жайына каршы чыгышынын негизинде болду. Эгерде туруктуулук болгондо 300 млн. долларды көтөрүп кетишмек. Андай келебиз деген инвесторлор бар болчу.

Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, эми Жерүйдү иштетүүнү өкмөт өзү колуна алууга тийиш. Мына ошондо жергиликтүү калктын каршылыгы да токтойт. Айтмакчы, 15-майда Жерүйгө жакын Чат-Базар айылында жергиликтүү калк митингге чыгып, кенди иштетүүгө каршылыгын билдирди. Маалыматка караганда, митингиге 100дөй киши катышып, алар 4 боз үй тигишти.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Жерүйдү өкмөттүн өзүнүн иштетүү мүмкүнчүлүгү Кумтөр боюнча сүйлөшүүнүн жыйынтыгына жараша болот деп билдирүүдө. Кыязы, Кумтөр Кыргызстан пайдасына чечилсе, өкмөттүн колунда каражат пайда болуп, ошого жараша Жерүйдү иштетүү үчүн мүмкүнчүлүк пайда болот.

Жерүй алтын кенин иштетүү аракети мурунку президенттер учурунда эле башталган. Апрель ыңкылабына чейин кендин 60% казакстандык “Визор групп” аттуу компанияга таандык болгон. Бирок ал инвестордук милдеттерин аткара албаган үчүн өкмөт сот аркылуу лицезиясын жокко чыгарган. Бирок бул компания кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берип, 400 млн. доллар доо койгон.

Ошондуктан Жерүй боюнча конкурстун ишке ашпай калышына соттошуулар да таасирин тийгизүүдө. Конкурстун шарты боюнча инвестор соттошуудан пайда боло турган чыгашаны да көтөрүш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG