Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:36

Дүйнөдө алтын баасынын мурдагыдан арзандоосу Кумтөр алтын кенин иштеткен “Центерра” компаниясынын акцияларынын да кунун кетирди.

Адистердин айтымында, акциянын нарксыздануусунун глобалдык эле эмес, жергиликтүү да себептери бар.

Алтын өндүрүлгөн кендерден Кыргызстандагы Кумтөрдөн тышкары Монголиядагы Бороо алтын кенине да ээлик кылган “Центерра” (“Centerra Gold”) компаниясынын акцияларынын 33 пайызы белгилүү болгондой, кыргыз өкмөтүнө таандык.

Акциялар Канаданын Торонто шаарындагы биржада соодага коюлган. Дүйнөлүк базарда алтын баасы туу чокусуна жеткен былтыркы жылдын жай-күз айларында компаниянын акцияларынын Кыргызстанга таандык үлүшүнүн акчалай көлөмү 1,5 миллиард доллардан ашкан.

Азыр болсо бул дээрлик 100% арзандап, 760 миллион долларга жетип-жетпей турат. Эгер алтын асмандаган кезде компаниянын акцияларынын бир даанасы 23 доллардан ашса, азыр 10 доллардын тегерегинде.

Тышкы жана ички таасир

“Центерранын” Кыргызстандагы канаты – “Кумтөр оперейтинг компанинин” коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Сергей Дедюхиндин “Азаттыкка” айтканына караганда, акциялар баасынын кескин арзандоосу март айынын ортосунан башталган.

Буга биринчи кезекте дүйнөлүк биржаларда алтын баасынын, ага катар алтын өндүргөн компаниялардын баалуу кагаздарынын арзандоосунун таасири болду. Ал эми акциялардын түшүүсүнө таасир берген ички факторлор катары Дедюхин төмөнкүлөрдү атады:

- Центеранын (“Centerra Gold”) акцияларынын наркына таасир берген экинчи көрсөткүч – 2012-жылга Кумтөр кениндеги өндүрүштүн көрсөткүчтөрүнүн кайра каралуусу болду. Ал жерде муздун жана бош кыртыштын жылуусунан улам планды кайра карап, өндүрүштүк божомолду 18 тоннадан 12 тоннага кыскартууга туура келди. Үчүнчү терс фактор – Кыргызстандагы ишкананын жумушуна таасир берген саясий жагдайлар. Алар да акциялардын наркына жакшы таасирин тийгизген жок.

Кумтөрдүн акцияларынын арзандоосунда дүйнөлүк алтын базардагы азыркы тенденциялардан тышкары Кыргызстандын өзүндөгү көрүнүштөрдүн да таасири бар деген ырастоого “Азаттык” менен маегинде “Кыргызалтындын” төрагасынын тышкы экономикалык байланыштар жана инвестиция боюнча орун басары Тилек Сабыров да кошулду:

- Биздин акцияларды инвесторлор саясий жактан тобокелчилик жогору өлкөлөрдүкү деп эсептейт экен. Улутташтырабыз деген сөздөр айтылып, комиссия артынан комиссия түзүп эле текшерип жатабыз. Депутаттардын бири алышыбыз, экинчиси кетиши керек дешет. Муну баары акырында ушундай жыйынтык берип жатат. “Кыргызалтындын” башкармалыгы, “Центерранын” Директорлор кеңеши акциялар түшпөөсү үчүн аракеттенип жатат. “Центерранын” эң чоң кени Кыргызстанда эле да. Максат – диверсификация кылуу, башка өлкөлөрдөн да кен алып, иштетүү. Алар да (инвесторлор) буга көнүп жатышат. Тобокелчиликтер азайса, акциянын баасы көтөрүлүп турат.

Талаптан сунуш көп

Дүйнөлүк Алтын кеңеш (World Gold Council) уюмунун маалыматына караганда, былтыр дүйнөдө 2700 тонна же мурдагы жылдан 5,5%га көп алтын өндүрүлгөн. Ошол эле учурда алтынга болгон глобалдык суроо-талап жыл ичи 4067 тоннага жеткен.

Алтындын баасы эң жогорку, рекорддук чекке былтыр сентябрда чыгып, бир унцийи 1920 долларга чейин сатылган эле. Азыр болсо бир унций 1570 доллардын тегерегинде бааланууда.

Насыя капиталынын глобалдык базары боюнча адис, учурда Лондондо иштеген Бакыт Азимканов алтын баасынын арзандоосун талапка караганда сунуштун көбөйгөндүгү менен түшүндүрөт:

- Сунуш көп, талап аз болуп жатат. Каржы кризисинен улам кардарлардын сатып алуу кудурети азайды. Алтынды негизинен чоң банктар инвестиция катары алып, сатып турат да. Арзаныраак алып, кымбат сатып пайда көрүшөт. Былтыр тобокелге салып, көп алтын алышып, быйыл күйүп кеткендиктен улам чочуп, аңдып турушат. Алтындын баасы арзандаган сайын аны сатып алууга да каалоо аз болуп турат.

Дүйнөлүк Алтын кеңеши уюмунун эсебине караганда, быйылкы жылдын биринчи чейрегинде дүйнөлүк базарда 1097 тонна алтын сатылган. Бул суроо-талап былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5% төмөндөдү дегенди билдирет. Ошол эле учурда базардагы сунуш да былтыркыдан 5% көп болгон.


"Акча эч убакта уктабайт"

Алтын баасынын жана ага катар Кумтөрдүн акцияларынын арзандашы кыргыз өкмөтүнүн өнүгүү долбоорлорунун аткарылуусун дагы татаалдаштырчудай. Анткени өкмөт түзүүнү көздөп жаткан Өнүгүү банкын каржылоонун бир булагы катары буга чейин “Центеррадагы” активдердин бир бөлүгүн сатуу, же күрөөгө коюп насыя алуу жагы айтылып келген. Бул маселени иликтеп, караштыруу үчүн жумушчу топ да түзүлгөн.

Бирок насыя капиталынын глобалдык базары боюнча адис, учурда Лондондо иштеген Бакыт Азимканов Кумтөрдүн акцияларын пайдаланып калгыдай эң жакшы учур артта калды деп эсептейт:

- Кыргыз өкмөтүндөй болуп, талашып-тартышканча туура учур өтүп кетет. Дүйнөлүк каржы базарларында күтүп олтура берүүгө болот. Ал жерде баалар утур-утур өзгөрүп тургандыктан, туура учурду кармап калуусу керек. Андыктан, чоң өлкөлөрдүн өздөрүнүн талдоочу топтору болот. Алар базарды карап, аңдып турат. Учуру келгенде шарт сатып жиберип, акчаны өндүрүшөт. Америкалык банкирлер айткандай, акча эч убакта уктабайт.

Ал эми “Кыргызалтындын” төрагасынын тышкы экономикалык байланыштар жана инвестиция боюнча орун басары Тилек Сабыровдун пикиринде, Кумтөрдүн акцияларын өнүгүү долбоорлоруна пайдалануу идеясы бери дегенде бир жылга күн тартибинен чыкты:

- Баа түшүп кеткенден кийин азыр сатуу туура эмес. Мүмкүн жарым жылдан кийин. Келерки жылы алтын баасы кайра өсөт деп жатышат. Чет өлкөлөрдө акциясы биржада сатылган компанияны мактап турушат. Биз да ошондой кылуубуз керек. Кетириш керек, жоготуш керек деп айта берсек, булардын баасы түшөт да.

Алтын өндүрүшүнө жана соодасына адистешкен басылмаларда айтылган божомолдого караганда, жыл аягына чейин баа азыркы көрсөткүчтөрдүн тегерегинде сакталат же түшөт. Алтын базары келерки жылга гана барып өсүшү мүмкүн.

Адистердин айтымында, алтын баасы адатта эки учурда өсөт. Биринчиси - зергерчилик өндүрүшүнө суроо-талап күчөгөндө. Экинчиси - дүйнөнүн номер биринчи резервдик валютасы – доллардын куну кетип, инвесторлор акчасын сактоонун аргасын издегенде.

Эл аралык базардагы азыркы кырдаалга дүйнөнүн биринчи экономикасы - Кошмо Штаттардагы жандануу. Экинчи, бирок ыкчам өскөн экономика - Кытайдагы солгундоо да өз таасирин тийгизүүдө.

Анткени Кытай - азыр дүйнөдө зергерчилик, инвестиция жагынан да алтындын эң ири керектөөчүсү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG