Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:23

Таластагы Талды-Булак кенин чалгындап жаткан “Коппер голд” компаниясынын лагери өрттөлүшүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков ой бөлүшөт.

“Азаттык”: Таласта кен чалгындап жаткан “Коппер Голд” компаниясынын лагери быйыл ушуну менен менен экинчи ирээт өрттөлдү. Эмне себептен жергиликтүү эл бул компния менен тил табыша албай жатат?

Равшан Жээнбеков: Мунун терең проблемалары бар. Себеби Акаевдин, Бакиевдин убагындагы бийлигибиз алтын кендерин, байлыктарыбызды жашыруун, коррупциялык жол менен чет элдик инвесторлорго берип келген. Анын артынан биздин элибиз эч кандай пайда көргөн эмес. Ошон үчүн бийликке болгон ишенич толугу менен жоголгон. Ошол убактагы элдин нааразычылыгы бүгүнкү күнгө чейин уланып келатат.

“Азаттык”: Ушундай кол салуулар, өрттөмөйлөр Кыргызстанды жаманатты кылып, беделине доо кетирбейби?

Равшан Жээнбеков: Албетте доо кетирет. Биринчи жолкусу да, экинчи жолу өрттөлүшү да кылмыш болуп эсептелет. Муну жасаган адамдар кимдин гана тууганы болбосун, кайсы гана жерден болбосун жазага тартылышы керек. Ала-Букада да, Нарында да ушундай чатактар бар. Баары мыйзам чегинде жоопко тартылып, түрмөдө отурушу керек.

“Азаттык”: Жергиликтүү эл кенди иштетүү экологияга терс таасирин тийгизет деген жүйөө менен каршы болуп жатканы айтылууда. Бул маселе иликтенди беле?

Равшан Жээнбеков: Мен Жогорку Кеңеште Экономика жана инвестиция комитетинде иштеген депутат катары бир топ изилдөөлөрдү жүргүзүп көрдүм.

Эл аралык, чет өлкөдөн насыя алып жаткан уюмдардын баарынын талаптары бар экен. Алар экологиялык кыйынчылыктарды алып келбегендей кылып ар бир компаниядан кепилдик беришин талап кылат. “Экватория принциби” деген бар, дүйнөлүк каржы корпорациялардын талаптары, стандарттары деген бар. Ага ылайык ушулардын баарында экология жана социалдык жоопкерчилик чет өлкөлүк компаниялардын мойнуна илинет. Эгерде ушуга карай турган болсок, биринчи гарантия эч кандай экологиялык зыян алып келбейт. Эгер зыян келе турган болсо, аны ошол компания чечүүгө милдеттүү.

Экинчи маселе, экологиялык зыянга жол бербөө биздин өкмөттүн, бийлик башында турган адамдардын милдети болушу керек. Алар карашы керек. Жергиликтүү калк эмес, буга мамлекет жооп бериш керек. Ошондуктан бул жалпысынан биздин мамлекетибизге экологиялык кыйынчылык алып келбейт деп айта алам.

“Азаттык”: Сиз кенди иштетүү үчүн лицензия берүүнүн ачык-айкын эместигинен ушундай окуялар чыгып жатканын айттыңыз. Өткөн бийликтин катасы деп белгиледңиз, эми муну жөнгө салса болобу?

Равшан Жээнбеков: Албетте болот. Азыр бул жаатта мен жана дагы бир топ депутаттар иштеп жатабыз. Биздин байлыктарыбызды чет элдик инвесторлорго бергенде ал толугу менен ачык-айкын болушу керек. Ал жерге жергиликтүү бийликтин, жергиликтүү элдин өкүлдөрү катышышы керек. Алар кенди иштетүү кандай шарттарда, кандай акчалар менен, мамлекетке кандай пайдасы менен берилип жатканын ачык билиши керек.

Экинчиси, ошол чет элдик инвесторлор келгенден кийин түшкөн акчаны, продукцияны, алтынбы, күмүшбү, же башка затпы, андан түшкөн каражатты бир эле мамлекеттик бюджетке эмес, жергиликтүү калкка да берип, фонд ачып, эл ошол аркылуу социалдык маселелерин чечкенге мүмкүнчүлүк түзүлгүдөй кылып бөлүп бериш керек.

Мисалы АКШнын, же Монголиянын тажрыйбасын ала турган болсок, алар атайын улутту өнүктүрүү фонддун ачып, ал фондко түшкөн пайданын 2-3 пайызын бөлүп турат. Ал каражатты жергиликтүү калк өздөрүнүн социалдык маселелерине жумшайт. Эгер социалдык маселелеринин баары жайында болсо, ал каражатты жылдын аягында ар бир адамга акчалай түрдө таратып берүү тажрыйбасы бар. Биз дагы ушундай тажрыйбаларды киргизишибиз керек.

“Азаттык”: Учурда жер астындагы кендерди иштетпей, түгөтүп салбай, кийинки муунга сактоо керек деген да пикирлер бар.

Равшан Жээнбеков: Ооба, мындай пикирлер да бар. Бирок биз байлыгыбыздын баарын элибизге кызмат кыла алгыдай иштетишибиз керек. Албетте биринчи кезекте мамлекетке, элге пайдалуу болушу керек. Жанараак айтып кетпедимби, мурда элге эмес, бир үй-бүлөнүн гана кызыкчылыгы үчүн иштегендиктен элдин нааразычылыгы ушул убакка чейин келип жатат.

Экинчи жактан, эгер биз азыркы байлыктарыбызды бүгүн кыйналып жатканда, экономикабыз араң жашап жатканда, жакырчылыктын чегине жетип турганда иштетпесек, анда анын 50-100 жылдан кийин кандай пайдасы бар. 50-100 жылдан кийин жакшы өнүгүү үчүн бүгүн чет элдик инвесторлорду алып келип, элдин кызыкчылыгын бекем коргоп, ошонун арты менен жаңы кадрларды өстүрүп, экономикабызды көтөргөнгө аракет жасашыбыз керек.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG