Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги “адал” белгисиндеги азык-түлүк чыгарууну каалаган ишканаларга бирдиктүү стандарт киргизүүгө каршы.

Министрликтин белгилешинче, мыйзам боюнча стандарттарды колдонуу ыктыярдуу болуп, ишкерлер аны өз каалоосу менен аныктайт.

Ал эми орток стандартты киргизүүнү сунуштагандардын айтымында, бирдиктүү жобо укуктук-ченемдерди аныктап, бул багыттын өнүгүшүнө өбөлгө түзмөк.

Сунушка каршы жүйө

Бишкектеги Ислам борборунун Адал стандарты боюнча техникалык комитети “адал” белгисиндеги азык түлүк үчүн бирдиктүү техникалык талаптарды кабыл алып берүүнү өтүнүп, Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине кайрылган. Бирок министрлик бул сунушка каршылыгын өткөн аптада билдирди.

Аталган министрликтин техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы Бердимамат Адамбаев анын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Буга мамлекет кийлигишпеш керек. Бул ыктыярдуу түрдө жасала турган иш. Мамлекет “сен адал продукция чыгар, ал мындай болуп жасалыш керек” деп талап кыла албайт. Эгер “адал” белгиси менен азык-түлүк чыгаргысы келбесе, анда негизги техникалык эрежелерди, маселен коопсуздук боюнча талаптарды сактап, кадимкидей эле чыгара берсе болот.

Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин билдиришинче, стандарттарды кабыл алуу жана көзөмөлдөө укугу мыйзамдарда өзүн-өзү жөнгө салуу максатында жеке тараптарга берилген. Башкача айтканда, анын жобосун жеке уюмдар, ишкерлер бирлиги же коомдук комитеттер өздөрү иштеп чыгып, азык-түлүк өндүрүүдө колдоно берсе болот. Бердимамат Адамбаев:

- Өндүрүүчүлөр “кандай болгондо азык-түлүк адалга шайкеш болот, биз ошондой шарттагы техникалык документ алсак, аны алуу жагын бекитип берсеңер” деп жатышат. Бул багытка негизи мамлекет кийлигишпеш керек. Биздин максат - бул иштерди Мусулмандар дин башкармалыгы жана ушундай азык-түлүктөрдү чыгарабыз деген ишкерлер бир ассоциацияга биригип, өздөрүн-өздөрү жөнгө салган системаны түзүшсө деп жатабыз.

Бердимамат Адамбаев ошондой эле бул бир жагынан диний маселе болгондуктан, мыйзам боюнча ага мамлекеттин кийлигишүүсү ыксыз болорун кошумчалап, бирок мамлекет зарыл шарттарды түзүүгө кызыкдар экендигин айтты.

Мындан 4 жыл илгери бул министрликтин карамагында атайын адал бөлүмү ачылып, азыр ал адал сектору деп аталат.

Ал эми бирдиктүү стандарттын болушун жактагандардын айтымында, бирдиктүү эреже бул багыттын өнүгүшүнө өбөлгө түзмөк. Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине өтүнүч менен кайрылган Ислам борборунун Адал стандарты техникалык комитетинин башчысы Камчыбек Өмүрзаков:

- Адегенде мыйзамдык, укуктук-ченемдер иштелип чыгышы керек. Биз бирдей стандарт боюнча күбөлүк киргизейин деп сунуштап жатсак, Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги каршы чыгып жатат. Адал өндүрүшү - бул акча. Бирок бул азырынча анын бизде иштеши такыр мүмкүн эмес. Бул ишти жүргүзүүгө Кыргызстан азыр даяр болбой жатат. Адал деген Кудайдын уруксат бергени деп түшүндүрүлөт. Бирок биз диний жагын түшүнбөй эле адал өндүрүшү деп, арабаны аттын алдына салып алгандай болуп жатабыз.

Модага айланган стандарт

Аталган ислам борборунун өкүлү Ибрахим Рыскул уулу адал азык-түлүк өндүргөн ишканаларга бирдиктүү талап болбосо, анда мусулман кардарлардын укугу бузулат деп эсептейт.

- Азыр бардыгы адал дегенди жөн гана жазып, колдонуп жатышат. Себеби азыр кардарлардын көбү “халалбы” деп сурайт. Аларга “ооба” деп айтып коё беришет. Анан “баары эле сурай берет экен, андан көрө жазып коёюнчу” деп жазып коё беришет. Ал эми кээ бири болсо, кардарлар көп келсин деген максатта башынан эле ошентип жазып коюшууда.

Бул Ислам борбору 2008-жылдан тарта Малайзиянын адал стандартынын негизинде иштеп, мындай азык-түлүк өндүрүүнү каалаган 15 ишканага уруксат күбөлүгүн берген. Ал эми жыл башынан бери Малайзия стандарты улуттук стандарт болуп өзгөртүлгөн.

Малайзия стандарты демекчи, Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, азыр тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов буларды белгиледи:

- Бүгүнкү күндө биз араб өлкөлөрү менен ар кандай келишим түзөбүз, маселен пахта сатабыз же башка бир иш кылабыз десек, алар жалаң гана ушул стандарт менен иш алып барабыз деп айтышат. Ислам өлкөлөрүндө мындай үч стандарт бар. Алардын эң жакшысы жана өнүккөнү - Малайзиянын стандарты.

Аскар Бешимовдун белгилешинче, Кыргызстан адал индустриясын өнүктүрүп, чет өлкөгө чыгууга мүмкүнчүлүгү бар, бирок ал үчүн бир топ эмгек талап кылынат.

- Кыргызстан мал чарбасына ыңгайлашкан өлкө. Мисалы, биздин эт алар үчүн жагымдуу. Алар малды Австралия менен Жаңы Зеландиядан алат. Бирок аларда малды ар кандай жасалма тоюттар менен багат. Ал эми биз болсо, чөп, башкача айтканда экологиялык таза тоюттар менен багып жатабыз. Ушуга алардын кызыгуусу күчтүү. Бирок кайра эле бул жерде да жогорудагы стандарт керек болот. Ошон үчүн бизде да аны өнүктүрүш керек.

Келечеги барбы?

Кыргызстанда адал маркасы менен иштеп келаткан ишканалардын бири - Ысык-Көлдөгү “Шумкар” тоок фабрикасы. Анын мүдүрү Мирбек Шакировдун айтышынча, катарлык ишкерлердин Кыргызстандан адал азык-түлүктөрдү экспорттоого кызыгуусу болгон, бирок азырынча реалдуу сунуштар жок.

- "Ушундай азык-түлүктөрдү даярдап бергиле" деп, бизге Катар мамлекетинен кызыгып келишкен. Биздин чарба - тоок фабрикасы. Ислам борборунан келип көрсөтүп кеткен талаптары боюнча тоокторубузду даярдайбыз. Андан тышкары тооктун жүрөгүнөн, бөтөгөсүнөн азыктарды жана тооктун санын даярдайбыз.
Азыр бардыгы адал дегенди жөн гана жазып, колдонуп жатышат. Себеби азыр кардарлардын көбү “халалбы” деп сурайт.

Мирбек Шакировдун айтымында, азыктарды “адал” белгиси менен чыгара баштагандан тарта чоң деле өзгөрүүлөр жок.

- Мурда деле ушундай эле суроо-талап менен өтчү. “Адал” белгиси менен даярдап жатканда деле ошондой эле болуп жатат, өтө чоң деле өзгөрүү жок. Бирок мурдагыга караганда бир аз суроо-талап бар. Бул багыттын келечеги кенен.

Кыргызстандык адистердин айтымында, бул багыт кошуна Казакстанда жакшы өнүгүп жатат. Казакстан Адал өндүрүшүнүн президенти Марат Сарсенбаев “Азаттык” менен маегинде буларды белгиледи:

- Бизде бул стандартты ишке ашыруу жана текшерүү боюнча лаборатория курулду. Ушул сыяктуу иштер жүрүп жатат. Кыргызстандан да адистер келип, биз менен тажрыйба алмашууда.

Ошол эле кезде Кыргызстанда “адал” белгисиндеги азык-түлүктөр толугу менен анын шарттарына жооп бербейт деген сын пикирлер да бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG