Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:10

Heritage: Кыргыз экономикасы дале эркин эмес


Heritage кору жана Wall Street Journal гезитинин экономикалык эркиндик боюнча кезектеги рейтингинде Кыргызстан дээрлик эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кирди.

Көз карандысыз экономист Искендер Шаршеев Кыргызстанда иш ачам деген инвесторлорго кеңеш берип келатат. Ал кайсы бир бизнес-планды талдап, аны ишке киргизгенден кийин инвесторлордун колуна тапшырат. Ошентип Кыргызстанда ишкерлерге кандай тоскоолдуктар бар экенин өз тажрыйбасында көргөн:

- Кыргызстандагы компания салыктарды толугу менен төлөсө, кирешесинин 58 пайызы салыкка кетет. Бизде салык системасы өзүнчө эле саз. Бизнеске боштондук бербейт. Экинчиден, Кыргызстанда үч жылдын ичинде рейдерлик боюнча 120 окуя болду. Көз карандысыз сурамжылоо өткөргөндө биздин элибиз улутташтырууга абдан жакшы карайт экен. Демек Кыргызстанда элдин, популизмдин арты менен байдын, инвестордун же бизнесмендин мүлкүн тартып алуу оңой.

АКШда негизделген Heritage кору жана Wall Street Journal гезитинин баяндамасына ылайык, Кыргызстан 177 өлкөнүн ичинен былтыркы позициясынан бир орунга артка кетип, 89-орунду ээледи. Анда кыргыз экономикасы коррупциядан арыла албаганы, мыйзамдардын шалдыгы айтылган.

Саясий туруксуздук, экономикадагы эркиндикти камсыз кылуучу институционалдык негиздердин жетишсиздиги ишкердикти тушаган себептер катары белгиленген. Кордун эксперттери Кыргызстанда салыктарды тескөө, бизнес ачууну жеңилдетүү боюнча реформалар башталганы менен майнап аздыгын билдирүүдө. Экономист Азамат Акелеев бул айтылгандарга кошулат:

- Бул эл аралык институттун акыркы мезгилде бизге болгон үмүтү азайып баратканын белгилейт. Бизде чечкиндүү, көрүнүктүү реформалардын жоктугунун жана перспективаны көрбөгөндүгүнүн белгиси.

Heritage корунун рейтингинде Гонконг, Сингапур жана Австралия экономикасы эң эркин өлкөлөр деп табылган. Коңшу Казакстан жарым жартылай эркин, Тажикстан менен Орусия дээрлик эркин эмес, Өзбекстан жана Түркмөнстан болсо ишкерлик басым алдында турган өлкөлөрдүн катарына кирген. Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Грузия менен Литва экономикасы эркин өлкөлөргө кошулган. Кыргызстан эмне үчүн ийгилик жарата албай жатат? Жаш ишкер ассоциациясынын аткаруучу директору Руслан Акматбек мындай ойдо:

- Баягы окуялардан экономикалык эркиндикти камсыз кылуу үчүн бир топ демилгелер көтөрүлдү. Тилекке каршы ал демилгелер кагаз жүзүндө калып кетти. Акырына чыккан жок. Мисалы, “Жүз күндүк программа” өңдүү бир топ программалар күнүмдүк турмушубузга эч кандай таасирин тийгизген жок.

Бирок экономика министри Темир Сариев экономикалык эркиндикти камсыз кылуу багытында кыйла кадамдар жасалды деген ойдо. Анын айтымында, бизнес чөйрөсүндөгү ашыкча лицензиялар жоюлду жана текшерүүчү органдар кыскарды. Азыр кеминде 39-42 пайызды түзгөн көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу аракети жүрүүдө.

- Биз өзгөчө Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, салык чогултуу кыйын болгон бизнестерди контракттык жана патенттик системага өткөрүп жатабыз. Туризм багытында, өзгөчө тейлөө тармагындагылар келишимдик негизге өттү. Азыр тамак-аш жерлеринин баары тең келишимге өтүп жатат. Бир топ салыктарды азайтып жатабыз. Булардын баары тең көмүскө экономиканы кетирүүнүн жолдорунун бири. Ошол эле учурда ишкерлердин жоопкерчилигин да көтөрүшүбүз керек. Ал лицензиясы жок, мыйзамсыз иштеп жатса, аларга кылмыш иши козголушу керек.

Кыргызстан ишкерликке түзүлгөн шарттар боюнча Дүйнөлүк банктын соңку Doing Business рейтингинде да жакшы жылыштарды көрсөтө алган эмес. Ал эми Heritage корунун 2009-жылкы баяндамасында азыркы ээлеген ордунан 15 баскычка алдыда турган.
XS
SM
MD
LG