Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

Акыркы бир нече жылдан бери эл аралык көргөзмөлөрдө сапатынын мыктылыгы жагынан алдыңкы орундарды ээлеп келаткан кыргыз балына дүйнөлүк коомчулуктун суроо-талабы өсүүдө.

Евробиримдик Кыргызстанда өндүрүлгөн өнүмдөргө базарын ачкандан көп өтпөй, Орусия да Кыргызстандагы 15 ишканадан эт жана сүт азыктарын сатып алууга даяр экенин билдирди. Ал эми Кытайдын эки ири шаарында “Кыргыз балы” деген аталыштагы соода борбору ачылмакчы.

Кыйланы тамшандырган кыргыз балы

Кыргыз балын Кытайда кеңири сатуу үчүн эки ири шаарда: Үрүмчүдө жана Шанхайда “Кыргыз балы” деген аталыштагы соода борборлору келерки аптада ачылат.

Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев өткөн жумада парламентте маалымат берди. Анын айтуусунда, Кытай тарап Кыргызстандын балына кызыкдарлыгын билдирүүдө.

Кыргызстандагы “Бал челекчилер” ассоциациясынын президенти Казим Каракетовдун маалыматы боюнча, ушу тапта Кыргызстандын балы 20 өлкөгө экспорттолот. Анын ичинде Кытай да бар:

Бал аарылар, Нарын.

Бал аарылар, Нарын.

- Кыргызстанда өндүрүлгөн бал 20 мамлекетке сатылып жатат. Алар негизинен Азия өлкөлөрү: Кытай, Монголия, Малайзия, Жапония жана башкалар. Мындан тышкары чет мамлекеттерден келген туристтер сөзсүз түрдө биздин балды алып кетишет. Ар бири кеминде бир литрден алганда эле 100 миң туристтики 100 тонна болуп жатпайбы...

Расмий түрдө жылына сыртка экспорттолгон балдын көлөмү 500 тонна. Мындан тышкары, ортомчулар аркылуу, келип-кеткен туристтер аркылуу да Кыргызстандын балы чет мамлекеттерге чыгарылат.

Азырынча Кыргызстандын балы Европанын базарларына массалык түрдө чыга элек. Буга бир жагынан евро менен сомдун ортосундагы айырма себеп болсо, экинчи жагынан Евробиримдик базарларынын товардын сапаты боюнча талап кылган сертификатты алуунун кыйынчылыгы себеп болууда. “Бал аарычылар” ассоциациясынын президенти Казим Каракетовдун маалыматы боюнча, азырынча бал аарылардан алынган момду гана сатууга уруксат бар:

- Мурда евронун курсу төмөн болуп, биздин Европага бал алып барып сатканыбыз акталчу эмес. Эми евро кымбаттаган учурда алып барып сатсак болот. Анын үстүнө Европанын талаптары да катуураак болуп жатат. Азыр сүйлөшүп атабыз, кудай буюрса, Европа өлкөлөрүнө балды да сата баштайбыз.

Чет өлкөлүк туристтер сөзсүз биздин балды алып кетишет. Ар бири кеминде бир литрден алганда эле 100 миң турист 100 тонна алып жатпайбы...

Кыргызстандын балы акыркы бир нече жылдан бери эл аралык азык-түлүк көргөзмөлөрүндө алдыңкы орундарды ээлеп келген. Мисалы, 2013-жылы Киевде өткөн эл аралык көргөзмөдө кыргызстандык балчылардын балы 146 мамлекеттин сапаты эң жогору деп табылган. Ал эми 2014-жылы Түркияда алтын медалга ээ болгон. 2015-жылы Түштүк Кореяда да Кыргызстандын балы сапаты мыкты бал деп таанылып, алтын медаль алган.

Кыргызстанда жылына 10-12 миң тонна бал өндүрүлөт. Өлкөнүн бардык облустарында жылына эки-үч ирет бал алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Орусия эт менен сүткө базарын ачты

Кыргызстандын балын таратуу боюнча атайын соода борборлорун ачуу тууралуу Кытайдын демилгесин айрым байкоочулар Европа биримдигинин кыргыз товарларына базарын ачып, жеңилдик бергени түрткү болду деп эсептешет. Алар ошондой эле 8-февралдан тарта Орусия да Кыргызстандагы он беш ишканага өндүргөн эт жана сүт азыктарын өз базарына сатууга уруксат бергенин да буга байлашууда. Ага ылайык, бул ишканалар эт-сүт жана балыкты тиешелүү лабораториялардын көзөмөлүнөн өткөн соң Орусияга алып кирип сата алышат. Таластагы сүттү кайра иштетүүчү “Тууганбаев” жеке ишканасы бул тизменин ичинде бар:

Кыргыз азык-түлүгүнүн Москвадагы көргөзмөсү. 27-октябрь, 2015-жыл

Кыргыз азык-түлүгүнүн Москвадагы көргөзмөсү. 27-октябрь, 2015-жыл

- Биздин эт-сүт азыктарыбыздын сапаты акыркы үч жылдан бери ЕАЭБ атайын комиссиясы тарабынан текшерилип келе жатат. Акыркы жолу өткөн жылы Орусия, Казакстан, Армения жана Беларустун ветеринарлары келип, текшерип кетишкен. Биз бардык нормаларды билебиз, талаптар менен таанышпыз. Мисалы, биздин ишкана 2008-жылга чейин Орусияга товарларыбызды сатып келген. Ошол жылы шарп ылаңы жайылып кеткенинен улам, биздин эт-сүт азыктарыбызды киргизүүгө тыюу салышкан. Ошондон бери сата элекпиз. Эми Орусия мүмкүнчүлүк бериптир. Бирок Казакстан унчуга элек.

Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин экспорттун көлөмү өсөт деген үмүт азырынча актала элек. Өткөн жылдын маалыматы боюнча, өлкөнүн экспорту менен импортунун ортосундагы айырма бир топ эле чоң. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, былтыр экспорттун көлөмү 1676,3 миллиард долларды түзсө, ал эми импорттун көлөмү 4069,5 миллард доллар болгон. Ошондуктан, Кыргызстандын экологиялык жактан таза, сапаты мыкты деп таанылган балы экспорттун көлөмүн көбөйтөт деген үмүт бар.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG