Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

Кыргызстанга толук кандуу эгемендүүлүк келе электиги тууралуу талаштар көп. Адистердин айтымында, эгемендүүлүк үчүн экономикалык күч-кубат жана эркиндик чоң мааниге ээ.

Кыргызстан бир катар стратегиялык товарларды сырттан алат. Алардын эң негизгиси – күйүүчү май. Ал эми күйүүчү майлардын дээрлик бардыгы Орусиядан ташылат. Ошол себептүү бир катар саясатчылар жана экономисттер “Орусия бул артыкчылыгын колдонуп, Кыргызстанды дале өз таасири алдында кармоодо”,- дешет.

Экинчи бир жагдай, ар кыл эсептер боюнча Орусияда 500 миңден 700 миңге чейин эмгек мигранттары жүрүшөт. Алар жылына өз мекенине 1 миллиард доллардын тегерегинде акча жөнөтүшөт. Орусия бул жагдайды да колдонуп, саясий соодалашууларды жасап келатканы айтылат.

Сүрөттө: Полиция кызматкерлери мыйзамсыз мигранттарды кармап кетүүдө.
Үчүнчүсү, өлкө өз ичинде натыйжалуу экономикалык реформаларды жасай албай жатканы. Өлкө ичинде экономика жанданып, мамлекет бутуна турса, күйүүчү майды Иран, Азербайжан же башка өлкөлөрдөн деле ташып келсе болору белгиленет. Бул стратегиялык товарларды диверсификациялоого, кайсы бир мамлекетке аны саясий курал катары пайдаланбоосуна себепчи болот.

Жапониядагы Васеда университетинин саясий илимдер боюнча докторанты Сейтек Качкынбаев “Азаттыкка” курган маегинде экономиканын өнүгүшү саясатка жана өлкө башындагы саясатчыларга байланыштуу экенин белгиледи.

Качкынбаевдин айтымында, экономикалык жактан өлкөгө пайдасы тийе турган болсо бардык мамлекеттер менен тыгыз кызматташып, ошол эле маалда саясий жактан эркин болуш керек. Азыр аны түшүнгөндөр жана ага эрки жеткендер саясатта аз болууда:

- Экономикага келгенде анын өзүнүн мыйзамдары иштеши керек. Ал эми саясатта болсо такыр сырттан көз карандысыз саясат жүрүшү керек. Экономикада, эгер биздин экономикалык жактан кызыкчылыгыбызга төп келе турган болсо, Кытай, Орусия, АКШ же Жапония болобу, ким менен болсо да прагматикалык мамиле жасап, элге пайда боло тургандай кылып коркпостон алакаларды түзүшүбүз керек. Бирок ошол эле маалда саясий жактан толугу менен көз карандысыз, өз алдынча саясат жүргүзүшүбүз керек.
Сейтек Качкынбаев
Ошондой эле Качкынбаевдин пикиринде, эгерде күйүүчү майларды Кыргызстан Европадан алып аткан болсо, анда ал өлкөлөр күйүүчү майды саясий курал катары пайдаланышмак эмес. Ал эми Орусия өзү авторитардык болгондуктан, мурдатан империялык амбициясы менен жашагандыктан күйүүчү майды саясий курал катары колдонуп келатат. Андыктан күчтүү кадрлар келип, экономиканы диверсификациялаштыруу жагын колго алуулары абзел.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократиялык фракциянын төрагасы Чыныбай Турсунбековдун айтымында, экономикалык жактан башка өлкөгө көз каранды өлкө “көз карандысызмын” деп канча кыйкырса деле көз каранды бойдон кала бермекчи. Анын айтымында, оболу ички экономиканы туура жолго салып, күйүүчү май жагынан бир гана өлкөгө көз каранды болбогондой иштерди баштоо зарыл. Антпесе, Орусия экономика аркылуу Кыргызстандын ички иштерине кийлигише бермекчи:
Кытай, Орусия, АКШ же Жапония болобу, ким менен болсо да прагматикалык мамиле жасап, элге пайда боло тургандай кылып коркпостон алакаларды түзүшүбүз керек.

- Мына Кыргызстанды “орустарга көз каранды, буларга көз каранды” деп азыркыга чейин айтышат. Бул эмнеден? Экономикалык жактан көз карандылыкка байланыштуу болуп атат. Мамлекеттин ичинде деле ошондой. Эгерде биздин экономикабыз өз алдынчалуулукка жетише албаса, тигил же бул деңгээлде мамлекетке көз каранды болсо, ал да көз карандысыздыкка таасирин тийгизет.

Тескерисинче, мамлекет өзүнүн экономикасына, өзгөчө өндүрүшүнө жардам бербесе, кошуна мамлекеттер баскынчылык кылып атса, ал да экономикалык эгемендикке таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө көп эле тармакта ошондой абал бар. Маселен, күйүүчү май боюнча алыскы коңшу өлкөлөр түздөн-түз эле эгемендүүлүгүбүзгө таасирин тийгизип атат.


Адистердин баамында, Кыргызстандын деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жоктугу, экономикалык жактан көбүрөөк көз каранды болуусуна себепчи. Маселен, Грузия деңиз порттору аркылуу Азербайжан же башка өлкөлөрдөн күйүүчү май алып келүү шарты болгондуктан Орусия менен душмандашуудан көп зыян тартпады. Тескерисинче өзүнүн айрым жерлерин Орусияга тарттырып жибергенине карабай, улам өнүгүү жолунда баратат.

Кыргызстан деле өзүн курчап турган Кытай, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан менен ымаланы бекемдеп, Иран же Азербайжан тараптан күйүүчү май тартып келүүгө аракеттенсе болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG