Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:03

Кыргыз өкмөтү 2013-жылы аткара турган иштери боюнча планды жарыялады. Анда долбоор, программа түзүү, план түзүүнүн ыкмасын аныктоо сыяктуу кагаз жүзүндөгү иш-чаралар үстөмдүк кылганы байкалат. Энергетика министрлигине байланган өнөр жай тармагына байланыштуу бөлүмдө токтоп турган ишканаларды кайра жандантуу керек деген талап киргизилген.

Өкмөт быйылкы жылдын ичинде 149 иш-чараны аткарууну белгилеген. Алардын көпчүлүгү долбоор, программа, план түзүү, методика иштеп чыгуу, концепция жазуу сыяктуу кагаз иштери экени байкалат.

Ал эми экономиканын негизи болгон өнөр жай тармагына быйылкы жылдын иш-чарасында азыраак көңүл бурулгандай. Анткени анда токтоп турган ишканаларды жандатуу максаты коюлган. Мындай максат 20 жылдан бери коюлуп келатат. Бирок натыйжасы тескери болуп чыгууда.

Реалдуу сектордун жанданышына ГЭСтердин курулушу, Датка-Кемин электр зымын тартуу сыяктуу долбоорлор оң таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени өкмөттүн планында бул долбоорлорду ишке киргизүү каралган.

Кыргызстандын өнөр жайынын таанымал адистеринин бири Мамат Айбалаев өнөр жайын көтөрүүгө жалпы сөздөр эмес, ар бир конкреттүү ишкана менен жүргүзүлгөн иш жардам берет дейт:

- Жалпы сөздөр менен эч нерсе чечилбейт. Конкреттүү түрдө кайсы ишканага караш керек, андан эмне, кандай пайда табат. Ал элге эмне пайда алып келет, канча жумуш орун түзүлөт. Негизги маселе ушунда да.

Айбалаев СССРдин мезгилиндеги ишканалар дээрлик талкаланып бүткөнүн, учурда болгону бир-эки ишкана иштеп турганын белгиледи.

Азыр жанданып бараткан тигүүчүлүк үчүн Ош текстиль, Жибек комбинаты, Бишкек нооту комбинатынын кездемелери абдан эле керек болмок. "Бирок алардын баары талкаланып жок болду", - дейт Айбалаев.

Кыргызстанда тигүүчүлүк тармагы өзүнөн-өзү өнүгүп келатат. Өкмөт аны колдоо максатында тигүүчүлөр технопаркын түзүүнү сунуштаган. Технопаркты куруу үчүн Чүй облусунун аймагынан 50 гектар жер бөлүү планда каралган.

Бирок тигүүчүлүк тармагы жалпы өнөр жайында аба-ырайын түзө турган деңгээлге жете элек. Маселен, жеңил өнөр жайы жана азык-түлүктөрүн чыгаруу жалпы өнөр жайынын 14% гана түзөт. Бул жагынан Кумтөрдүн салымы барандуу. Ал жалпы тармактын 44,1% түзөт. Ошондуктан бул кендеги абал жалпы өнөр жайына өтө олуттуу таасир этет.

Кыргызстан товар өндүрүүчүлөр бирикмесинин жетекчиси Гүлнара Ускенбаева өнөр жай тармагы, жалпы эле ишкерлер узак мөөнөттүк жеңилдетилген насыяларга муктаж болгонун, ал эми өкмөттүн планында реалдуу чаралар каралбаганын айтат:

- Алар өндүрүштү өнүктүрөбүз, кеңейтебиз, калыбына келтиребиз деп жазган менен өндүрүш тармагын колдоо үчүн эч кандай реалдуу кадамдар каралган эмес. Мына агро өнөр жай тармагы үчүн насыя бөлөбүз деп канча айтышты, бирок аткарылган жок.

Ускенбаева Өнүктүрүү банкынын ишке кирүүсүн да күмөндүү деп эсептейт. Өкмөт да ага шашкан жайы жок окшойт. Быйылкы жылы анын уставын жазууну гана пландаштырган.

Ускенбаеванын айтымында, азыркы кезде ишкерлерди колдоо фонду да жок. Мурунку фонд микрокредиттик уюмга айлантылып, менчиктештирилип кеткен.

Өкмөт быйылкы жылдын иш-чарасында ирригация системасы үчүн 200 млн. сомдон ашуун каражат бөлүүнү караштырган. Бирок алардын айрымдары Акаевдин мезгилинен бери айтылып келаткан долбоорлор. Маселен, Баткен облусундагы Кара-Кыштак-Боз каналы мына ошондой долбоор.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG