Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Интернеттен акча жасоонун амалдары


Интернет аркылуу ар кандай жолдор менен акча табууга болот.

Азыркы кризис шартында жумушсуз калган же жумушу бар туруп деле кошумча акча табууну көздөгөн адамдарды көп эле жолуктурууга болот. Чындыгында баштапкы каражатты талап кылбастан, талап кылса да азыраак акча менен бизнес баштап, андан киреше табууга алып келүүчү жолдордун бири – интернет. Интернет аркылуу бүгүн ар кандай жолдор менен акча табууга болот.

Кыргызстанда интернет аркылуу акча тапкан адамдар азырынча саналуу гана. Анткени бизнестин бул түрү бизде жакшы өнүгө элек.

Ютубдан күнүнө 500 доллар табуунун жолу

Интернетте кандайдыр бир видео, блог, анимация жана башка көрүүчүлөрдү көп тартуучу каражаттардын жардамы менен акча табууга жардам берүүчү көп сайттар бар. Алардын башында YouTube сайты турат.

Бүгүнкү күнү Ютубду көрбөгөн, ага кирбеген интернет колдонуучу өтө аз. Анткени, Ютубду Google сатып алгандан кийин, YouTube биз колдонуп жаткан андроиддер менен кошо ар бирибиздин үйүбүзгө, иш ордубузга чейин кирип келди.

Бош боло калган учурда интернетке кирип, пикир алмашуучу сайттар менен катар эле Ютубга кирип, андан видео көрүп, ыр угууну каалагандар четтен чыгат. YouTube болсо андроид телефондордо тиркеме аркылуу оңой ачылат, ал өзүнө жүктөлгөн тасмаларды телефондун көлөмүнө жараша автоматтык түрдө кичирейтип берүүгө жөндөмдүү. Бул дагы анын керектөөчүлөр каалаган учурда, каалаган жерде ачып, көрүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп бере алат.

2009-жылы Google YouTube аркылуу реклама менен акча таап, ал эми андагы көрүүчүнү көп чогулта алган каналдардын ээсине акча төлөп берүү системасын, тагыраак айтканда, монетизацияны баштаган.

Азырынча YouTube кыргызстандык канал колдонуучулар үчүн акча төлөөнү расмий баштай элек, мунун себеби так белгисиз. Ошондуктан, биздеги YouTube каналдардын ээлери көбүнчө сырттан, Орусиядан, Түркиядан же башка жактан катталып, андан кийин иштешет. Бирок андан акча табууга бул деле жолтоо боло албайт.

YouTube аркылуу интернеттен акча табуунун көп жолдору бар. Эң жакшысы жөнөкөй, бирок көпчүлүк көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратуучу, турмуштук роликтерди Ютубдагы каналга жүктөө аркылуу. Биздин каарманыбыз - вебмастер, өзүнүн жеке сайттары жана Ютубдагы бир нече каналдары аркылуу акча таап иштеп жаткан Курманбек Жолдошев:

- Ютубда, интернетте акча табуу үчүн адам ар кандай түшүнүктөрдөн эркин болушу керек. Эл эмне дейт дегенден алыс болушу керек. Башкача ойлонууга тийиш. Бүгүн интернетти карасаңар кандай тасмалар көп көрүлүп жатат? Көбүнчө социалдык роликтер. Мисалы, Фейсбукта, Ютубда Таиландда тартылган апасы жок кичинекей кыздын атасы менен болгон мамилеси тууралуу тасма көп көрүлдү. Ушул сыяктуу роликтерди биздин балдар деле тартып, Ютубга коюп, элге сунуштап, ал аркылуу акча тапса болот. Мисалы, бизде деле кыска аңгемелер, турмуштук сабактар тууралуу эсселер толтура. Алдар көсөнүн окуялары бар. Ошону деле биздин бүгүнкү күнгө ылайыкташтырып, кыска ролик кылып тартып, чыгарса болот. Кызыктуу болсо эл көрөт. Биз АКШ, Европада тартылган, корей, индустар тарткан роликтерди көрүп атпайбызбы. Көрүүчү канча көп болсо, акча да ошончо көп болот.

Каналдын ээсине акча төлөп берүүдө YouTube аны көрүүчүлөрдүн санына карайт. Ошондой эле тасманы ачкан адам аны канча убакыт көргөнүнө байланыштуу, анда коюлган рекламанын көрүлгөнүнө карата акы төлөнөт. Акы болсо каналдагы тасманы көрүүчү дүйнөнүн кайсы бурчунан туруп көргөнүнө жараша аз-көп өлчөмдө төлөнөт дейт биздин маектешибиз:

-Тасманы коюп жатканда YouTube сурайт, кайсы өлкөнүн көрүүчүлөрүнө сунуштайсыз деп. Эгер Американы тандасаң, Кыргызстанда бир суткада 200-300 миң киши көрсө, ал жакта бир саатта ошончо киши көрүшү мүмкүн. Бирок анда сиздин тасмаңыз америкалык көрүүчүнү кызыктыра ала тургандай болууга тийиш. Анткени, Ютубга реклама берүүчүлөр да АКШ, Европада көп. Ютуб сизге ошол рекламанын эсебинен акча төлөп берет. Сиздин тасма ободо жүрүп жаткан кезде канча реклама көрүлсө, ошончо акча көп төлөнөт. Азыр Ютубда кандай каналдар көп көрүлөт? Анимация, сериалдар, роликтер, айта берсең көп эле. Ушулардын ичинен тандап алып, бир-экөөнү багыт кылып, ошол боюнча канал ачуу керек да, Ютуб менен келишим түзүү зарыл. Анан иштей берсеңиз болот.

Кыргызстанда интернеттеги жарнама жакшы өнүгө элек. Азырынча, Кыргызстандагы ишкерлер интернетке жарнама орноштуруудан көрө, көчөлөрдөгү жарнамалык жарнактарга, башка маалымат каражаттарына реклама берүүнү туура көрүшөт. Кайсы аймакта интернет аркылуу реклама аз берилсе, ошол аймактын акчасы аз болот. Анткени, интернет аркылуу акча табуунун башкы каражат булагы да реклама болуп саналат.

Жакшы жашоону каалаган адам ошону алдына максат кылып коюусу керек болгондой эле, интернет аркылуу көп акча табууну каалаган киши да алдына максат коюп, иштөөгө тийиш. Биздин маектешибиз Курманбек Жолдошевдин алдында азыр күн сайын 500 доллардан кем эмес акча табуу максаты турат:

- Мен жаңы баштаган учурда Москвада болчумун. Күнүнө 10 рублден түшсө болду дегем. 10 рубл алганда аябай кубангам. Анан максатымды күн сайын 100 рублга чыгардым. Ал да ишке ашты. Кийинчерээк 100 долларга чыгардым. Ал да ишке ашты. Эмки максатым кеминде 500 доллар. Азыр туруктуу иштеген ишим жок. Үйдө отуруп, интернет аркылуу үй-бүлөмдү каржылап жатам. Мындай мүмкүнчүлүктөн ар бир эле каалаган киши пайдаланса болот. Анткени, интернет дагы өнүгөт.

Санжар Калматай кирешесинен ажырады

Кыргызча ырлардын клиптерин интернетке жайгаштырып, Кыргызстанда болуп жаткан окуялар тууралуу түрдүү видеолорду интернет аркылуу башкаларга да бөлүшүү идеясы Ютубдагы канал ээси Санжар Калматайды бара-бара бул аракетинин арты акча табууга алып келген. Бул тууралуу Санжар Калматай “Азаттыкка” курган маегинде эскерди:

- Мен 2001-жылы Москвага келип, окууга тапшыргам. Окуп жүрүп, интернетке киргенде кыргызча издедим. Бирок анда кыргызча видео эмес, текст табууга мүмкүн эмес эле. Улам жыл өткөн сайын сыртта жүргөн кыргызстандыктардын сайттары пайда боло баштады. Кыргызстандын өзүндө да интернет өнүгүп, түрдүү сайттар менен кошо сүрөт, тасмалар, клиптер чыга баштады. Мага окшогон эле адамдар компьютерге видеолорду жүктөшөт экен. Мен да ошондо өзүмө сөз берип, кыргызча клип, тасмаларды көрсөм эле интернетке жүктөчү болдум.

Санжар Калматай Ютубга чейин Орусиялык майл.ру сайты, анын Мой мир, Одноклассники тиркемелери аркылуу түрдүү кыргызча видеолору менен бөлүшүп жүргөн. Ушундан улам көпчүлүктүн ичинде Санжар алгачкылардан болуп, интернеттеги активдүү бөлүшүүчү катары таанымал болуп калган:

- Мен видео, ырларды акча табайын деген ой менен эмес, башкалар да көрсө деген ой менен эле майл.рунун Мой мир тиркемесиндеги баракчама жүктөчүмүн. Кийинчерээк мага Орусия, Казакстандан тышкары жашаган, Америкада, Түркияда, Кореяда жашаган кыргыздар ал жактарда Мой мир жакшы ачылбасын, анын үстүнө кол телефондон интернетке киргенде видеолор көрүнбөсүн айтып даттанышчу. Ошондон кийин Ютубга өтүп, ал жакта канал ачтым. Менин көрүүчүлөрүмдүн саны 20-30 миңге жеткенде мага ортомчу медиа каналдардан каттар келе баштады. Алар мага Ютубдагы каналым аркылуу акча тапсам болорун айтып, ортомчулукту сунуштай беришчү. Башында көңүл бурбай жүрүп, кийинчерээк макулдук бердим. Алар аркылуу Ютубдун монетизация системасына кирип, акча таба баштадым. Ортомчулар менен иштегенде Ютуб менен түздөн-түз келишим түзбөйсүң, келишимди алар түзөт. Ал эми каналга төлөнгөн акчанын 40% ортомчу алат, 60% мен алчумун. Кийинчерээк көрүүчүлөрүмдүн саны дагы көбөйгөндө менин үлүшүмдү 70% чыгарышкан. Айына кеминде 500-600 доллар таап калган учурда эки каналым жабылып калды.

Санжар Калматайдын Ютубдагы каналында негизинен Кыргызстанда тартылган клиптер, Кыргызстандагы телеканалдарга чыккан видеосюжеттер, берүүлөр коюлат. Калматай алардын түздөн-түз автору болбогону менен, андай видеолордун ээлери менен макулдашып, андан кийин каналына жүктөп жүргөнүн айтат:

- Мен Ютубдагы каналыма видеолорду авторлордун уруксаты менен жүктөчүмүн. Азыр деле ошондой. Анткени уруксатсыз видео жүктөп, аны менен акча табууга Ютубда мүмкүн эмес. Уруксаты менен жүктөсөң деле Ютубда кимдир бирөө “бул видео терс маанай жаратат же мыйзамсыз жүктөлгөн” деп даттанса эле болду, бир жолу эскертүү беришет да, анан жаап салышат. Мен 20 миңден ашуун тасма жүктөгөн каналдарым жабылып калды. Алардын ичинде кыргызстандык ырчылардын клиптеринен тышкары, КТРКнын, “Азаттыктын” программалары, кызыктуу видео-сюжеттер бар болчу. Мен акчасынан да ушул тасмаларга аябай ичим ачышты...

Калматайдын айтуусунда, бир каналдын жабылышына ага Орусияда жарма патриоттордун кыргыз кызды сабап жатканы тууралуу тасманын жарыяланышы себеп болсо, экинчисине Кыргызстанда эшектердин эти коомдук тамактануу жайларына жана эт базарларына чыгарылып турган деген тасма себеп болуп жабылган.

Каналдагы тасмалардын сапатына баа берген интернет коомчулук бул тасмаларды терс маанай жаратуучу деп баалап, YouTube Калматайдын эки каналын жаап салган. Учурда Санжар Калматай дагы бир каналдын үстүндө иштөөдө, ал көрүүчү чогултканча апкелген кирешеси да кыйла аз.

Маектешибиз учурда өзү тасма жаратуу же башка жолдор менен каналына коюлуп жаткан тасмаларга өзү авторлук кылуу артында Ютуб менен түздөн-түз, мыйзамдуу иштешүүгө өтүүнү көздөөдө:

- Азыр максат кылып жатам. Аппаратура сатып алып, студия ачып, өзүм тасмаларды тартып жана башка жолдор менен мыйзамдуу канал түзүү оюмда бар. Анан YouTube менен түздөн-түз, эч кандай ортомчуларсыз келишим түзүп, төлөнгөн акчанын 100% өзүм алсам болот.

Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү Кыргызстандагы активдүү интернет колдонуучулар орто эсеп боюнча 4 миллиондон ашты. Бул жалпы элдин 70% түзөт. Алардын көпчүлүгү интернетке чөнтөк телефондон киришет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG