Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Өкмөттүн 2013-жылы аткара турган иш планы тууралуу биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Азаттыктын суроолоруна жооп берди.

- Жакында кыргыз өкмөтү 2013-жылы аткара турган иштерин жарыялады. Анда экономиканы, өндүрүштү алдыга жылдыруу боюнча кандай конкреттүү пландар бар?

- Макроэкономиканы алганда, быйыл ички дүң өнүмдү 7 пайызга чейин көтөрүүнү көздөп жатабыз. Бул деңгээлге жетүү үчүн көп иштерди аткарышыбыз керек. Салыктар боюнча, бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн туура колдонуу боюнча пландарыбыз бар. Бюджеттин жалпы көлөмү 100 миллиард сомдон көбүрөөк болушу керек. Бул принципиалдуу цифраларга жетүү үчүн биз жакшы иштешибиз абзел.

Биринчиден, биз жумуш орундарын түзүп, инвестиция тартышыбыз кажет. Ишкерлерге ылайыктуу шарт түзүү керек. 2013-жылдын планында ошол эле коопсуздук, социалдык багыттарда максаттарыбыз көп.

- Жумушчу орундарын түзөбүз деп айтып кеттиңиз. Жаңы орундарды эмненин эсебинен ачса болот? Жакын арада ишке аша турган кайсы долбоорду атай аласыз?

- Азыр көп жарандар Кыргызстандан чыгып, Казакстан менен Орусияда иштеп жатат. Алар жумуш орундары түзүлсө Кыргызстанга келгенге даяр. Андыктан биз көбүрөөк ишкана жана долбоорлорду ачышыбыз керек.

Мамлекеттик секторду алсак, ошол эле гидроэнергетика тармагында 4 миллиард доллардын тегерегинде Орусия менен инвестициялык планыбыз бар. Ошондой эле “Газпром” ишканасы “Кыргызгаздын” акцияларын толугу менен алса, алар да чоң инвестициялык программаны башташат. Бул беш жылдын ичинде 700 миллион доллардын тегерегинде. Эгер менчик долбоорлорду алсак, Кыргызстанда Кытайдын инвестициясы менен мунай иштетүүчү завод курулуп жатат. Бизде көптөгөн кен жана туризм багытындагы долбоорлор бар.

- Буга чейин жеңил өнөр жайды, анын ичинде тигүү тармагын өнүктүрүү үчүн Чүй облусунда атайын ири комлекс ачылаары кабарланган. Бул план быйыл ишке ашчудайбы?

- Бул биздин сунуштарыбыз. Ишкерлер өздөрү бул кадамга барса, биз макулбуз. Азыр тигүү тармагында 300 миңге жакын иш орундары бар. Орусия, Казакстанга чыгарган продукциянын көлөмү бир миллиард доллардан көп болуп жатат. Ошондуктан бул секторду бардык жагынан колдошубуз керек.

- Айрым эксперттер өкмөттүн быйылкы планында ишкерлерге ылайыктуу насыя берүү жагы чечилбей калганын айтып жатышат. Насыя саясаты кандай болот?

- Азыр жалпы банк жана микрокредиттик уюмдар секторунун кредиттик портфелинин көлөмү бир миллиард доллардын тегерегинде. Бул аябай аз. Ошондуктан биз банк секторуна, микрокредиттик уюмдарга көбүрөөк инвесторлорду тартып, көбүрөөк каражат берели деп жатабыз.

Жакында “Залкар” банкы да сатыкка коюлат. Бул жерде чоң инвестициялык топту күтүп жатабыз. Андыктан жалпы кредиттик портфелдин көлөмүн үч-төрт эсеге көтөрүшүбүз керек. Өнүккөн мамлекеттерде кредиттик портфель ички дүң продукциянын 200-300 пайызын түзөт. Биздики болсо 20 эле пайызды түзөт. Ошондуктан бизде канча көп банк иштесе, ошончолук ишкерлерге кредит алганга мүмкүнчүлүк көп болот.

- Азыр эми бул максаттарды ишке ашырууга бардык эле шарттар жетиштүүбү?

- Эми иштешибиз керек. Инвестицияларды тартып, коррупция менен күрөшүү абзел. Антикоррупциялык жакшы мыйзамдар кабыл алынып, алар иштесе, инвесторлор келип калат. Бирок коопсуздук жана туруктуулук болушу керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG