Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

Кыргызстандагы азыркы экономикалык абал жана өкмөттүн иштеген пенсионерлердин акысын чектөө демилгеси тууралуу көз карандысыз экономист Искендер Шаршеев ой бөлүштү.

- Мына өкмөт өлкөдө бюджеттин көбү социалдык чыгымдарга кетерин айтып, чыгашаларды азайтууга бел байлап жатат. Социалдык чыгымдарды кыскартуу демилгесине сиз кошуласызбы?

- Кошулам. Эгерде 2010-2011-жылдарды алсак, Социалдык фонд элден 7 миллиард сом жыйнаган болчу. Негизи пенсияга 17 миллиард сом сарпталмак. Ошондо өкмөт Соцфондго 10 миллиард сом кошуп берди. Ошентип, пенсионерлерге 17 миллиард сом төлөндү. Анда бюджеттин кирешеси 45 миллиард сомдун тегерегинде болчу.

Натыйжада кирешенин 40 пайыздан ашыгы пенсияларды, социалдык чыгымдарды жабууга кетип жатат. Коомчулукта пенсиянын бюджетке тиешеси жок деген ой жүрбөйбү... Бул туура эмес ой. Пенсиянын бюджетке түздөн-түз тиешеси бар.

- Азыр эми социалдык жардамдарды кыскартуу демилгеси көтөрүлүүдө. Андай болсо коомдун аярлуу катмары, пенсионерлердин абалы кандай болот? Анын үстүнө өкмөт иштеген пенсионерлердин төлөмдөрүнө чектөө киргизебиз деп жатат...

- Мисалы, азыркы кезде сиз экөөбүз иштеп жатпайбызбы. Эреже боюнча биз пенсияга деп берген акчалар топтоло бериши керек. Бирок азыр сиз экөөбүз пенсияга деп берген акчаларыбыз менен төрт-беш пенсионерди багып жатабыз. Демек биз өзүбүз пенсияга чыкканда бизге эч кандай акча калбайт. Анткени инфляция жеп коёт. Сиз экөөбүз карыганда бизге эч кандай пенсия келбейт. Келсе да 2500 сом гана болот. Бирок бул отуз жылдан кийин бул акча бүгүнкү жети тыйынга гана барабар болуп калат.

Натыйжада пенсионерлер акчасыз калбашы үчүн өкмөт мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорду, жеке банктык эсептерди сунуш кылышы керек. Же болбосо пенсияны түздөн-түз бюджетке байладык деп ачык эле жарыялап, даректүү социалдык жардам программасын иштеп чыгып, аны колдоно баштоо керек.

- Даректүү социалдык жардамдын мааниси эмнеде?

- Даректүү социалдык жардамда эл ичинде аныктоо, иликтөө жүргүзүлөт. Биздин кайсы пенсионерлерибиз чыныгы жардамга муктаж болсо, аларга бюджеттен жардам берилет. Балким ошондо жардамдын көлөмү көбүрөөк болот. Бирок балдары бутуна туруп, ачка калбай турган пенсионерлерге болсо акча берилбеши мүмкүн. Даректүү социалдык жардам түздөн-түз бюджеттен берилет. Эгерде бюджеттин көлөмү өссө, ал жардамдын көлөмү да өсөт.

- Бул теңсиздикти жаратып калбайбы? Убагында иштегендер пенсияга чыкканда акчасын алышы керек да?

- Эми теңсиздик дегенде, союз урады. Анын карыздары бизге калды. Андай карыздардын бири – бул пенсия. Бирок азыр ал карызды жабабыз деп эски эле система менен иштей берсек, биз өзүбүздүн келечегибизди жок кылып салабыз.

- Келерки жылы өкмөт ички дүң продукция кеминде он пайызга өсөт деп пландап жатат. Азыркы шартты эске алганда бул канчалык реалдуу?

- Он пайызга өсүштү камсыздай турган кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөрдү көрбөй жатабыз. Азырынча андай белги, шарттар жок. Экономика өсүш үчүн кандайдыр бир жаңы өндүрүштүк тармак пайда болушу керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG