Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:08

Кыргызстан ишкерлер союзунун аткаруучу директору Нуржигит Кадырбеков өлкөгө инвесторлорду тартуу шарттары туурасында "Азаттыкка" кеп салды.

- Кыргызстанда сырттан келген ишкерлер, инвесторлорго кысым көбөйгөнү айтылууда. Ушундай кысымдар көбөйүп атса башка инвесторлордун келишине таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

- Бул маселеге укуктук баа бериш керек, жалаң эле саясий нукта караганда бир жактуу болуп калат. Келген адам канчалык деңгээлде Кыргызстандын мыйзамдарын сактап, сыйлап атат, бул өзүнчө маселе. Бирок тилекке каршы коррупция деген өнөкөт биздин өлкөдө проблема бойдон калууда. Жакында эл аралык уюмдардын берген баасы боюнча 187 мамлекеттен 164 позицияда болдук. Бул өтө уят, төмөн көрсөткүч болуп саналат. Булар эмне үчүн камалганын, эмнеге ушундай жоопкерчиликке тартылып атканын айтыш кыйын. Бирок буга окшогон фактылар инвесторлордун келишине албетте тоскоол болот. Анткени инвестор биринчи кезекте өзүнүн жана бизнесинин коопсуздугуна кепилдик болсо экинчиси, алардын иштерине мыйзамсыз тоскоолдуктар болбошуна кепилдик болгондо гана келет.

- Кыргызстан өзүнүн инвесторлорун коргой албайт деп айтышат. Бул жаатта салык дагы төлөнүп, ошол эле учурда инвесторлордун укуктары да корголгондой кандай мыйзамдар керек деп ойлойсуз?

-Бул маселелер боюнча иш аракеттер болуп атат, бирок өтө жай кетип атат. Бул жерде комплекстүү караш керек. Анткени макроэкономикалык шарттар дагы аябай чоң мааниге ээ. Айталы, саясий стабилдүүлүк, эгер Кыргызстан тууралуу революциялар, төңкөрүштөр, конфликттер, кан төгүлгөн окуялар тууралуу маалыматтар дүйнөгө таркап атса, албетте мындай өлкөгө инвестор тобокелге салып келиши абдан кыйын. Экинчиден, соттордун адилеттүүлүгүнө кепилдик болуш керек. Анткени алар адилетсиздикке туш болсо, кайрыла турган орган - бул соттор. Кылмыш, криминалитет чоң бизнестерде өздөрүнүн үлүштөрү бар. Ушуга окшогон маселелер инвесторлорду абдан кооптондурат. Ошондуктан Кыргызстанга чоң, олуттуу өзүн сыйлаган инвесторлор келбейт деген да пикирлер бар. Алды-сатты, майда-чүйдөлөр, мыйзамды сыйлабагандар, жергиликтүү коррупцияга ыңгайлашууга макул болгондор келиши мүмкүн. Мындай дагы маселелер жок эмес.

- Апрел, июнь окуяларынан кийин Кыргызстанда иштеп аткан инвесторлордун кыйласы чыгып кеткен, келе тургандары келбей калган. Инвесторлордун келишине Кыргызстан кандай шарттарды түзүш керек?

- Тез өнүккөн өлкөлөрдү алалы, мисалы Азия дракондору деп коёт, алар абдан бат өнүккөн. 1960-жылдары бизден артта калган өлкөлөр болчу, азыр болсо дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн катарына кирди, Сингапур, Түштүк Корея, Малайзия сыяктуу өлкөлөр. Булар биринчи кезекте инвесторлорду аябай тартканга аракет кылган. Анткени мамлекеттин өнүгүшү үчүн каражат, ресурс керек. Ресурс жетишпейт бизде, деңизге чыга турган жолубуз жок, кен байлыктарыбыз чектелүү, географиялык шартыбыз оор. Ошон үчүн бизге капитал керек. Капиталды инвесторлор аркылуу алабыз.

Түз инвестиция, портфелдик инвестиция деп коёт. Инвестиция латынчадан которгондо киийндирүү дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан башка адамдардын капиталын бул жака алып келишибиз керек. Аларды алып келиш үчүн алар билиш керек, эгер Кыргызстанга барсак, бизди мыйзам түрүндө коргойт, салган каражатыбыздан киреше алганга мүмкүнчүлүк болот, биз ушул жерде бир нерселерди курабыз, акыбети кайтат деген ишеним болуш керек. Ал өлкөлөр ушундай кепилдикти түзүп бере алган. Бул үчүн укук коргоо органдарынын функциялары жана мамлекет адамдарды коргоо, чет өлкөлүктөрдү коргоо деген функциялары мыкты аткарылышы керек. Анан бажы, салык, ишкерлердин укугун коргоо саясаты менен комплекстүү иш-чара болуш керек.

- Рахмат маегиңизге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG