Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

Бакиевдин бийлиги тушунда лицензия берилген Иштамберди кенин учурда кытайлык компания иштетип, бул кенден Кыргызстан казынасына салыктан башка пайда түшпөчүдөй. Тек гана 50 чакырым жолду салып берүү жагын компания мойнуна алган.

Жалал-Абаддагы Иштамберди кени сентябрда ишке киришкени менен азыр кендеги алтын чыгаруучу комбинат убактылуу токтоп турат. Анын ишине нааразы болуп, кезегинде жол бууганга чейин барган жакынкы айылдардын тургундарын алигиче экология маселеси түйшөлтүп жатат.

Иштамбердиде алтын өндүрүлө элек

Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна караштуу Иштамберди кенинде чайкоо жолу менен алына турган кумдуу алтын жана таштуу алтын кендери бар. Кумдуу кендерде алтындын аз эле запасы болгондуктан мындай очоктор дээрлик чайкалып бүтүп, көбүнесе ири запастуу таштагы алтын кендери гана калган.

Иштамберди кени

Иштамберди кени

Соңку чалгындоолор боюнча Иштамберди кенинде жердин 300-350 метрдик катмарында 20,4 тонна алтын бар экени аныкталган.

350 метрден ылдый дагы ондогон тонна алтын болушу мүмкүн.

Иштамбердиде кен казуу ушул сентябрь айында башталганы менен ишкана алтын өндүрүүгө толук кандуу кирише элек. Кенди иштеткен “Фул Голд Майнинг” башкы инженери Акылбек Эрматов билдиргендей, ушул тапта комбинаттын иши токтоп турат:

- Электр энергиясына байланыштуу азыркы учурда комбинат токтоп турат. Себеби биз электр энергия ала турган Шакафтар деген подстанциянын реконструкциясы бүтпөй калган. Ошол подстанция эмки жылы бүтөт деп жатышат. Ошону каржылайсыңар деп 2 миллион 6 миң сурап жатышат. Бизде андай тыйын жок, кепилдик да жок болуп жатат.

Иштамберди кенин иштетүүгө кимге, качан, кандай шартта лицензия берилген? Башынан айтып берели... Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, Иштамберди кени Советтер союзу тушунда ачылып, бирок ал мезгилде бул кенди иштетүүгө киришкен эмес.

Алтын кен жол курууга айырбашталган

Кенди кайрадан чалгындоо мындан 6-7 жыл мурдараак гана башталган. 2005-жылдын 5-ноябрында Кытайдын China Road And Bridge Corporation корпорациясына Иштамберди кенин чалгындоо, 2007-жылдын 6-февралында кендин үстүңкү катмарын иштетүү үчүн лицензия берилген.

Мындай чечим "Табигый ресурстарды инвестицияга алмаштыруу деген өкмөттүк схеманын алкагында кабыл алынып, лицензия алган China Road And Bridge Corporation Ош-Сары-Таш-Иркечтам автожолунун 190-240-чакырымын курууга милдеттендирилген. Мындай келишим март ыңкылабынан кийин премьер-министр болуп дайындалган Феликс Куловдун тушунда түзүлгөн.

Негизи China Road And Bridge Corporation жол курууга гана ылайыкташкан ишкана болгондуктан, Иштамбердини иштетүү үчүн “Фул Голд Майнинг” аттуу жаңы ишкана түзүп чыгат. 2007-жылдын 23-августунда жаңы түзүлгөн ишкананын колуна Иштамберди кенин чалгындоо жана иштетүү боюнча эки лицензия өтөт. “Фул Голд Майнинг” ишканасынын негизги үлүшүнө Кытайдын "Линбао Хуанцин" аттуу жоопкерчилиги чектелген коому ээлик кылып калат.

Ошентип Иштамберди кени Ош-Сары-Таш-Иркечтам жолунун 50 чакырымын куруу үчүн айырбашталган, жол куруунун наркы 25 миллион 300 миң доллар деп бааланат. Деген менен, адистердин айтымында, кендеги 20 тонна алтындын наркы бул суммадан ондогон эсе көп болгондуктан, бул келишим көбүрөөк Кыргызстанга эмес, кытайлык компанияга пайдалуу болгон.

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин башкы директору Ызат Токтомамбетов кытай ишканасы жолду ушул октябрь айында толук бүткөргөнүн кабарлады:

- 2008-жылдын май айында башталган, октябрь 2011-жылы бүткөн. Азыр бул жолду иштетип жатабыз. Документтери, майда-чүйдөлөрү бир жылга чейин түзүлө берет. Биз жолду кабыл алып иштетип жатабыз.

Калк арасында кооптонуу бар

Ош-Сары-Таш-Иркечтам жолунун курулушу жүрүп жатканда Иштамберди кенинде да алтын комбинаттын курула баштаган. 2008-жылдан баштап “Фул Голд Майнинг” компаниясы жалпысынан 96 миллион доллар инвестиция алып келген.

Бирок ушул жылдын август айында Иштамбердиге жакын орун алган Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылынын тургундары нааразы болуп чыгып, компания цианидди колдонуп, мындан жергиликтүү элге зыян тийип жатат деген жүйөө менен кенге кеткен жолду буушкан болчу. Жергиликтүү эл таза суу чыгарып берүүнү, оор унаалардын айынан бузулган жолдорду оңдоону жана цианидди колдонууну токтотууну талап кылышкан.

Мындай нааразылыктардан улам Иштамбердиде курулуш иштери токтоп, 500дөн ашуун жумушчу акысыз эс алууга жиберилген. Кенди иштеткен компания кенге жакын жайгашкан Кызыл-Токойдо эки чакырым, Терек-Сайда дагы ушунча узундуктагы жолду асфальттап берүүгө убада берген.

Калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, нааразылыктар басаңдаганы менен айрым тургундар арасында алигиче кооптонуулар бар. Иштамберди кенине жакында барып келген “Азаттыктын” кабарчысына Кызыл-Токой айылынын башчысы Мирлан Мырзаев мындай пикирин билдирген:

- Химикаттар менен иштеген фабриканын калдыктар жаткан жери бар. Ал талапка жооп береби, же жокпу билбей жатабыз. Менимче, ал жер 25-30 жылга чейин бекем болушу керек эле. Булардыкы азыр эле түбүнөн сарыгып чыгып, сууга кошулуп кетиптир.
Бул ишкана жол куруу боюнча баштапкы келишимди аткаргандыктан өндүрүлгөн алтындын басымдуу бөлүгү ишкананын чөнтөгүнө түшөт.

Кантсе да “Фул Голд Майнинг” экологиялык маселер боюнча экспертиза жүргүзүлгөнүн, кендин айлана-чөйрөгө олуттуу терс таасири жок деген каршы жүйөсүн айтууда. Маселен, компаниянын башкы инженери Акылбек Эрматов калктын талаптары четинен аткарылып жатканын белгилеп, кооптонууга негиз жок деп далилдейт:

- Экологиялык жактан алганда дамбабыз “Евростандарт 2” менен курулган. Бизде Иштамберди деген кичинекей суу бар. Биз сууну процесске насос менен сордуруп алабыз. Суу процесстен чыккандан кийин калдыктар сакталчу жайга барып, ал жерде тунулуп, топурагы калат. Тунгандан кийинки таза суусу болсо кайра процесске кошулат. Иштамберди суусуна кир суу кошулбайт.

Иштамбердиде мамлекеттин үлүшү жок

Ошентип “Фулд Голд Майнинг” ишканасы сентябрь айында ишке салынды. Ал эми алтын өндүрүүгө жаз алды киришүүнү көздөп жатат. Жаратылыш ресурстары министрлиги билдиргендей, бул ишкана жол куруу боюнча баштапкы келишимди аткаргандыктан өндүрүлгөн алтындын басымдуу бөлүгү ишкананын чөнтөгүнө түшөт.

Анын үстүнө бул кенде мамлекеттин үлүшү жок болгондуктан негизинен Иштамбердиден Кыргызстан казынасына салык түрүндө гана пайда түшөт.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин статс-катчысы Наби Эшназаров:

- Азыркы белгиленген кенди иштетип бүткөнчө 1 миллиард 700 миллион сом түшүшү керек экен. Бул техникалык экономикалык негиздеменин болжолдуу жыйынтыгы боюнча. Андан кийин 600дөй жумушчу орундары түзүлөт.

Иштамбердидеги 20,4 тонна алтынды иштетүү үчүн “Фулд Голд Майнинг” ишканасына 2017-жылга чейин лицензия берилген. Бул мөөнөткө чейин кендин 300-350 метрдик катмарын иштетип бүтүрүүгө тийиш. Ошол эле учурда Иштамбердинин тереңирээк катмарын чалгындоого мүмкүнчүлүк бар. Тоо-кен тармагы боюнча адистер Иштамберди өңдүү бир катар алтын кендеринде мамлекеттин үлүшү жок болуп калганын сынга алып келишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG