Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

Өкмөт чырлуу кенди иштетүүгө бел байлады


Таластагы Жерүй кени боюнча митинг, 22-апрель, 2013-жыл

Таластагы Жерүй кени боюнча митинг, 22-апрель, 2013-жыл

Өкмөт Жерүй алтын кенин иштетүүгө конкурс жарыялоону чечти. Таластагы бул алтын кенди иштетүүгө 2013-жылы да конкурс жарыяланып, бирок ал ийгиликсиз аяктаган. Бул ирет өкмөттүн аракети натыйжа береби?

Таластагы Жерүй алтын кени талаш жана чырга байланыштуу көптөн бери иштетилбей келатат. Бир жагынан жергиликтүү калктын бир бөлүгү кенди иштетүүгө кескин түрдө каршы чыкса, экинчи жагынан кендин мурунку кожоюндары эл аралык сотторго берип, чатакты ырбатууда.

Мына ушундай чатак жана келишпестиктерге карабай, 2013-жылы өкмөт Жерүйдү сатуу боюнча конкурс уюштуруп, баштапкы баа катары 300 млн. доллар койгон. Бирок конкурс болбой калган. Анткени бир гана инвестор келип, конкурс болбой калды деп жарыяланган.

Эми өкмөт кайрадан Жерүй боюнча конкурс жарыялоону чечти. Бул үчүн 25 кишиден турган комиссия түзүлүп, анын жетекчилигине Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев дайындалды.

Зилалиевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, комиссия биринчи жыйынын 17-февралда өткөрүп, 23-мартта конкурстун биринчи этабын өткөрүүнү чечти:

- Конкурстук комиссия чогулду. 23-мартта өткөрөбүз деп турабыз. Бул биринчи бөлүгү болот. Конкурс эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүк үчүн 30 күн, экинчи бөлүк үчүн дагы 30 күн берилет. Баштапкы баа мурункудай эле 100 млн. доллар деп турат. Бирок ал жерде мындай мүмкүнчүлүк берилет: эгерде компаниялар көбүрөөк беребиз десе, ар бир 10 млн. доллар үчүн бир баллдан кошулат.

Иштетилсин - иштетилбесин

Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, комиссиянын курамына Талас облусунун тургундары да кирди. Ал эми Байкоочу кеңешти негизинен Таластын тургундары түзөт. Конкурс расмий түрдө жакынкы күндөрү жарыяланат. Бирок ага чейин эле Түркия, Кытай, Түштүк Корея жана Австралиядан келген төрт компания кызыгуу көрсөтүп, конкурска талап кылынчу документтерди сурап жатат.

Мурунку вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов Жерүй алтын кенин иштетүүгө дүйнөлүк атагы бар компанияларды Кыргызстандын шарты менен тартуу ийгиликке алып келет дейт:

- Профилдик, белгилүү дүйнөлүк компанияларды киргизүү керек. Экинчиден, ошол компания менен биздин өкмөт башкы келишимди түзүп, чыгарган алтындын канча пайызы Кыргызстанга, канчасы инвесторго, Талас өрөөнүнө, Бекмолдо айылына бериле турган каражаттар так жазылыш керек.

​Базарбай Мамбетов Өзбекстандын тажрыйбасын эске салды. Бул кошуна мамлекетте 12 алтын кени иштетилип, жыл сайын 100 тоннадан ашык алтын казылып алынат. Алардын катарында америкалык атактуу "Ньмонт" компаниясы да бар. Өзбекстанда чет өлкөлүк компаниялар алтындын 30% алганына ыраазы болуп жатканын Мамбетов кошумчалады. Белгилеп кете турган нерсе, Кыргызстанда Кумтөрдөн жылына 18 тоннанын тегерегинде алтын алынат.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев Жерүй алтын кени иштетилиш керек дейт:

- Жерүйдү сөзсүз иштетүү керек. Таласта жол курулбашы керекпи? Медицинага карабашыбыз керекпи? Таласты көтөрүшүбүз керек да.

Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, конкурска инвесторлор дагы келбей калышы мүмкүн. Анткени Жерүй боюнча 450 млн. доллар доо арыз жана конкурстун шарты боюнча коюлган 100 млн. долларды көтөрүү оңой эмес.

Жерүйдүн иштетилишине каршы митинг, 15-май, 2013-жыл

Жерүйдүн иштетилишине каршы митинг, 15-май, 2013-жыл

Жерүй алтын кенин иштетүү Талас облусунун тургундарынын арасында эки ача пикирди жаратып келатат. Облустун айрым тургундары кенди иштетүүгө макул болгону менен, башкалары каршы.

“Талас эл ынтымагы” коомунун төрагасы Серен Шейшенов Жерүйдү иштетүү аракети каршылык жаратат деп эскертүүдө:

- Талас облусунда 37 айыл өкмөтү, 93 айыл бар. Ошол 93 айылдын ичинен үч айылдын көпчүлүк тургундары ачылсын деп атат. Ошол эле Бекмолдо айыл өкмөтүнүн Кара-Ой айылы ачылбасын деп атат. Биздин максат ачылсын же ачылбасын эмес, убактылуу мораторий киргизип туруу. Ошол талапты коюп атабыз. Келечекте алтын кен элдин, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн экологиялык коопсуз шартта иштетилиши керек.

Серен Шейшенов Шыралжын кенин иштетүүдө чыккан чатакты эске салып, бул жерде андан чоң жаңжал чыгып кетиши мүмкүндүгүн эскертет.

Көздү жайнаткан алтын

Жерүй алтын кенинде 80 тоннанын тегерегинде алтын бар экени маалым. Бул кен Кыргызстандын эгемендүүлүк доорунан бери көптөгөн инвестормун деген адамдардын колуна тийип, бирок иштетиле элек.

Таласта жол курбашыбыз керекпи? Медицинага карабашыбыз керекпи?

Мына ошондой инвесторлордун бири Казакстандын "Визор" аттуу компаниясы. Ал "Жерүй боюнча лицензиябызды мыйзамсыз тартып алды" деп, кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитражга берген. Сураган доосу 450 млн. доллар. Ушу тапта кыргыз өкмөтү да, казак тарап да сотко даярдык көрүп жатканы маалым.

Азыркы кезде Жерүй алтын кенине орусиялык олигарх Сулейман Керимов да кызыгып жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Сулейман Керимов Орусиянын дагы бир олигархы Михаил Потанин менен алтын казуучу “Полюс золото” аттуу ири компаниясына ээлик кылат. Дал ушул Сулейман Керимов Бишкекке келип, Кыргызстандын жетекчилиги менен Жерүй боюнча сүйлөшүү өткөрүп кеткени айтылууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG