Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Геология жана минералдык ресурстар агенттиги Жерүй алтын кенин сатуу үчүн сынак күнүн ушул аптанын соңуна чейин аныктарын билдирди.

Бирок жергиликтүү калк ичинде Кумтөр маселеси оң чечилмейин, Жерүйдү иштетүүгө жол бербейбиз дегендер чыгууда.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин статс-катчысы Наби Эшназаров, ишкер Кытайбек Романов жана Таластан "Элдик көзөмөл кыймылынын лидери" Серен Шейшенов.

“Азаттык”: Жерүйдү сатуу үчүн сынак күнү апта соңуна чейин аныкталат экен. Бул боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Иштете турган тарапка кандай шарттар коюлуп жатат?

Наби Эшназаров: Жерүй сатылат деген туура эмес. Кен байлыкты иштетүүгө укук гана алышат. Ошол үчүн 100 млн. доллардан кем эмес төлөм бериши керек. Өкмөттүн токтому менен 40 кишиден турган ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Буга чейин деле сынактар болгон, бирок анда онго жетпеген гана киши катышчу.

Бул ирет ачык-айкын болуш үчүн тизмеси чоң болду. Комиссия шарттарын, талаптарын талкуулап жатат, баары бүткөндөн кийин жарыяланат.

Негизги талаптардын бири – утуп ала турган компаниянын тоо-кен тармагында иштеген тажрыйбасы болуш керек, эгер сынактан утса, 100 млн. доллардан кем эмес акчаны (балким бул 150-200 млн. болушу мүмкүн, муну комиссия аныктайт) бир айдын ичинде төлөп бериш керек. Алгач жергиликтүү калктан башында 50-50 жумушчу болсо, кийин ал жерде иштеген чет элдик адистер 10% ашпаш керек. Мындан башка да талаптар бар.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Серен мырза, Жерүй боюнча социалдык пакеттин долбоорун сунуштадыңыздар. Ошол эле кезде Кумтөр маселеси оң чечилмейин, Жерүйдү иштетүүгө жол бербейбиз дегендер бар. Коюлган талаптар эске алынса, Жерүйдү иштетүүгө жергиликтүү тургундар макул болобу?

Серен Шейшенов: Таласта 2-февралда ушуга байланыштуу жыйын болду. Көптөн бери мындай болгон эмес эле, жыйын ачык өттү. Алдыңкы катмарда отурган айрым “дүжүр” деген наамга конгон аксакалдар "колдош керек, ачыш керек" деп сүйлөп чыкты. Бирок ал жерде элдин көпчүлүгү ачылбасын, бизге тынчтык бергиле, оокатыбыз жакшы өтүп атат, Кудай берген табийгатты бузбагыла деп суранып жатышат.

Биз да Кыргызстандын күчтүү, түптүү болуп, экономикасынын көтөрүлүшүнө абдан зарбыз. Бирок Кудай жараткан аска-зоолорду, тоолорду, сууларды болбогон алтынга алмаштыруу саткынчылыкка барабар.

Кытайбек Романов: Комиссия болду, бул чоң комиссия болуп атат, сынак болот деген – көз боёмочулук. Мен бул маселени иликтеп келатам. Ал эми социалдык пакет дагы элди алдоо.

Таластын элинен тышкары да Кыргызстандын эли бар. Бизде кандай шартта алтын кени сатылыш керек, ал пайда кандай бөлүнүш керек деген бир гана мыйзам болуш керек. Албетте кен казылып жаткан жердегилердин үлүшү бул жерде көбүрөөк болот. Эл аралык нормада мисалы, Ташкентте алтын кендерин иштетүүгө берет. Инвестор өзү келет, 51% Ташкенттин банкында калат. Башкача айтканда, 100 тонна алтын казса, 51 тоннасы өзбектерге калат, 49 тоннасы инвесторго. Бизде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке зор өлчөмдө зыян келтиргени үчүн бир да киши соттоло элек. Ушуну ишке ашыруу керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG