Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Кадыров: Бюджет маселеси курч турат


Келерки жылдын бюджети, анын чыныгы иш жүзүндөгү тартыштыгы тууралуу суроолорго экономист, эксперт Дастан Кадыров жооп берди.

- Жыл жаңырарына саналуу күндөр калды, бирок 2013-жылдын бюджети али кабыл алына элек. Бул эмнеден кабар берет?

- Бюджет тууралуу талаш-тартыштар көп болуп жатпайбы, ошондон улам аны кабыл алуу да кечеңдеп жатат.

- Келерки жыл бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн айырмасы, т.а. дефицит аз көрсөтүлүп жатат деген пикирлер бар. Сиз кандай ойлойсуз?

- Мынча өлчөмдөгү тартыштык Акаев учурунда деле болуп келген. Бирок ошондон бери система жөндүү курулбай жатат. Мындан чыгуунун эки гана жолу бар: же аябай үнөмдөө керек же акчаны өтө көп табуу зарыл.

- Каржы министрлиги трансфертсиз, грантсыз киреше 79 млрд. сом деп айтып атат. Бизде 79 млрд. сомдук ички-тышкы ресурстар барбы деген суроо туулат?

- Мынча акчаны албетте чогултууга болот. Бирок кептин баары бизде салык төлөөчүлөрдөн салыктын баары алдын ала алып койгонунда. Эгер мындай система менен кете берсек, Кыргызстан эртедир-кечтир экономикалык жактан оор акыбалга кептелет.

- Быйылкы бюджеттин абалын көрүп турабыз, өкмөт акча жоктугунан майыптардын пенсиясын минималдык керектөөгө жеткире көбөйтө алган жок. Кийинки жылы да ушундай эле кыйынчылыктар бюджетти жана жарандарды күтүп турган жокпу?

- Мисалы, Бабановдун өкмөтү Жол коопсуздугун видео камералар менен көзөмөлдөө долбоорун кабыл алып, ага 4 млрд. сомдон ашуун акча каралган болчу. Бирок бул деле МАИ тармагындагы коррупцияны жок кыла алган жок. Коррупцияны жеңүү үчүн өкмөт коррупционерден акылдуу болуусу керек. Бюджеттин тартыштыгын азайтуу үчүн акчаны көп табуунун жолдорун сунуштап, азыркы өкмөткө долбоорлорду киргиздик. Бирок бюрократия деген аябай күчтүү система экен, аны сындыруу же бир нерсени алдыга жылдыруу өтө оор болуп атат. Биз сырттан каржылык агымдарды Кыргызстанга алып келүүнү сунуштаганбыз.

- Мына кышкы ызгаарда карыз үчүн казактар газ берүүнү азайтты. Эми “Кыргызгазды” орустарга сатуу маселеси көтөрүлө баштады. “Кыргызгаз” ишканасын сатуу менен кыргызстандыктардын көгүлтүр от көйгөйү чечилеби?

- Менимче Орусияга берген туура эле. Анткени алар Казакстан, Өзбекстан менен башка деңгээлде сүйлөшө алат. Биздин керектөөчүлөргө дайыма газ болуп турганы жакшы.

- Кыргыз өкмөтү “Кыргызгаз” ишканасын 1 долларга берүүгө даяр экенин билдирип жатканына ыраазы болушубуз керекпи же нааразыбы?

- Ишкананын мойнунда 38 млн. доллар карызы бар деп айтылып атат, ошол карызы менен кошо 1 доллар деп айтылып жатса керек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG