Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:52

Кара-Кече көмүр кенинде жылуулук электр борборун куруу боюнча жарыяланган тендер катышуучулардын жоктугунан улам болбой калды.

Өкмөт жакын арада аталган долбоорго кайрадан сынак жарыяланарын маалымдоодо. Он жылдан ашуун убакыттан бери көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келаткан бул долбоор өзүн актабасын айрым эксперттер белгилешүүдө.

Багы ачылбаган "байлыкпы"?

Кара-Кече көмүр кенине жылуулук электр борборун куруу долбоору тээ союздун тушунан бери эле көтөрүлүп келе жатканы белгилүү. Мурдагы президенттердин тушунда улам бир коомчулуктун назарына илинип, кайрадан коңулга калтырылып жүргөн бул долбоор өткөн жылы экс-премьер-министр Темир Сариев тарабынан кайра көтөрүлгөн. Темир Сариев Кара-Кече кенин комплекстүү иштетүү боюнча уюштуруу иштерин тездетүүнү тапшырып, Кара-Кече долбоору Балыкчы-Кара-Кече темир жолун куруудан башталарын, ага жараша он миңдеген жумуш орундары түзүлөрүн да максат кылган эле.

Кара-Кече-Нарын кен бассейнинде алты миллиард тонна көмүр кени бар экен. Биз болсо 25 жылдан бери Бишкек ТЭЦинде Казакстандын көмүрүн жагып келатабыз. Миллиарддаган акчабыз Казакстанга кетип жатат.

Быйылкы жылдын 1-мартынан тартып долбоор боюнча сынакка документтерди кабыл алуу башталган. Талапка ылайык, Кара-Кечени комплекстүү иштетүүнү максат кылган тарап көмүр кенин да иштетип, жылуулук электр борборун куруп жана ошондой эле Балыкчы-Кара-Кече темир жолун курууга тийиш болчу. Документтерди кабыл алуу 15-апрелде аяктамак. Өкмөттүн маалыматы боюнча бир жарым айлык убакыт кенди комплекстүү иштетүүгө кызыккан ишкерлер үчүн аз болуп калган.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов 19-апрелде журналисттерге маалымдаганына караганда, бул тендерге катышууну каалаган ишкерлер долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин бүтүрө албай калган, ошондуктан жакынкы бир ай ичинде бул долбоор боюнча кайрадан сынак жарыяланат. Өкмөт сынактын шарттарын жаңылап иштеп чыкмакчы.

Мурдагы талаптар боюнча, Кара-Кече жылуулук станциясынын курулушуна жалпысынан 1 млрд. 200 млн. доллар жумшалмак. Мындан тышкары Кара-Кече көмүр кенинде жылына 3,3 млн. тонна көмүр казып алынышы керек эле. Анын ичинен Бишкек ТЭЦине 1 млн. тонна, Кара-Кече ТЭСине 1,8 млн. тонна көмүр бөлүштүрүлөрү айтылган.

Төрт сомдук электр энергиясы кимге керек?

Бул долбоордун көп жылдардан бери көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келе жатышын айрым эксперттер көп каражат талап кылынуусу жана андан иштелип чыккан электр энергиясынын баасы кымбат болору менен байланыштырууда. Тоо-кенчилер ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеевдин айтуусунда, долбоор ишке ашкан учурда да анда иштелип чыккан электр энергиясынын өздүк баасы 4 сомдун айланасында болот:

Орозбек Дүйшеев

Орозбек Дүйшеев

- Азыр 70 тыйындан кымбат деп аткан элибиз, кеминде 4 сомго айланган электр энергиясын сатып алабы? Албайт. Ошондуктан, мунун келечеги жок, өзүн актабайт деп илгертен эле айтып келе жатабыз. Өкмөт мына ушундай маселелерге келгенде окумуштуу адистердин пикирин сурап койбой, өзүмбилемдик менен мамиле кылганы өкүндүрөт. Андан көрө ошол эле көмүр кендин жанындагы Көкөмерен суусуна ГЭС куруу алда канча пайдалуу болмок. Союздун тушунда Көкөмерен суусуна эки ГЭС куруу боюнча да долбоор иштелип чыгып, бирок кийин каралбай калып кеткен. Кара-Кечеде көмүр менен иштелүүчү жылуулук электр станциясын иштетүүдөн көрө, Көкөмерен ГЭСтерин иштетүү экологияны сактоо боюнча дүйнөлүк талаптарга да жооп бермек.

Дагы бир адис, эмгек сиңирген энергетик Райымбек Мамыров болсо Кара-Кече көмүр кенин комплекстүү иштетүү Кыргызстан үчүн пайдалуу болот деп эсептейт. Анын пикири боюнча, долбоорго жарыяланган сынактын шарттары катаал болгону үчүн ага катышуучулар кызыкпаган болушу ыктымал:

- Бул тендердин талаптары катаалыраак болуп калды го менимче. Анткени, жылуулук электр станциясын курууну каалаган кишиге темир жолдун кереги деле жок. Ал көмүрүн казып алып, электр энергиясын чыгарып, линия куруп алып сата бермек да. Темир жол көмүрдү башка жакка алып кетүү үчүн керек. Көмүр биз үчүн керек. Мындан тышкары ЖЭС курулган соң, анын 30% Кыргызстан ээлик кылат дегендей да талаптар бар эле.

"Суу сактагычтын суусун карабай калмакпыз"

Кыргызстан жылына орточо эсеп менен 12-14 млрд. кВт электр энергиясын керектейт. Расмий маалыматтар боюнча жыл сайын бул көрсөткүч дээрлик үч пайызга өсүп тургандыктан, улам жыл өткөн сайын Кыргызстандын өзүндө өндүрүлгөн электр энергиясы жетпей калууда. Анын үстүнө акыркы жылдары кургакчылыктан улам, электр энергиясынын негизги булагы болгон Токтогул суу сактагычында суу азайган. Буга байланыштуу Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын 1 кВт саатын 5 сомдун айланасында сатып алууга аргасыз болгон.

Жогорку Кеңештин отун-энергетика комитетинин мүчөсү, депутат Экмат Байпакбаев Кара-Кечеге жылуулук электр станциясын куруу Кыргызстанды Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнөн көз карандылыктан арылтат деген үмүттө:

- Кара-Кечеде ЖЭС иштеп калса, Токтогул суу сактагычындагы суудан көз каранды болбой калмакпыз. Андан чыккан электр энергиясын запаста кармап турат элек. Экинчиден, Кара-Кече көмүр кенин комплекстүү иштетүү Бишкек жылуулук борборунда да өзүбүздүн арзан көмүрүбүздү жагууга мүмкүнчүлүк түзмөк. Мендеги маалыматтар боюнча, Кара-Кече-Нарын кен бассейнинде алты миллиард тонна көмүр кени бар экен. Биз болсо 25 жылдан бери Бишкек ТЭЦинде Казакстандын көмүрүн жагып келатабыз. Миллиарддаган акчабыз Казакстанга кетип жатат.

Кыргызстан өткөн жылы Париждеги климатка арналган саммитте абага чыгарылуучу уу заттардын көлөмүн 30% азайтууну убада кылган. Аны менен бирге президент Алмазбек Атамбаев өнүккөн өлкөлөрдөн Кыргызстанда ГЭСтерди курууну ишке ашырууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. ГЭСтер демекчи, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жана Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча Орусиянын убадасы ишке ашпай калды. Кыргызстан бул долбоор боюнча кыргыз-орус келишимин январь айында жокко чыгарган. Ал эми Орусия расмий түрдө Жогорку Нарын каскадынын курулушун каржылоону 9-августтан тарта токтотору 19-апрелде маалым болду.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG