Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Кошоев: Кыргызстан-Түркия соодасы азаят


Максат Кошоев (оңдон биринчи) кыргызстандык ишкерлердин дүйнөлүк форумунда. 30-август. 2013-жыл. Стамбул, Түркия.
Максат Кошоев (оңдон биринчи) кыргызстандык ишкерлердин дүйнөлүк форумунда. 30-август. 2013-жыл. Стамбул, Түркия.

Өткөн жылдын сегиз айында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-сатыктын көлөмү 320 млн. долларды түздү. Ал эми 2013-жылы жалпысынан 297 млн. доллар болгон болчу.

Бирок ишкерлерде быйыл Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин бул көрсөткүч кайрадан азаят деген божомол бар.

Түркиядагы “Кыргызстан: достук жана маданият коомунун” башкаруу кеңешинин мүчөсү жана Кыргызстандын Соода палатасынын Түркиядагы өкүлү Максат Кошоев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү тууралуу келишимге кол койду. Түркия менен соода-сатыктын тагдыры кандай болот?

Кошоев: Азырынча бир аз төмөндөйт деген божомол бар. Анткени Кыргызстан Бажы биримдигине кире элек учурда Түркиядан Кыргызстанга кирүүчү товарлардын бажы төлөмү килограммына 35 центтен 50 центке чейин болчу. Эми биримдикке киргенден кийин төлөмдөр 35 центтен 2 долларга чейин кымбаттайт. Буга жараша товарлардын баасы да кымбаттайт. Ошондуктан кардарларда сатып алуу мүмкүнчүлүгү да кыскарып, товарлар өтпөй туруп калат. Ошондон улам кыйынчылык сөзсүз болот.

“Азаттык”: Кыргызстандын Бажы кызматынын маалыматы боюнча Түркиядан келип жаткан товарлардын Бажы биримдигине киргенге чейинки үстөк пайызы 10% экен, биримдикке кошулгандан кийин 75% чейин көтөрүлөт. Бул канчалык деңгээлде реалдуу?

Кошоев: Биз мурдараак экономика министри Темир Сариев менен жолугуп, сүйлөшкөнүбүздө ал Түркиядан кирүүчү айрым товарлар үчүн жеңилдик сурап жатышканын айтты. Бирок ишенүүгө кыйын, жеңилдик болбойт го. Азырынча сөз жүзүндө эле айтылып жатат окшойт.

Бажы биримдигине кирсек, ага мүчө мамлекеттердин базары биз үчүн ачылат деп айтып атышат. Жакшы мүмкүнчүлүк, бирок аны канчалык колдоно алабыз? Кыргызстандык ишкерлер ага даярбы? Бул үчүн мамлекет өзү да ишкерлерге көмөктөшүп, аларга каржылык жактан жардам берүүгө тийиш, ошондо гана биздин ишкерлер Бажы биримдигиндеги өлкөлөрдүн ичиндеги башка ишкерлерден айырмаланып, алдыга чыгат деген үмүт бар. Бирок мамлекеттин кийлигишүүсүз бул ишке ашпайт.

“Азаттык”: Бирок ошол мамлекеттер Кытай менен Түркиянын товарын Кыргызстан аркылуу алууга макулдук береби? Анткени алар үчүн деле кайсы бир товарды түз, арзан сатып алууга караганда Кыргызстан аркылуу сатып алуу пайдалуу эмес да.

Кошоев: Менимче макул болбойт. Анткени Бажы биримдигинин ар кайсы чек арасынан кирген импорт товарларга бирдей бажы төлөмдөрү алынгандыктан Кыргызстандан кирсе да, Орусиядан кирсе да айырмасы жок.

Анын үстүнө Орусия Түркияга бизге караганда жакыныраак, деңиз жолу бар. Ошондуктан логистика жагынан Кыргызстан башка союздаштарынан алдыга чыгат деп айтуу кыйын. Себеби Орусияга Стамбулдан товарлар 2-3 суткада жетсе, Кыргызстанга эки жумада жетет. Логистикадан уттуруп коюшубуз мүмкүн.

Бирок канткенде биз Бажы биримдигинин курамында туруп, Түркия, Кытай менен соода-сатыктын көлөмүн азайтпай сактап кала алабыз деген суроого жооп издеп жаткан учурубуз. Бул Түркиянын Кыргызстан менен иштешкен ишкерлеринин да тынчсыздануусун жаратып турган мезгил. Ошондуктан мамлекет кыргызстандык ишкерлерге, өндүрүшкө жардам берсе жакшы болмок.

Өткөн айда президент Сауд Арабия баш болгон бир катар араб мамлекеттерине барып келди. Ал жактан узак мөөнөткө насыя алып, аны ишкерликти колдоого жумшаса, Кыргызстан алдыга оозуп чыгат деген ишеним бар. Бажы биримдигине киргенден кийинки өлкөнүн экономикасы толугу менен мамлекеттин, бийликтин аракетине, колдоосуна көз каранды болот.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG