Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:19

Артыкбаев: “Центеррадагы” акцияларыбызды алуу аракети бар


Осмонбек Артыкбаев
Осмонбек Артыкбаев

“Кумтөр” алтын кенин иштеткен “Центерра голд инк” компаниясынын вице-президенттик кызматы үчүн Кыргызстандын атынан үч талапкер ат салышып жатат.

Алтын кендин айланасындагы бул өңдүү соңку жагдайлар боюнча “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун жетекчиси Осмонбек Артыкбаевди кепке тарттык.

- “Центерра Голддун” вице-президенти болушу үчүн Кыргызстандын үч жараны сынактан өтүп жаткан экен. Алар кимдер? Алардын тоо-кен тармагы боюнча тажрыйба, билими барбы?

- Биринчиден, тоо-кенин иштетүү багыты боюнча эл аралык деңгээлдеги тажрыйбасы бар адамдар. Экинчиден, булар англис тилин билген адамдар. Ал эми эң башкы талап - алардын Кыргызстандын жараны болушу.

- Компаниянын вице-президенти кыргыз тараптан дайындалышынын кандай пайдасы бар? Муну менен Кыргызстан компаниядагы позициясын бекемдей алат деп айтууга болобу?

“Кумтөр” алтын кени
“Кумтөр” алтын кени
- Вице-президент түздөн-түз кыргыз элинин атынан жалаң эле “Кумтөрдү” башкарбай, “Центеррага” кирген дүйнөдөгү ар багыттагы кендерди башкарууга мүмкүнчүлүк алат.

- Бул үч талапкердин бирөө качан тандалып, качан ишке киришет?

- Негизинен конкурска отуз адам катышкан. Отуздан биз алтоону тандап, Канада тарапка сунуш кылганбыз. Канада тарап үчөөнү тандап алды. Жакынкы аранын ичинде үчөөнүн бирөөнү тандайт дагы, бизге сунуш кылат.

- Тандалган вице-президент кайда иштеп, маянасы канча болот?

- Негизинен Кыргызстандан барган вице-президент Канаданын мыйзамынын негизинде иш кылат. Торонтодо иштейт. Айлык маянасы вице-президенттик кызматка жараша болот. Бул айлык өтө чоң деңгээлде болот.

- Кыргызстан ар кыл эл аралык милдеттенмелерин аткарбаса, “Центерра Голддогу” акциялар камакка алынышы мүмкүн деген маалыматтар бар. Эмне себептен мындай сөздөр чыгып жатат?

- Негизинен “Центерра голддогу” Кыргызстандын үлүшү “Кыргызалтынга” таандык. Бирок “Кумтөргө” байланышы жок эл аралык маселелер боюнча Кыргызстанды сотко бергендер болушу ыктымал. Анан биздин чет жактагы актив катары “Центеррадагы” акциябызды камакка алат деген ойлор болуп жатат. Негизинен ушундай болушу мүмкүн. Ошондуктан тез аранын ичинде бул багыт боюнча биз чара көрүшүбүз керек.

- Мисалы, кандай чараларды көрүү керек?

- Мисалы, ушул тапта бир иш жүрүп жатат. “Ак кеме” деген мейманкананы билесиз да. Ошол боюнча түрк компаниялары мамлекетти сотко берип, “Центеррадагы” биздин акцияларды алганга аракет кылып жатат. Биз мамлекеттин жана “Кыргызалтындын” кызыкчылыгын коргоо үчүн тынбай иш жүргүзүп жатабыз. Ал үчүн эл аралык деңгээлдеги юридикалык компания биздин кызыкчылыкты коргоп жатат. Эки-үч сот болду. Анын баарын жылдырып жатышат. Ошол эл аралык юридикалык компания менен кызыкчылыгыбызды жакшы коргоп жатабыз.

- “Кумтөр” алтын кени Кыргызстандын казынасынын негизги бөлүгүн камсыз кылып келет. Соңку мезгилде алтын кенден табылган кирешелер сол чөнтөккө кетип жатат деп айтып чыккандар болууда. Мындай кептер канчалык негиздүү?

- Негизинен тескерисинче болуп жатат. Бул “Кыргызалтында” мен тогуз айдан бери иштеп жатпаймбы. “Кыргызалтын” Кыргызстандын “Центеррадагы” акцияларына түздөн түз көз сала турган уюм. Былтыр казынага түшкөн салык 5 миллиард сомдун тегерегинде болсо, быйыл 9 миллиардга чамалап барып калды. Атамбаев башкарган өкмөттүн, “Кыргызалтындын” маселени катуу коюшунун негизинде 4 миллиардга жакын акча кошумча келип жатат.

Эми тактап айтсак, 33 миллион доллар дивиденд алдык. Быйыл 110 миллион доллар салык катары түшөт. 10 миллион доллар “Ысык-Көл” фондусуна түшөт. Андан тышкары дагы 10 миллион доллар 27 мектепти куруу үчүн келип түшүп, азыр мамлекеттин эсебинде турат. Андан тышкары Соцфондго быйыл сүйлөшүүнүн негизинде 6 миллион доллар жылына түшө турган келишимге кол коюлду. Андан тышкары 2010-жылдын эсебинен азыр 302 миллион сомду казынага котортуп, түшүртүп жатабыз.

- Буга чейин “Центерра голддун” директорлор кеңешине мүчө болуп кыргызстандыктар кирет деп айтылбады беле. Алардын ишинен жыйынтык болдубу?

- Мурун директорлор кеңешине эки эле адам кирчү. Быйыл дагы бир адамды коштук. Үчөөнүн бирөө бюджетти анализдөө багытына кирди. Натыйжада Кыргызстан компаниянын акчалары кандай колдонулуп жатканы боюнча көзөмөл жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк алды.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG