Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:14

Атайын кызмат башчысы Шамил Атаханов жаңы каржы агымдарын басып алууну көздөгөн күчтөр “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканасын бөлүп-жарып сатып алууга далалат кылып жатканын билдирди.

Башкы чекист аны колдон чыгарып жиберүү өлкөнүн маалымат коопсуздугуна коркунуч туудура турганын эскертти.

Байланышты алсак, баарын алабыз дегендер бар”

Улуттук кооопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Шамил Атаханов “Кыргызтелекомду” бөлүп-жарып сатып алууга кызыкдар күчтөр кимдер экендигин ачыктаган жок. Болгону стратегиялык маанидеги мамлекеттин менчигин ээлеп калуу аракеттери тынымсыз улантылып жаткандыгын айтуу менен чектелди.
Мунун артында 2010-жылы 7-апрелге чейин ишкананы ала турган болуп калышкан баягы эле чет элдик шылуундар турат. “Кыргызтелекомду” сатып жиберүү мамлекеттин маалымат коопсуздугуна коркунуч туудурат


Жогорку Кеңештин коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Токон Мамытов бул боюнча коңгуроо кага тургандай коркунуч бар экенине мындайча токтолду:

- Эмне үчүн эле буга дайыма кызыкдар болуп жатышат? Анткени буга ээлик кылуу биринчиден, ири киреше булагын колго алуу. Экинчиден, маалымат, коммуникация системасы аркылуу бардыгын башкарып алууга болоорун жакшы түшүнүп турган мына ошол кызыкдар топтор аны колго алып, ал аркылуу таасирин күчөтүүнү каалашат. Ошондуктан алар ар кайсыл жолдор менен кирип, маселени өз пайдаларына чечүүгө талбай аракет жасап жатат. Мунун артында 2010-жылы 7-апрелге чейин ишкананы ала турган болуп калышкан баягы эле чет элдик шылуундар турат. “Кыргызтелекомду” сатып жиберүү мамлекеттин маалымат коопсуздугуна коркунуч туудурат.

“Кыргызтелекомду” жеке менчик колго сатуу аракети биринчи жолу эле болуп жаткан жок. Аны мамлекеттен ажыратуу демилгеси президент Акаевдин учурунда эки жолу көтөрүлүп, бирок парламенттин колдоосуна ээ болгон эмес. Бакиевдин маалындагы өкмөт 2009-жылы “Кыргызтелекомду” менчиктештирүүгө тыйуу салынган стратегиялык объекттердин тизмесинен чыгарып, бирок сатууга үлгүрбөй калган.

Бөлүп-жарып алуунун бөтөнчөлүгү

Жакындан бери телерадио сигналдарды таратуучу ишкананы (РПО МТР) бөлүп алып калып, “Кыргызтелекомдун” өзүн сатуу маселеси кайрадан көтөрүлдү. Байланыш агенттигинин статс-катчысы Абдисамат Сагынбаевдин айтымында, “Кыргызтелекомду” бөлүп-жарып сатуу анын стратегиялык маанисине доо кетирет:

- Аны бөлүп сатуунун максаттуулугун карап чыгуу боюнча чечим кабыл алынган. Буга чейин токтом чыгып, “Кыргызтелеком” кандай сатылышы керек жана андан РПО МТРди кантип мамлекеттин карамагына бөлүп калыш керек деген маселе талкууланган. Бирок биз бул бир бүтүн эки нерсени бири-биринен ажыратып кароого болбой тургандыгын айтканбыз. Анткени аны бөлүп салсак, бирдиктүү тармактык системага доо кетип, бири-бирисиз иштеши кыйын болуп калат.

Менчикке берүү мээнетти талап калбайт

“Кыргызтелекомдун” кайсы бир бөлүгүн сатууну колдогондор да жок эмес. Анткени алар жабдуулары эскирип, жаңыланууга муктаж ишканага ири суммадагы каражаттарды киргизүү зарылдыгын айтышат.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Турат Мадылбеков мамлекет өзүнүн көзөмөлдөө укугун сактоо менен аны жеке колго берүүдөн коркпош керектигине басым жасады:

- Эгерде аны сатсак көзөмөлдөөчү пакет мамлекеттин колунда калыш керек. Мына ошондо сырттан келген инвесторлор анын акциясынын кайсы бир бөлүгүн сатып алып, заманбап технология менен өнүктүрүп иштей берсин. Бардык эле мамлекеттерде ошондой. Болгону мына ушул тармактын толугу менен жеке колго, же чет элдик инвесторлорго кетип калышына бөгөт коюу керек.

Өкмөт болсо келерки жылдын бюджетин толтуруу үчүн ар кайсы булактардан каражат издөөгө мажбур. Ошол эле кезде “Кыргызтелекомду” сатыкка чыгаруудан чочулайт. Анткени буга чейинки башкаруу режимдерин мамлекеттик маанилүү объекттерди талап-тоноп сатып жиберген деп айыптап келген азыркы бийлик андай демилгени ачык көтөрүүгө даабай турат.

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басары Алмаз Примов бул боюнча биргелешкен өкмөттүк комиссиянын чечимин күтүшөөрүн айтты:

- Азыр эми бул боюнча дагы бир жаңы комиссия түзүлөт. Анан ошол комиссия изилдеп чыгып, кандай чечим чыгарса ошого жараша болот. Биздин позициябыз бул тармакка инвестиция киргизип, жаңылоо демилгесин колдойбуз. Бирок аны сатуу маселеси азыр саясий маселе. Ошондуктан аны өкмөт гана чече алат. Алар сатыш керек деп чечим чыгарышса сатабыз. Болбосо жок.

Азыркы учурда бул маселени жабык түрдө карап, өкмөттөн өткөрүп жиберүүгө мүмкүн эмес. Анткени мамлекеттик мүлктү сатууга макулдук берүү укугу 2011-жылы кайрадан парламентке берилген. 2008-жылы ага чейинки мыйзам күчүн жоготуп, Жогорку Кеңеш өкмөттүн мамлекеттик мүлктү башкаруу жана сатуу укугуна кийлигише албай калган болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG