Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:45

БОЛДУ, КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ САТЫЛБАЙТ!


Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров өкмөт баштагы позициясынан тайып “Кыргызтелекомду” сатпай турганын маалымдады. Кирешелүү компаниянын акцияларын сатып алууга даяр инвестор табылып, менчиктештирүү программасы парламентте бекитилгенден кийинки өкмөттүн таңкалыштуу кадамы кандайча чыгып калды?

Акылбек Жапаров 20-июндагы маалымат жыйынында Кытайдын ZTE корпорациясы Кыргызстандын ири байланыш «Кыргызтелеком» компаниясынын акцияларын сатып алууга кызыкдар экенин маалымдады. «Кыргызтелекомдун» акциялары мындан эки жыл илгери швециялык “Swidtel” компаниясына сатыла турган болуп бирок да ал сөз жүзүндө гана калган. Быйыл өкмөт «Кыргызтелекомду» дагы сатыкка коюп, аны биротоло өз алдынчалыкка чыгарууну көздөгөн.

Жакында Кыргызстандагы байланыш системасын жакшыртуу, аналог телефон байланышынан сандык телефон байланышына өтүүгө кыргыз өкмөтү Кытайдын өнүгүү банкынан 10 миллион доллар акча ала турган болуп, тийиштүү келишимге кол коюлганын А.Жапаров ачыкка чыгарды.

- «Кыргызтелеком» боюнча. Президент К.Бакиев өкмөт мүчөлөрү катышкан жыйында парламент спикеринин пикирин колдой тургандыгын билдирди. Телеком менчиктештирүү программасына киргенине карабастан, сатылбайт. Эми анын ишин жакшыртуу, мүмкүнчүлүк болсо жабдууларын жаңыртуу аракети көрүлөт. Азырынча анын JSM боюнча бир лицензиясы бар.

А.Жапаров айыл жерлериндеги байланышты жакшыртуунун жолдору иликтенип жатканын кабарлады. Жаңыртылып, жакшыртылгандан кийин гана «Кыргызтелеком» сатыкка коюлушу ыктымал. Министрдин ырасташынча, азырынча «Кыргызтелекомдун» сатылышы тууралуу так айтыш кыйын.

Анткен менен иши дурус жүрүп жаткан мамлекеттик ишканаларды жеке колго өткөрүү аракеттери көрүлүп келатканы деле жашыруун эмес. Парламент депутаты Акматбек Келдибеков байланыш тармагы жеке колдо болгону эле жакшы деген пикирде.

- Бүт дүйнө жүзүндө телеком бул менчик. Ошонун негизинде бүгүнкү күндө адамдар телефон кое албай, кезекке туруп, өнүгүү бул жерде болбой жатат. Себеп дегенде, биз муну кармап отура берип телекоммуникациянын өсүшүнөн артта калып жатабыз. Көрүп атасыз бул тармак кандай өсүп жатат. Муну сатыш керек.

Парламент мүчөсү Авасбек Момункулов негизи мамлекеттик ишканалардын арзанбаада сатылышы, алардын кайра сот аркылуу кайтарылып алынышы дагы кыйлага созулчу процесс деп эсептейт. «Кыргызтелекомдун» сатууга коюлуп, кайра алынып атышы деле өлкө азырынча мыйзам эмес, түшүнүктөр менен жашап жатканын көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG