Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

МЕКЕН МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ МЕЙКИНИНДЕ


Өлкөдө чоң менчиктештирүүнүн эпкини башталды. Анын алдында өкмөт «Кыргызтелеком», «Түндүкэлектро», «Бишкекжылуулуктармактар» ишканаларынын баасын аныктоо үчүн тендер жарыялады. Ага катышуучу баалоочу компаниялар «Кыргызтелекомдун» 77.84% акциясы, «Түндүкэлектро» жана «Бишкекжылуулуктармактар» акционердик коомдорунун 80.49% акциясы канча тураарын аныкташ керек.

Тендер жарыялаган Мамлекеттик мүлк боюнча мамлекеттик комитеттин билдирүүсүнө караганда, тендерге катышуучу компаниялар өз документтерин 20-мартка чейин бериш керек. Мамлекеттик мүлк комитетинин жооптуу кызматкери Нурбек Үмөталиевдин айтымында, тендерге чет өлкөлүк компаниялар да катыша алат:

Эгерде каалоосу болсо чет өлкөлүк компаниялар катышса болот. 17-мартка чейин «Бишкекжылуулуктармактар» жана «Түндүкэлектро», 20-мартка чейин «Кыргызтелеком» боюнча документтер тапшырылыш керек . Эрежеге ылайык тендерди жеңип алган тараптар үч компаниянын базар баасын аныктап бериш керек.

Оппозиция лидерлеринин бири Темир Сариев өлкөдөгү ири компаниялардын баасын аныктап алуу аракетин оң баалап, бирок стратегиялык ишканаларды менчиктештирүү өткөн жылы парламентти таркатуунун негизги максаты болгонун билдирди:

Парламентти таркатып, жаңы шайлоо өткөрүүнүн эң негизги максаты - ушул энерго тармагын, анан абдан орчундуу делген мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү болгон. Анын ичинде «Түндүкэлектро»,Бишкек ТЭЦи, «Бишкекжылуулуктармактар» болчу. Эми мындан кийин «Манас» аба майданы, «Кыргыз темир жол» «Кыргыалтынды» сатуу аракеттери жасалат.

Энергетикадагы страгиялык ишканалардын бир адамдын колуна топтолушу мамлекеттин коопсуздугуна олуттуу коркунуч алып келерин эскерткен Темир Сариев, ошондуктан мурунку парламент «Түндүкэлектрону» менчиктештирүүгө уруксат бербей, болгону Камбарата ГЭСтерин, Бишкек ТЭЦин «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнундөгү» мыйзамдан чыгарып койгондугун белгиледи.

Азыркы Жогорку Кенештин өнөр жай, соода, коммуникация курулуш жана архитектура боюнча комитетинин төрагасы Улукбек Ормонов мурунку парламент «Түндүкэлектрону» менчиктештирүүгө өткөн жылы уруксат бергенин белгилейт:

17-июнда «Бишкекжылуулуктармагы» боюнча чечим кабыл алынган. 29-июнда «Түндүкэлектр» боюнча чечим кабыл алынып, пилоттук долбоор катары аларды менчиктештирүүгө Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөткө уруксат берилген. Ал талкууга оппозициялык депутаттар катышкан. «Түндүкэлектрону» бүтүн бербей РЭС-РЭС кылып бөлүп берели деген сөздөрү да бар.

Ормоновдун айтымында, бирок өкмөт «Кыргызтелеком», «Түндүкэлектро» ишканаларын менчиктештирүүнүн пландарын, шарттарын азыркы парламентке алып келип, бекиттирип алууга тийиш.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Тайырбек Сарпашевдин пикиринде, Кыргызстан «Кыргызтелекомду» менчиктештирүүдө бир топ кечикти:

Биз телекомду сатуудан кечигип калдык. Төрт-беш жыл илгери уюлдук телефондор, жаңы технологиялар күчүнө кире электе сатканда, кымбатыраак сатып, мамлекет пайда көрмөк. Ал эми энергетиканы мындан беш жылдан кийин сатсак мындан кымбатка сатабыз. Телекомду дагы беш жылдан кийин сатсак азыркыдан да арзан сатабыз.

Тескерисинче Темир Сариев «Кыргызтелекомдун» мүмкүнчүлүгүн өлкөдөгү эң ири уюлдук байланыш компаниясы «Бител» менен теңейт. Анын маалыматы боюнча, «Бителдин» капиталдашуусу 1 миллиард доллар, ал эми кирешеси 700 миллион доллар болууда.

Белгилүү болгондой буга чейин «Кыргызтелекомду» менчиктештирүүгө эки ирет аракет жасалып, биринчисинде инвесторлор 150 миллион доллар сунушташкан. Экинчи жолкуда «Кыргызтелекомдун» акциясына14.5 миллион доллар жана 10 миллион доллардан ашуун инвестиция сунушталган. Бирок менчиктештирүү ишке ашкан эмес эле.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG