Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:50

“Кыргызтелеком” ишканасын банкротко учуратып, аны чет өлкөлүк компанияга сатуу аракеттери көрүлүүдө.

Аталган мекеменин радиорелейкалык магистралдар өндүрүштүк бирикмесинин эмгек жамааты мына ушундай мазмундагы кат менен мамлекет жетекчилигине кайрылды.

Буга аталган бирикмени “Кыргызтелекомдун” курамынан бөлүп, стратегиялык маанидеги өз алдынча ишкана түзүү демилгеси токтотулуп, жакында мурда кабыл алынган токтомдун мазмуну бурмаланганы негиз болгон.

Өкмөттүн ойлондурган чечими

Транспорт жана коммуникация министрлиги өкмөттүн 22-октябрдагы кеңешмесинин протоколуна ылайык, “Кыргызтелекомду” кайра түзүү, өнүктүрүү жана 51 пайыз үлүшүн мамлекеттин карамагына алып калуу менен менчиктештирүү концепциясынын долбоорун иштеп чыгууда.

Өкмөттүн аталган протоколунда республикалык радиорелейкалык магистралдар өндүрүштүк бирикмеси “Кыргызтелекомдун” курамында калтырылып, ага өзүнчө юридикалык жак катары иш жүргүзүү укугу гана берилген. Мындай чечим аталган бирикмени стратегиялык объект катары “Кыргызтелекомдун” курамынан чыгаруу боюнча 2011-жылы кабыл алынган парламенттин токтомуна каршы келет. Бул боюнча ошол кездеги өкмөт жумушчу топ түзгөн менен аны ишке ашыруу буга чейин создугуп келген.

Кыргызстандын байланыш тармагына эмгек сиңирген ишмер Абдылда Копошев парламенттин токтомунун аткарылбай калышын мекемени атайылап банкротко учуратуу аракети менен байланыштырды:

- Ушул РПО РМТР “Кыргызтелекомдун” ичиндеги эле ишкана катары калсын деп жатат. Мында парламенттин токтому бурмаланып жатат. Мекеме өзүнчө юридикалык жак катары бөлүндү деп айтылганы менен, ал укуктук жагынан баштагыдай эле “Кыргызтелекомдун” курамында калып, ал сатыла турган болсо, аны менен кошо сатылып кете тургандай кыйтыр амалдар иштелип чыкканы байкалып турат. Негизи баштапкы демилге боюнча биздин мекеме бөлүнүп чыгып, мамлекеттин алдында өз алдынча ишкана катары түзүлүш керек болчу. Бирок ишкананын соңку жылдардагы экономикалык көрсөткүчтөрүн талдай турган болсок, эч кандай өнүктүрүүгө аракет болгон эмес. Тескерисинче “Кыргызтелекомду” алсыздандырып, аны банкротко алып келүүгө белсенишүүдө. Анын каржылык абалы жылдан-жылга начарлап жатканы буга мисал боло алат. Болбосо мамлекеттик ишкана деп эле таштап койбой, аны өнүктүрүүнүн кандайдыр бир чаралары иштелип чыгыш керек эле да.

Көздү кызарткан байланыш тармагы

“Кыргызтелеком” чубалгы байланышын жана интернетти тейлесе, аталган өндүрүштүк бирикменин карамагындагы 67 станция тармагы аба аркылуу телерадио толкундарды чагылдыруу жана радио байланышты камсыздайт. Уюлдук байланыш да аталган тармак аркылуу тейленет.

Радиорелейкалык магистралдар өндүрүштүк бирикмеси 1998-жылы “Кыргызтелекомдун” курамына киргизилген. Мына ошондон тартып, 2003-2004-жылдары аны бир ишкана катары чет элдик инвесторлорго сатуу демилгеси көтөрүлүп, бирок парламенттин каршылыгынан улам алды-сатты токтотулган.

2010-жылы 5-февралда “Кыргызтелеком” ишканасы Казакстанда жана Кипрде катталган аты белгисиз концорциумга 43 миллион долларга сатылган. Бирок 7-апрелдеги элдик толкундоодон кийин кайрадан мамлекетке кайтарылган. 2011-жылы “Кыргызтелекомду” сатуудан мурун андан аталган бирикмени бөлүп чыгаруу демилгеси көтөрүлгөн.

Өндүрүштүк бирикменин коммерциялык директору Нарынбек Дүйшөнбиев учурда ишкананы кайрадан кошмоктолгон шартта гана сатуу аракеттери жүрүп белгиледи:

- Мындай аракеттер мурун эле башталган. Анткени эмне үчүн бул эки тармакты бириктиришти? Анткени аны сатып алууга кызыкдар тараптар мына ошол экөө бириктирилген шартта гана сатып алабыз деген талапты койгону белгилүү. Анткени өндүрүштүк бирикменин уникалдуу тармагысыз чет элдик инвесторлорго “Кыргызтелекомдун” жалгыз өзүнүн кереги жок. Алар өлкөдөгү аба жыштыктарын тейлеген бүтүндөй тармака ээлик кылууга кызыкдар. Биз эгерде бул тармакты колдон чыгарсак, анда мамлекет катары өз алдынчалыгыбызды толук жоготобуз. Себеби мында маалымат коопсуздугу толук чет элдиктердин көзөмөлүндө болуп калат. Көптөн бери муну сатып алууга Кытайдын Huawei Technologies деген компаниясы жандалбастап жатканы боюнча имиштер бар. Ошондуктан “Кыргызтелеком” сатылса да, анын курамынан өндүрүштүк бирикмени чыгарып калалы деп чыркырап жатабыз.

Атаандаштык алдындагы алсыздык

Ошол эле кезде “Кыргызтелеком” акционердик коомунун директорлор кеңеши коюлган дооматтарга макул эмес. Анткени ишкананы атайылып каржылык кудуретсиздикке алып келүү фактылары тиешелүү мамлекеттик тескөө органдары тарабынан катталган эмес. Ал эми киреше булактарынын кыскарышын жетекчилик байланыш тармагындагы атаандаштыктын курчушу менен түшүндүрөт. Анткени байланыштан колдонуучулар станционардык телефонго караганда, уюлдук компаниялардын тейлөөсүнө артыкчылык бергендиги ага негиз болгон. Бул фактор бир кездеги байланыш тармагындагы бирден-бир монополист саналган "Кыргызтелекомдун" абалын бир топ эле начарлатып койгон.
“Кыргызтелеком” сатыла турган болсо, өндүрүштүк бирикме анын курамынан автоматтык түрдө чыгат.

Ошол эле кезде телекомдун курамындагы радиорелейкалык магистралдар бирикмеси орусиялык телеканалдарды таратуудан эле жылына 90 миллион сом киреше табат. Уюлдук компаниялардан базалык станцияларын орноткону үчүн 40 миллион сомго чукул ижара алынат. КТРК жана ЭлТР сыяктуу телеканалдардын берүүлөрүн таратуу акысы мамлекеттик казынадан төлөнөт. Бирок каражат “Кыргызтелекомго” түшүп, түздөн-түз өндүрүштүк бирикменин телемунараларын өнүктүрүүгө жумшалган эмес.

“Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчиси Аскар Баратбаев аталган тармакка көңүл бурулбай калган деген дооматты четке какты:

- Бул туура эмес. Биз азыр РПО РМТРдин жабдуулары жаңылоо боюнча тендер жарыялап, эскилерин алмаштыралы деп жатпайбызбы. Санариптик технологияга өткөрүү боюнча 15 миллион долларга жакын сырттан насыя алуу жагы чечилип жатат. Анан жаңылангандан кийин биз мунун бардыгын радиорелейкалык магистралдар өндүрүштүк бирикмесине өткөрүп беребиз. Анан өкмөттүн чечими боюнча ага чарбалык өз алдынчалык берилет. Бирок алардын өздөрүнүн каражаты өздөрүндө калганда өзүн актай албайт. Каражаты жетпейт. Себеби мамлекеттик телеканалдардын берүүлөрүн таратуу үчүн казынадан каражат төлөнбөй келатат. Ошондуктан ушул күнгө чейин башка филиалдардын кирешесинин эсебинен аталган мекеменин кызматкерлеринин айлыгын берип, салыгын төлөп келатабыз. Сырттан алынган насыялар да бул жактан төлөнөт.

Карыздардын “кайгайы”

Буга чейин “Кыргызтелеком” ишканасы 2000-жылдан баштап санариптик байланыш технологиясына өтүү жана жабдууларды жаңылоо үчүн Кытайдын Өнүктүрүү банкынан баш-аягы 34 миллион доллардан ашуун насыя алган. Ага ылайык, ишкананын мүлкүнүн кандайдыр бир бөлүгү чет өлкөлүк банкка күрөөгө коюлган. Бирок ушул кезге чейин “Кыргызтелекомдун” директорлор кеңеши сырттан алынган карыздын жалпы суммасы жана аны төлөө чаралары боюнча маалыматтарды жашыруун кармашууда.

Мындан он жыл илгери “Кыргызтелекомдун” жылдык кирешеси 250 миллион сомго чейин жетсе, учурда 77 миллион сомго түшкөн. Мындай каржылык абалы менен ишкана карызынын кайсы бөлүгүнөн кутулуп-кутулбаганы азырынча белгисиз.

Республикалык радиорелейкалык магистралдар өндүрүштүк бирикмесинин мурдагы жетекчиси Кубанычбек Бегалиев мындай жагдайда кытайлык банк “Кыргызтелекомду” толугу менен алып коюу коркунучу бар экенин белгиледи:

- Эгерде “Кыргызтелекомдун” насыяларды кайтаруу жагы маселе жарата турган болсо, кредитор тарап анын күрөөгө коюлган мүлкүн тартып алып коюушу мүмкүн да. Мындай шартта “Кыргызтелекомдун” курамында биздин өндүрүштүк бирикме да кеткени жатпайбы. Азыркы абалында мына ушул жолго эле баратат. Анткени “Кыргызтелеком” азыр 1 миллиард 700 миллион сомдун айланасындагы насыяны аягына чейин төлөп бүтүрбөй туруп, “77 миллион сом киреше менен чыктык” деп жатат. Эгерде насыяны төлөй баштаса, анда “Кыргызтелекомдо” каражат калмак эмес. Бул ишкана түздөн-түз банкротко баратат дегенди түшүндүрөт. Мүмкүн бул атайылап жасалып жаткан болуш керек.

Өкмөттүн 22-октябрдагы кеңешмесинде өндүрүштүк бирикмени биротоло “Кыргызтелекомдон” бөлүп чыгарбастан, он күндүк мөөнөттө каржылык көз карандысыздыгын камсыздоочу өз алдынча юридикалык жак катары түзүү чечими кабыл алынган. Ошол эле учурда “Кыргызтелекомдун” 49 пайыз акциясы сатыла турганы көрсөтүлгөн. Мындай шартта өңдүрүштүк бирикме жүз пайыз үлүшү менен кайра эле “Кыргызтелекомдун” курамында калса, анда аны менен кошо сатылып, же аны менен бирге банкротко учурашы мүмкүн деген суроо кабыргасынан койулууда.

Байланыш агенттигинин статс-катчысы Абдысамат Сагынбаев мындай жагдайда өндүрүштүк бирикмени бөлүп чыгарып кетүүгө болот деп ишендирди:

- Өкмөттө аталган ишкананы “Кыргызтелекомдон” чыгарбай туруп эле, өз алдынча каржылык берип, үч жылча иштетип көрөлү деген чечим болгон. Эгерде өзүн-өзү багып кете турган болсо, ишкананы жабык акционердик коомдун макамын берип, жүз пайыз өкмөттүн үлүшү менен бөлүп чыгарып кетүү жагы каралган. “Кыргызтелеком” сатыла турган болсо, өндүрүштүк бирикме анын курамынан автоматтык түрдө чыгат. Бул жерде маселе аны бөлүүдө эмес. Маселе ал канчалык өзүн-өзү актап кете алат, мына ошондо.

“Кыргызтелеком” ишканасынын 76 пайыз акциясы мамлекеттик мүлк фондуна таандык. Акциялардын он төрт пайызы социалдык фондго жана калган беш пайызы жеке адамдарга караштуу.

"Акционердик коомдор тууралуу" мыйзамга ылайык, радиорелейкалык магистралдар өндүрүштүк бирикмеси менен “Кыргызтелекомдун” ортосундагы чарбалык мамилелер акционерлердин апрель айындагы жыйынында карала турганы маалым болду. Бирок өкмөт негизги акционер болгондуктан анын учурда сунуштап жаткан долбоору толук бекитилет дешет эксперттер.

Эске сала кетүүчү жагдай, “Кыргызтелекомдун” курамындагы республикалык радиорелейкалык магистралдар өндүрүштүк бирикмеси 2008-жылы Жогорку Кеңеш кабыл алган стратегиялык объекттердин тизмесине киргизилген. Мыйзамга ылайык, стратегиялык объекттер мамлекеттин карамагында болуп, сатыкка коюлбашы керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG