Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Сүт өндүрүшү өкмөттүн колдоосуна муктаж


Кыргызстанда быйыл сүт арзан болуп, заводдор чыгарган азык-түлүгүн сата албай убара. Фермерлер быйылкы кризис шартында аларга кайрадан кошумча нарк салыгы киргизилип жатканына да кабатыр болушууда.

Ушул тапта Таласта, Ысык-Көлдө, Нарында сүттү кайра иштетүүчү заводдор чыгарган азыктарын өткөрө албай кыйналышууда. Таластагы “Өзөн сүт” кайра иштетүүчү ишканасынын кампасында ушул тапта 50 тоннадан ашуун, “Арашан” ишканасынын кампасында 48 тоннадан ашык, “Эмилия” жеке ишканасынын кампасында 45 тонна голланд сыры менен 4,6 млн. сомдук “Крестьянское” каймак майы дээрлик жыл башынан бери сатылбай турат. Буга Казакстанга сүт азыктарын мурдагыдай сата албай калышканы негиз болууда.

Таластагы “Өзөн сүт” ишканасынын жетекчиси Бактыбек Тууганбаев Казакстандын базарларын өздөрүнүн товарлары ээлегенин, бул үчүн өкмөт өндүрүшчүлөргө субсидия берип жатканын билдирди:

- Казакстан өзүнүн ишкерлерин колдоо үчүн аларга субсидия берип жатат. Мындан тышкары Казакстандын базарларына келип жаткан европалык ишканалардын азыктары да биз өндүргөн сүт азыктарынан арзан болууда. Ушундан улам биздин азыктарыбыз өтпөй турат.

Бактыбек Тууганбаевдин айтуусунда, быйыл өндүрүлгөн сүт азыктары мурункудан эки-үч эсе арзан сатылууда, буга аргасыздык түртүүдө:

- Биз ички базарларга арзан сатып атабыз. Мисалы, былтыр голланд сырынын 1 килограммын 230 сомдон сатсак, азыр 150 сомдон өткөрө албай жатабыз. Ошону да эптеп-септеп сатуудабыз.

Ушул тапта Таласта сүттү кайра иштетүүчү жети ишкана токтоп калуу коркунучунда турат. “Талас сүт” ишканасынын жетекчиси Мырзакан Давлеталиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Казакстан Кыргызстандагы эпизоотикалык абалга шылтап, базарларын бекем жаап алгандан кийин сүттү кайра иштетүүчү заводдор кризиске кептелди.

Эми ушул шартта кыргыз өкмөтү да сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды кошумча нарк салыгынан бошотуу мөөнөтү бүткөнүн эскертүүдө. Ага ылайык, 1-сентябрдан тарта сүттү кайра иштетүүчү ишканалар кошумча нарк салыгын төлөөгө аргасыз болот. Бул ансыз деле чыгарган азыктарын сата албай отурган сүтчүлөрдүн жонунан кайыш тилген менен барабар.

“Талас сүт” ишканасынын башчысы Мырзакан Давлеталиев өкмөт ишкерлерге субсидия бербесе да, сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотуп турса деген каалоосун айтты:

- Кризис болбогондо да мынчалык билинбейт эле. Быйыл март айынан баштап кыйынчылык болуп жатат. 2014-жылы 201 млн. сомдук товар өндүргөнбүз, быйыл 100 млн. сомго жетерибиз күмөн. Биз ушул жол менен кете берсек, өкмөт бизге дотация жана башка колдоо көрсөтпөсө, анда Таластагы сегиз ишкана ишибизди токтотууга аргасыз болуп, үч жылдын ичинде жок болушубуз мүмкүн.

“Талас сүт” ишканасы кошумча нарк салыгынан бошотулганы менен мамлекеттик бюджетке 1 млн. 100 миң сом салык төккөн, социалдык фондго 2 млн. 600 миң сом салык төлөгөн. Ишканада жалпысы болуп 90 киши эмгектенет.

Нарында сүт саткандар
Нарында сүт саткандар

Таластан тышкары ушундай эле кыйынчылыкты Ысык-Көлдөгү фермерлер да тартышууда. Облустагы эң ири сүттү кайра иштетүүчү “Ак-Жалга” заводунда 120 киши иштейт. Күн сайын элден 40 тоннадан ашуун сүт сатып алынчу. Бирок акыркы убактарда бир топ азайтканын айтат ишкананын жетекчиси Күлүйпа Жүзүмалиева:

- Өндүргөн азыктарыбыз көп болуп кетти. Эч жакка өтпөй кампаларда турат. Сата албай жатабыз. Сүт азыктары аз убакыт сакталат, эскирип, көгөрүп, чирип кетет. Анан ыргытууга аргасыз болобуз. Мындай кыйынчылык баарыбыздын башыбызда бар, сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын баары кыйналып атышат.

Сүттү кайра иштетүүчү заводдор сырьену элден сатып алышат. Алсак, мурдагы жылдары элден кабыл алынуучу сүттүн баасы литрине 20 сомдун айланасында болуп келсе, азыркы учурда 11-13 сомдон болууда. Жайкы ысыкта 1 литр сүттүн баасы 8 сомго чейин түшкөн күндөр да болду. Буга өз кезегинде уй саап, сүтүн саткан малчы-саанчылар нааразы. Алар малды багууга кеткен чыгымды арзан сүттөн түшкөн киреше актабай жатканын айтып, акыркы кездерде уйларын саабай, четинен союп сатууга өтүштү дешет фермелер.

Таластагы “Өзөн сүт” ишканасынын жетекчиси Бактыбек Тууганбаев:

- Биз элди сүттүү уй кармап, анын сүтүн сатууга үйрөткөнбүз. Эми болсо сүт арзан болгон үчүн эл уйларын четинен соё баштады. Анткени бизге сүттүн бир литрин 10-11 сомдон сатуудан пайда көрбөй атышат, биз болсо андан кымбат ала албай жатабыз. Эми бир жылдын ичинде сүттүү уйлар калбай калса, кайра аларды көбөйтүү үчүн көп убакыт талап кылынат.

Нарында да сүт өтпөй турат

Бажы биримдигине кирсек эле айыл чарба азыктарыбызды кымбат баада сатабыз деген нарындыктардын ою да ишке ашпай жатат. Алар өндүргөн этин да, сүтүн да сата албай убара. Сүттүн же эттин баасы көтөрүлсө, эмгек кылып мал багат элек дегендер четтен чыгат. Акыркы убактарда аймакта сүттү киреше катары көрбөй калышты.

Кара-Кужур айылынын тургуну Ашыркүл Экенбаеванын ондон ашык саан ую бар. Бирок ал учурда күнүмдүк тамак-аш катары колдонгонго гана эки уюн саап, сүтүн айран кылып уютуп, сүзмөсүн гана 25 сомдон өткөрөрүн айтат. Калган уюн торпогу менен жайлоого чыгарып жиберген экен. Эгер сүттүн баасы көтөрүлүп, эмгекти актагыдай болсо, бардыгын алып калып саабайт белем деген оюн айтты.

- Сүттүн баасы арзан болуп атпайбы. Майы да арзан. Ошондуктан көп уй саап эмне кылам? Сүттүн баасы кымбаттаса, быштак жасап сатышса жакшы эле болмок.

Ал эми Жумгал районунун тургуну Фарида Кубатбекова айылдаштары менен курут жасап сата баштаганына бир жылдай болду. Көп эмгекти талап кылган курутунун бир килограммын учурда 100-120 сомдон сатып жатат. Эгер коңшу Казакстандын базарына алып чыкса, баасы эки эсе кымбат болорун тааныштарынан уккан экен.

- Казакстандын базарына чыгара албай атабыз. Кордайга өткөрүп берсеңер 200 сомдон алабыз дешти. Бул жакта болсо 120-130 сомдон сатып атабыз. Дагы кымбаттайт дешти, бирок көрөбүз го.

Нарын шаарында жайгашкан кичи сүт заводу үч жылдан бери иштеп келет. Заводдо бир күндө бир тоннага чейин сүт иштетилип андан быштак, айран жасалып, шаар ичиндеги дүкөндөргө таратылат. Анын жетекчиси Чыңгыз Шамшы уулу Нарын районунун айылдарын кыдырып, сүттүн бир литрин 15 сомдон чогултат. Ал кышкысын сүттүн баасы 40 сомго чейин көтөрүлөрүн айтып, малчылар үчүн бул баа канааттандырарлык деп эсептейт:

- Кышында 45 сомго чейин чыгат, жайында түшүп кетет. Ошондуктан дайыма туруктуу өлчөмдө сүт болушу үчүн өзүбүз да сүттүү уйлардан баксакпы дейбиз. Бирок баары келип эле каражатка такалып жатат.

Нарында сүт багытындагы уйларды баккан малчылар дээрлик жокко эсе. Колдогу уйун саагандар сүтүн негизги азык катары гана үй-бүлөсүнө колдонушат. Ал эми уйлардын көп сүт берген маалы жай айларына туш келгендиктен сүттөрү ирип кетпөө үчүн айран уютуп, курут жайгандар деле сүт сатуу кирешелүү бизнес деп эсептешпейт.

Кошумча нарк салыгы кимге огожо болот?

Сүттү кайра иштетип чыгарган азыктарын сата албай жаткан ишкерлер колдоо көрсөтүүнү жана кошумча нарк салыгына берилген жеңилдиктерди дагы алты жылга узартып берүүнү өтүнүп, мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге кайрылышкан. Кийинчерээк ушул эле маселелер менен азыркы премьер-министр Темир Сариевге да кайрылышты. Бирок азырынча маселе чечиле элек.

Таластагы “Өзөн сүт” ишканасынын жетекчиси Бактыбек Тууганбаев бүгүнкү пайда үчүн эртеңки болочокту садага чабуу туура эмес деген пикирде:

- Бүгүнкү күнү биздин заводдор жабылып калуу коркунучунда турат. Өкмөт болсо биздин абалыбызды түшүнгүсү келбей, “бюджетке салык төккүлө” деп жатат. Эгер ишкана бир жылдан кийин жабылып калса, салык кайдан төгүлөт?

Ушундай эле сөздү Ысык-Көлдөгү “Ак-Жалга” акционердик коомунун төрайымы Күлүйпа Жүзүмалиева да айтат:

- Бизде жергиликтүү өндүрүштү коргоо деген жок. Казакстанда президент Назарбаев өзү баш болуп көзөмөлдөп, сырттан башка азык-түлүк алдырбай атат. “Өзүбүздүкүн жегиле, өзүбүздүкүн кийгиле, өзүбүздүкүн пайдалангыла” деген саясат жүргүзүүдө. Биздин өкмөт деле ушундай кылса болмок.

Сүттү кайра иштетүүчү ишкерлердин айтуусунда, мындай жол менен бара берсе, жакынкы арада Кыргызстан кайрадан сыртка чийки сырье гана саткан өлкөгө айланат.

Өкмөт экспортту көбөйтүүнү көздөйт

Мындай дооматтарга кыргыз өкмөтү кошулбайт. Экономика министрлиги айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүчү ишкерликти колдоо үчүн бир катар программалар менен иштеп жатканын билдирүүдө.

Экономика министринин орун басары Кылычбек Жакыпов 21-сентябрда ишкерлер менен жолугушуу учурунда ишкерликти бардык тараптан колдоо болуп жатат деген маалыматты айтты:

- Кыргыз өкмөтү экспортту өнүктүрүү боюнча алдыдагы эки жылга атайын план түздү. Мунун ичинде тигүү өнөр жайы, айыл чарба азык-түлүктөрү, эт жана сүт азыктарын сыртка сатуу жана кайра иштетүү тармактары да бар.

Кыргызстанда сүттү кайра иштетүүчү ишканалар жүзгө чамалайт. Алардын ичинен 44 ишкана өндүргөн азыктарын ЕАЭБ базарларына сатууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок азырынча жети гана ишканага болгону Казакстандын чектеш аймактарына азыктарын сатууга уруксат берилди. Буга карабай, жакында эле Казакстан жергиликтүү өндүрүшчүлөрүн коргоо максатында Кыргызстандын “Крестьянское” каймак майын алуудан баш тартты.

Ушундай эле колдоого Кыргызстандын сүт азыктарын өндүрүүчүлөр да муктаж. Союз тараган маалда талкаланган сүт чарбалары кайра калыбына келип, иштеп, жемишин берип жаткан чакта дагы талкаланчу болсо, бул жолу аны кайра калыбына келтирүү оорчулукка турарын буга чейинки жарамсыз аракеттер көрсөткөнү белгилүү. Экономика министрлиги болсо алдыдагы эки жыл Кыргызстан ЕАЭБ алкагындагы өткөөл, оор жыл болорун айтып, андан кийин өнүгүү болот деп ишендирип келет.

XS
SM
MD
LG