Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Бишкектеги кымыз ордосуна саякат


Бишкектик кымызпоздордун ордосу – Ош базары. Сүттөн жасалган сары май, курут, кала берсе чөбөгө да ушул базардан чекене жана дүңүнөн сатылып, Казакстанга чейин ташылып жатат.

Ош базарынын ортосунда эки кымызкананын бири Бурул айымдыкы. Кымыз бизнесиндеги көп жылдык тажрыйбасынан улам аны бул жердин кардарлары “кымыздын жаңылбас дегустатору” деп коюшат. Ал 19 жылдан бери Кочкордун кымызын алып сатат.

- Көчөлөрдө, боз үйлөрдө сатып жүрүп акыры ушул жерден имаратты ижарага алдым. 7-8 жылдан бери иштейм. Кирешемди айта албайм, балдарымдын окуу акысын төлөп жатабыз, кыскасы жетип жатат. Бир литри 80-100 сомдон, күнүнө 500-600 литр сатам. Орусияга ичкени, сатканы алып кеткендер бар.

Бул кымызканадан ардагер мугалимдер, журналисттер, интеллигенция өкүлдөрүн көрөсүң. Кубан ата 50 жылдан бери кымыз ичип келатат.

- Азыр кыргыздын кымызы ичилбеген жер жок. Акыркы 2-3 жылдан бери Москвага тууган-туушкандарына алып кетишүүдө. Казактар кымызды илгери эле Каркырадан ташычу, жайлоонун өзүнө барып. Алматыда жада калса "Каркыранын кымызы" деп күтүшчү.

Макаланын аудио варианты бул жерде:
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:55 0:00
Түз линк


Профессор Ниязбек Шаршеев да кымызды көп жылдан бери ичет. Күндө кымызканага келип ысык май токоч, куурдак менен кымыз ичип кетпеген күнү болбойт экен.

- Бул жерге Кочкордун Сарала-Саз, Сөөк, Ийри-Суу деген жайлоолорунан келет. Ар күнү ар жеринен кезектешип алып келишет. Кыргыздын интеллигенциясынын башы ушул жерден кошулат. Шаардыктар кымыз ичип, шахмат ойноп чер жазып кетебиз.

Кымыз болобу, курутпу, сары майбы – сатык чордону Ош базары. Куруттун ондон ашуун түрүн көрөсүң. Аппак болуп жайнаган куруттун сөөмөйдүн учундайынан муштумдайына чейин бар. Дүңүнөн саткан Аиданын эң ири кардарлары казакстандыктар.

- Казакстандыктар 1 тонна, 5 тонна же 10 тонна кылып ар кандай көлөмдө алып кетишет. Астана, Алматы, Чымкент шаарларына ташыйт. Азыр эми курут жасаган жерлердин өзүнө барып алып калышты. Жалал-Абад, Өзгөн, бул тарабы Ат-Башыга чейин барып жатышат.

Сары майдын арааны кышта ачылат. Бирок орозо айында да сары майга үзүлүп түшкөндөр толтура. Гүлипа айым колхоз тарап жумушсуз калгандан тарта май алып сатып, балдарын окутуп, бутуна тургузуп келет. Муну үй-бүлөлүк бизнеске айлантып алышкан.

- Жумушуң жок болсо, ушуну алып сатып, тирилик кылып көнүп калдык. Азыр сезон, орозодо көп сатылып жаткан учуру. Анан кышта жакшы болот. Кышында күнүнө 1000-1500 сомго чейин пайда табабыз. Бирок башка учурларда деле такыр сатылбай калган күн болбойт. Акырындан өтө берет. Сары майдын арты менен кенен-кесири кийинип-ичинип атабыз, тамагыбыз ушул жерден чыгат.


“Эл аралык стандарттарга жооп бербейт” деген жүйө менен Казакстан жана Орусия Кыргызстандын сүт азыктарына 2006-жылдан бери тыюу салган.

Ага карабай сүт азыктары ар кандай жолдор менен сыртка агылууда. Мисалы, Ат-Башыдан, Нарындан түз эле Алматыга жана Астанага сүзмө, курут ташыгандар бар экен. Бирок алар жүйөлүү себептерден улам ачыкка чыгышпайт. Казак базарларында кыргыздын куруту, сары майы жана сүзмөсү каны жерге тамбай сатылган товарлар катарына кирет экен.

XS
SM
MD
LG