Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:50

Эл аралык ишкер кеңешинин эксперти Кубан Ашыркулов Кыргызстанда кен иштетүүгө байланышкан маселелер боюнча маек курду.

“Азаттык”: Кен чалгындап, казып жаткан компаниялар менен жергиликтүү элдин тил табыша албай жаткан учурлары Кыргызстандын дээрлик бардык жеринде бар. Мунун башкы себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Кубан Ашыркулов: Бул жерде бир гана тарап күнөөлүү эмес. Бул көп тармактуу маселе десем болот. Бир жактан бул жерде компаниялардын деле салымы бар. Балким алар эл менен тыгыз байланышта иштебей, экинчи жактан жергиликтүү эл толук маалымат албай, ар кандай имиштер чыгып, ага ишенип, маселе көтөрүлүп жатат.

Жергиликтүү эл баарынан да экология маселесинен коркуп жатат. Бул компаниялар баарын булгап, талкалап, экология бузулуп, радиация болот, алтын казган жерлер бузулат деген сөздөр чыгат. Эксперттер ачыгын айтпагандан кийин эл ар кандай имиш сөздөргө ишене берип, карама-каршылыктар пайда болуп жатат. Ал эми компаниялар эксперттерин алып келсе да ага эл ишенбей жатат.

Ошол эле компаниялар иш баштаардын алдында ар кандай экспертизадан өтүшөт. Өкмөттүк адистер текшерип, кооптуубу, же кооптуу эмеспи деген корутундусун берет. Бирок жергиликтүү эл ага да көп ишене бербейт. Бул жергиликтүү элдин компанияларга, же өкмөттүк уюмдарга, эксперттерге ишеничи болбой калганынан кабар берет.

“Азаттык”: Кен тармагындагы маселелер боюнча өткөндө Бишкектеги талкууда кен казган компаниялар менен жергиликтүү элдин ортосунда мамлекет көпүрө болуп, туура маалыматты жеткириши керек деген ой айтылган. Эгер эл мамлекетке да ишенбей атса, анда кырдаалдан чыгуунун кандай жолдору бар?

Кубан Ашыркулов: Бул бир эле күндө чечиле калчу маселе эмес. Баары кол кабыш кылып, маселени чечүүгө жабыла киришсе жакшы болот эле. Биринчиден, өкмөт өзү тоо-кен тармагы Кыргызстан үчүн керекпи, же керек эмеспи деп чечиши керек. Тоо-кен тармагы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошобу, же жокпу деп, ушул маселени так коюшу керек.
Балким кенден түшкөн салык республикалык бюджетке эмес, жергиликтүү бюджетке берилсе, бул бир топ акча болот эле.

Жалаң эле өкмөттө эмес, Жогорку Кеңеште да ушул позиция так болсо жакшы болот эле. Андан кийин компаниялар менен чогуу, жергиликтүү бийлик, айыл өкмөттөрү, айылдык кеңеш менен бирге маселени чечкенге киришсе, ошондо пайда чыгат эле деп ойлойм.

Азырынча өкмөт да бир жагынан пикирин айтпайт, экинчи жактан парламентте да бул керек, керек эмес деген ар кандай сөздөр болуп жатат. Азыр маселени чечүүдө компаниялар жергиликтүү эл менен өздөрү эле калды.

Баары чогулуп киришип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кендин жанында жашаган эл менен сүйлөштүрүп, балким жергиликтүү эксперттерге ишенбесе, башка мамлекеттен келген көз карандысыз эксперттер текшерип, алар өздөрүнүн корутундусун берсе жылыш болмок. Бул жерде компания жана мамлекеттин өкүлдөрүнөн сырткары эл аралык уюмдар да киришпесе, маселе курчуп баратат.

“Азаттык”: Жакында эле өкмөт жыйынында кен иштетүүдөн түшкөн салыктын теңин жергиликтүү бюджетке калтыруу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул маселени чечүүгө өбөлгө боло алабы?

Кубан Ашыркулов: Бул проблеманы толугу менен чечпесе да, жеңилдеткенге салым кошот. Анткени көбүнчө кендер алыс жерде жайгашкан, инфраструктурасы начар өнүккөн, социалдык олуттуу көйгөйлөрү бар аймактарда орун алган. Ошон үчүн жергиликтүү элдин арасында “баланча компания келди, баланча миллион доллар сарптап атат, биз болсо анын четин да көрбөйбүз”, - деген сөздөр болот. Ошондон кийин кыжырдануу болот, ал акча чоңдордун чөнтөгүнө кетип жатат деп өздөрү жыйынтык чыгарып, анан компанияларга атырылып жатышат. Ошон үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.

Азыр жергиликтүү өнүктүрүү фонддорун түзүү тууралуу сөз болуп жатат. Жергиликтүү элди колдоонун бир топ жолдору айтылып жатат. Балким кенден түшкөн салык республикалык бюджетке эмес, жергиликтүү бюджетке берилсе, бул бир топ акча болот эле. Анан социалдык маселелер чечилип, инфраструктура өнүксө, балким элдин ой-пикири да өзгөрүп, ошол компанияны колдоп бермек.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG