Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:02

12-январда "Кабар" агенттигинде өткөн жыйында лицензия берүү, кен казып алуу жана пайдалуу кен байлыктарды иштетүү боюнча мамлекеттик комиссия лицензия берүү системасы өзгөрөрүн жарыялады.

Комиссиянын маалыматына ылайык, акыркы 11 жыл ичинде кен казуу жана чалгындоо иштерине 1054 уруксат кагаз берилген. Кен казуудан болсо "Кумтөрдү" эске албаганда мамлекеттик бюджетке болгону 5 миллиард сомдон ашуун киреше түшкөн.

Адистердин эсеби боюнча, лицензия алган ишканалардын аз дегенде эле беш жүзү толук иштегенде Кыргызстан бюджетине жылына он миллиард сом каражат түшүп турмак экен.

Базарбай Мамбетов
Комиссиянын жетекчиси Базарбай Мамбетов кен байлыктар коррупциянын чоң булагы болуп калганын ажыратып берди. Мында бийлик менен атайын адистешпеген майда-барат компаниялар жең ичинен лицензияларды кайра сатуу жолу менен байышкан

- Ошондой компаниялар келип, бир кичинекей участогун чалгындап, анан ошол жердеги алтындын же күмүштүн запасын аныктап, аны экспертизадан өткөрүп, Лондондо жана башка өлкөлөрдөгү фондулук биржага алып чыгып, "мына ушундай деген жерде кенге лицензиям бар, укугум бар, мынча алтын бар" деп акция чыгарып сатып байый башташкан.

Байып алган компаниялар лицензияны башка компанияларга кайра сатышканын, мындай мүмкүнчүлүктү ошол кездеги бийлик түзүп бергенин Мамбетов кошумчалады. Мисалы, көптөн бери башы ачылбай келеткан "Жер үй" алтын кенинде 74 тоннага жакын алтын жатканы анык. Бул кенди иштетүүгө 1991-жылы бир компания уруксат алган, бирок андан бери кен иштетилбестен бир колдон экинчи колго өтүп отуруп беш жолу сатылганын мамлекеттик комиссия аныктап чыккан.

Алтын Кыргызстанда, киреше башкада

Мамлекет казынасына ири көлөмдөгү каражат төккөн ишканалардын бири "Кумтөр" алтын кени болуп эсептелет. Маалыматка ылайык, бул ишкана 1997-жылдан бери 237 тоннадан ашуун алтын казып чыгып 3,5 млрд. доллар пайда көргөн. Ал эми Кыргызстанга бул убакыт аралыгында болгону салык иретинде 342 млн. доллар төлөгөн. Бул деген жалпы кирешеден мамлекетке тогуз пайызы гана түшкөнүн билдирет.

Ушундай көрүнүштөрдү алдын алууда комиссиянын төрага орун басары Топчубек Тургуналиев сунуштардын бири катары буларды айтты:

- Мындан ары кайсы гана кен байлыктар болбосун кирешеден бөлүшүү эмес, алынган асыл затты бөлүштүрүүнү сунуштап жатабыз. Эгерде биз "Кумтөрдү" 1994-жылы кирешеден эмес, алтынды бөлүштүрүү тууралуу келишимде айтсак, анда тогуз пайыз эмес, мүмкүн бир отуз кырк пайызы Кыргызстандын казынасына түшүп турмак. Эсептеп көргүлө эми. Канча түшөт эле жана биз канча уттурдук.

Т. Тургуналиев "Кумтөр" кенин башкаруу 2007-жылдан баштап Кыргызстанга өтүшү керектигин, бирок бул маселе дагы эле чечилбей келатканын кошумчалады.

Лицензия берүү, кен казуу жана пайдалуу кен байлыктарды иштетүү боюнча өкмөттүк комиссия жетекчиси Базарбай Мамбетов апрель окуяларынан бери кен иштетүүгө 193 лицензия берилгенин шардана кылып, учурда лицензия берүү ишмердүүлүгү убактылуу токтотулганын жана анын шарттарын кайрадан карап чыгуу сунушу жакынкы күндөрү караларын билдирди.

Коррупция торун жайганда...

Деген менен айрым ишкерлер мамлекттин мындай аракеттеринен мурдагы эле коррупциялык схемалардын кайталануусу мүмкүн экендигин айтышууда. Жеке ишкер Улан Кубатов:

- Албетте азыркы өкмөттүн аракеттери, ойлору жакшы. Бирок ошол эле лицензияларды кайра тактап жаткан учурда мурдагы коррупциялык схемалардын ойноп кетиши сөзсүз түрдө мүмкүн. Себеби бизде мыйзам талаасы туруктуу жолго түшө элек. Мына ушундан коркуп инвесторлор качып, чочулашы мүмкүн.

1992-жылдан бери бир да жолу өзгөртүлгөн эмес, кен иштетүүгө берилүүчү уруксат кагаздын баасы 300 сомду түзүп келген. Ал эми алтын, күмүш жана башка пайдалуу кендер бар жерди иштетүүгө берилген ошол эле лицензия эл аралык биржаларда 30-40 млн. долларга бааланарын адистер белгилешүүдө.

Лицензия берүү, кен казып алуу жана пайдалуу кен байлыктарды иштетүү боюнча өкмөттүк комиссия өткөн жылдын 28-сентябрында мамлекет башчынын жарлыгы менен түзүлүп, лицензия берүү системасын жөнгө салуу максатын көздөйт.
XS
SM
MD
LG