Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:02

Өкмөт Жерүй алтын кенин конкурска коюу алдында турат. Анын баштапкы баасы 300 млн. доллар аталган. Бирок Жерүйдүн мурунку кожоюну “Визор групп” компаниясы эл аралык арбитражга кайрылып, Кыргызстандан 400 млн. доллар өндүрүп берүүнү талап кылды. Мына ушундай шартта Жерүйгө инвестор келбесе, кенди мамлекет өзү иштетерин президент Алмазбек Атамбаев 3-апрелде билдирди. Жерүйдү иштетүүгө Кыргызстандын техникалык, финансылык мүмкүнчүлүгү барбы?

Жерүй боюнча конкурс 5-апрелде жарыяланат. Андан кийин бир ай бою инвесторлордон арыз күтүлөт. Конкурстун башкы шарты - Жерүйдү алган инвестор Кыргызстанга 300 млн. доллар төлөөгө тийиш.

Бул арада “Визор групп” компаниясы Кыргызстанга каршы доо менен Вашингтондо жайгашкан Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгөрүүчү эл аралык борборго кайрылганы маалым болду. Бул компания Кыргызстандан 400 млн. доллар өндүрүп берүү талабын коюп жатат. Маалыматка караганда, казакстандык “Визор групп” Жерүйдүн 60% үлүшүнө ээлик кылып келген.

Апрель ыңкылабынан кийин соттун чечими менен Жерүй алтын кени мамлекетке кайтарылган. Ага инвесторлорго берилген лицензиялык келишимдердин шарты аткарылбаганы негиз болгон.

Кыргызстан Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Ишимбай Чунуевдин маалыматы боюнча “Визор групптун” дооматы боюнча комиссия түзүлүп, юристтер иштеп жатышат. Бул компания буга чейин да Кыргызстанга доо коюуга аракеттенип келген дейт Чунуев:

- Мурун Өмүрбек Бабановго кат жазып, 700 млн. доллар доомат койгон. Андан кийин 400 млн. доллар деп жатат. Ала турган пайдадан кур калдык деп, дооматы көбөйүш керек эле. Булардыкы жыл сайын түшүп атат.

Чунуевдин айтымында, 5-апрелде конкурстун шарты жарыяланат. Мына ошондо “Визордун” дооматына ким жооп берери көрсөтүлөт: жаңы келе турган инвесторбу, же өкмөтпү.

Президент Алмазбек Атамбаев Жерүй үчүн коюлган 300 млн. доллардын көп болгонун, инвестор келбей калышы мүмкүн экенин эскерткен. Мамлекет башчысы 3-апрелде Бишкекте студенттер менен жолугушууда эгерде Жерүйгө инвестор келбесе, анда Кыргызстан өзү иштете турганын белгилеген.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Ишимбай Чунуев Жерүйдү каражат болсо иштетүүгө болот деп эсептейт. Бирок бюджетте каражат жок болгонун кошумчалады.

Айтылуу тоо-кенчилер Орозбек Дүйшеев, Мамат Айбалаев Жерүйдү Кыргызстан өзү иштете алаарына ишенет. Алар Жерүйдү иштетүү үчүн адистер жетиштүү дешет.

Мамат Айбалаев каражат табуунун жолу катары Жерүйдү күрөөгө коюп, банктардан насыя алуу жолун көрсөтөт. Канадалыктар деле Кумтөрду алып, андан кийин кенди банктарга күрөөгө коюп, насыя алып иштеткенин Айбалаев эске салат.

Айбалаев кенди Кыргызстан өзү иштетсе, пайдасы олуттуу болорун эсепке алды:

- Жерүйдө 80 тоннанын тегерегинде алтын бар. Бүгүнкү баа менен 4 млрд. доллардан ашык болот. Кенди иштетүүдө 4 млрд. доллардын 2 млрд. доллары чыгашага кетет. Бул эми айлык акы, өндүрүш үчүн сатып алуулар жана башка чыгымдар. Ошондо 2 млрд. доллары калат. Аны инвестор менен 50/50 кылып бөлүп алсаң 1 млрд. доллар калат. Биз 300 млн. долларга сатабыз деп жатабыз. Эгерде өзүбүз иштетсек 2 млрд. доллар таза киреше түшөт.

Техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов Жерүйдү Кыргызстан өзү иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар дейт:

- Менин оюмча мүмкүнчүлүгү бар. Аны болгону уюштуруш керек. Кадрлар бар, иштетсе болот. Бирок биздикилер иштеткенге чымырканбай жатпайбы. Чымырканганы - карыз акча алыш керек. Кумтөр деле насыя алып иштетти го. Ошого чыдап, белсенген киши керек. Белсенбей жатпайбы биздин жетекчилер. Биздин бардык балакетибиз эмнеде? Жетекчилердин жемкорлугунда. Болбосо чыдап эле насыя алып иштетсе болот. Адистер жетет, шарт бар. Кумтөргө караганда шарты жөнөкөй кен байлык. Кеп белсенип, бел байлаган жетекчинин чыкпай жатканында.

Шергазы Мамбетовдун айтымында, Кыргызстан Жерүйдү 20 жыл мурун иштете баштаса болмок. Кыргызстандык инвестор деле Жерүйдү алып иштетүүгө аракеттенген. Бирок ага бербей коюшкан.

Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча жергиликтүү калк ичинде да бир жактуу пикир жок. Кен жайгашкан Талас облусунун айрым тургундары Кумтөр маселеси чечилмейин, Жерүйдү иштетпей туруу талабын коюп жатышканы маалым.
Бирок өкмөт Жерүйдү конкурс ыкмасы менен инвесторго берүү жолун тандап, аны ишке ашырууга баратат. Ал канчалык ийгиликтүү болору жакынкы айларда айкындалат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG