Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:42

Үзүрүн бербеген кендер


Бозумчак кени
Бозумчак кени

Кыргызстанда ондогон алтын кендер бар. Алардын 95% ашууну кен иштетүүчүлөргө берилген. Өкмөт акыркы кезде кендерди иштетүүгө басым жасап, жаңы комбинаттардын ачылышын ийгилик катары көрсөтүүдө. Бирок ал кендерде кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы канчалык сакталган деген суроого көбүнчө жооп табылбайт.

Буга чейинки кыргыз өкмөттөрү Иштамберди, Бозумчак, Талды-Булак-Сол-Жээк, Жерүй алтын кендерин ишке киргизебиз, аны менен экономикалык көрсөткүчтөрдү оңдойбуз деп келген. Бирок өмүрү кыска өкмөттөр ал кендерди иштетүүгө үлгүрүшкөн жок. Кендерди ишке киргизүү бактысы же чыры азыркы өкмөт башчы Темир Сариевге туш келип отурат.

Чырлуу Жерүйдүн тагдыры кандай чечилери белгисиз. Өкмөт конкурста жеңип чыккан “Востокгеолдобычанын” 100 млн. долларын алган, бирок жергиликтүү калк менен маселе оңуна чечиле элек.

Ал эми 65 тонна алтыны бар Талды-Булак-Сол-Жээк алтын кенин ишке киргизүү аземи 29-июлда, 30 тоннадан көп алтыны бар Бозумчак кенин ишке киргизүү 1-августта өттү. Темир Сариев ошондой эле 80 тоннага жакын алтыны бар деп болжолдонгон Иштамберди алтын кени 20-сентябрга карай ишке киргизилерин кабарлады.

Бул кендерди ишке киргизүү кайсы бир деңгээлде чоң чырсыз өтүп, өкмөт башчы экономиканы көтөрүү үчүн ушундай кендердин, комбинаттардын алтын чыгара башташы канчалык маанилүү экенин белгиледи. Темир Сариев ошондой эле кендердин иштетилишине каршы чыгып жаткандарды кескин айыптады.

Чын-чынына келгенде, бул алтын кендерди иштетүүдө мамлекеттик кызыкчылык сакталбай калган. Маселен, ал кендердин көбүндө мамлекеттин үлүшү жок. Өкмөт салык жыйноо аркылуу гана кирешеге туйтунабыз деп, элди ошого ынандырууга бардык аракетин жасоодо.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев быйылкы жылы төрт алтын комбинаты ишке кирет дейт:

- Төрт кен ишке кирет. Алтынкен, Бозумчак, Иштамберди жана Караказык.

Бирок Зилалиев бул кендердин көбүндө мамлекеттин үлүшү жок экенин танбайт. Болгону Алтынкенде “Кыргызалтындын” 40% үлүшү бар экени кабарланган. Салыштырмалуу “диктатордук” деп сыпатталган Өзбекстанда алтын кендерде мамлекеттин үлүшү 70% чейин жетет. Бул маалымат өтө кызыгуу жаратарын, бирок Кыргызстанда кендердин 95% сатылып кеткенин Дүйшөнбек Зилалиевдин кейип белгилеген жери бар.

“Кыргызалтындын” мурунку жетекчиси Токон Мамытов Кыргызстанда алтын кендерде мамлекеттин үлүшү сакталбай калышын мурунку бийликтен көрөт:

- Ушул кен байлыктардын баары 2006-2007-2008-жылдары сатылып кеткен. Аягы 2009-жылы сатылган. Ошондой келишимдерге кол коюп, Максим Бакиев миллиондорду, бир миллиардды ошентип сатып чогулткан. Келишимдер ошол мезгилде түзүлгөндүктөн азыркы өкмөттүн алы жетпей жатат.

Токон Мамытов абалдан чыгуунун жолун бир гана мыйзамдарды сактоодон көрөт. Анын ырасташынча, кенди иштетүүгө киришкен компанияларды Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого мажбур кыла алсак, анда салык аркылуу да мамлекет бир топ пайда көрмөк.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков да башкача пикирде. Ал мамлекеттин үлүшү болбогон кендерде аткаминерлердин кызыкчылыгы турат деп эсептейт:

- Адатта мамлекеттин үлүшү болбосо, андай жерде чиновниктердин үлүшү болот. Кыргызстан дүйнөдөгү эң коррупциялашкан мамлекет. Коррупциялашкан мамлекетте, биздин далилибиз жок болсо да өкмөт, бийлик келишимдерде мамлекеттин эмес, жок дегенде өздөрүнүн кызыкчылыгын келишимдердин ичине жашырат дегенди Кыргызстан коррупциялашкан мамлекет деген нерсе түшүндүрүп турат.

Равшан Жээнбеков азыркы бийликте жана өкмөт кендер боюнча келишимдерди өзгөртүүгө, аларды кайра түзүүгө, анда мамлекеттин кызыкчылыгын сактоого кеңири мүмкүнчүлүк болгонун кошумчалады.

Президент Алмазбек Атамбаев Жерүй алтын кенин 100 млн. долларга сатууну колдоп жатып, мурун кендер 300 сомго эле сатылып келгенин эске салган эле.

Кыргызстан тоо кенчилер ассоциациясынын башчысы Орозбек Дүйшеев болсо Жерүйдө 3-3.5 млрд. доллар байлык жатканын, аны Кыргызстандын өзү иштетсе өзгөчө пайдалуу болорун айтып келет. Бирок аны уккан эч ким болбой турат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG