Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Артыкбаев: Кен казууда мыйзам бузуулар көп


Кыргызстанда кен казган 450 ишкана бар. Дээрлик көпчүлүгүндө экологиялык жана техникалык эрежелер сакталбай келет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Осмонбек Артыкбаев билдирди.

“Азаттык”: Орловкалыктардын кытайлык компанияга дооматы канчалык негиздүү? Сиздер ал жакта акыркы текшерүүнү качан жүргүздүңөр эле?

Артыкбаев: Ал жерде биздин комиссия иштеп келди. Техникалык жана экологиялык маселелерге байланыштуу элүүгө жакын эскертүү берилди. Ошонун отузга жакыны аткарылып жатат.

Бирок негизги маселе – калдык сактоочу жай куруу. Анын долбоору азырынча макулдашыла элек. Бирок биз принципиалдуу түрдө ал жерге курганга болбойт, коопсуз жерге алып чыгыш керек деп талап коюп жатабыз. Жол салынышы, башка иштер боюнча бир жарым миллион сомдун тегерегинде доо койдук. Азырынча ал төлөнө элек.

“Азаттык”: Сиз жогоруда айттыңыз, элүүгө жакын талап койгонбуз, жыйырмадайы аткарыла элек деп. Аткаруу талабынын мөөнөтү болобу? Балким тигил же бул талаптын аткарылыш мөөнөтү так аныкталбагандыктан ошондой нааразылыктар чыгып жаткандыр...

Артыкбаев: Баары тең аныкталган, мөөнөтү коюлган. Элде маалыматтын жетишсиздигинен жанагы маселелер келип чыгууда.

“Азаттык”: Орловкада уу калдыктарды сактоочу жайдын курулушу боюнча маселеде эмне көйгөй бар?

Артыкбаев: Калдык сактоочу жай куруунун өз талабы бар – кайсы жерге кандай куруш керек деген. Булар азыр курабыз деп ойлоп жаткан жерге биз каршыбыз. Себеби, мисалы, ал жерден суу чыгат жана башка ушул сыяктуу жагдайлар бар. Коопсузураак жерге алып чыккыла деп жатабыз.

“Азаттык”: Ошондой жер барбы Орловкада?

Артыкбаев: Албетте. Андай жер көп ошол тегеректе. Бирок алар экономикалык жагын карап жатат, жакыныраак жерден караштырып... Алыс болсо ташыганга чыгым көп кетет да. А бизге коопсуздугу маанилүү.

“Азаттык”: Жалпы Кыргызстанда кен казып, иштетилип жаткан жерлерде айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө талаптары толук аткарылып жатат деп айтса болобу азыр?

Артыкбаев: Тилекке каршы бул тармакта уруксат берген да, көзөмөл жүргүзгөн да укук бир эле мекемеде болчу. Бир колу менен уруксат берип, бир колу менен текшергенде жеке кызыкчылык үчүн көп нерселерди жаап-жашырып коюшкан. Мыйзам бузууларга аябай кенен жол берилген. Реформанын негизинде бул эки функция бөлүндү. Биз көзөмөл жагындабыз. Кыргызстанда кен казуу багыты боюнча 450 ишкана бар. Дээрлик бардыгында мыйзам бузуу бар экенин таап чыктык. Азыр бул маселени чекесинен чече баштадык.

XS
SM
MD
LG