Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

Алтын кошулмаларын чет өлкөгө таашуунун күңгөй-тескейи тууралуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Наби Эшназаров кеп салат.

- Алгач түшүндүрүп кетсеңиз, Кыргызстанда чыгарылган алтын кошулмалары, кен тектерии кайсы учурда чет өлкөгө чыгарылат? Кайсыл учурда сыртка чыгарууга уруксат берилбейт?

- Жалпысынан алганда кен тектери (рудалар) чет өлкөгө чыгарылбашы керек. Ал кен чыккан жердеги фабрикада иштетилип, концентратка айланышы мүмкүн. Анан концентратты гана алып чыкканга мүмкүнчүлүк болот. Айрым учурларда кен байлыктардын көлөмү аз болгон кендерде фабрика курганга экономикалык жактан туура эмес болот. Ошол учурда концентратты алып чыгып, иштетип, анан кайрадан өлкөгө алып кирүү керек. Бирок алып чыгарда анын баары такталып, концентратта алтын, жез, күмүш өңдүү металдардын көлөмү так аныкталып, анан гана сыртка чыгаруу керек.

- Аны ким аныктап, кайсы тармак көзөмөлдөйт?

- Негизинен өндүрүп жаткандардын өздөрүндө лаборатория болушу керек. Бирок көзөмөлдөө жагын Геология агенттиги колго алып, текшерип турушу абзел. Бирок эми чыгып бара жатканда алар концентратка да уруксат алышат. Уруксатка Каржы министрлигинин алдындагы баалуу металдар боюнча департамент көзөмөл салышы керек. Ал эми мониторинг болсо Геология агенттиги тарабынан жүргүзүлөт.

- Чоң-Алайдагы алтын кендеринен алтын кошулмаларын Кытайга мыйзамсыз ташуу боюнча кылмыш иши козголду. Алтын кошулмаларынын мыйзамсыз чыгарылып жатканын Геология агенттиги эмне үчүн көзөмөлгө алган эмес?

- Алар руданы алып чыгуу үчүн бизден үч жолу уруксат сураганда биз макул болбой койгонбуз. Кайсы бир жолдор менен алып чыгышкан экен. Анын тарыхын жакшы айта албайм. Бирок алар руданы алып чыкпаш керек эле. Фабрикадан иштелип чыгып, концентратка айлангандан кийин гана чыгарылышы керек болчу. Бирок көлөмү чоң алтын кендеринен концентрат дагы чыкпашы керек. Бардык пайдалуу металлдар жергиликтүү фабрикада гана өндүрүлүшү керек.

- Сиз алтын кошулмалары кандайдыр бир жолдор менен чыгарылганын айтып жатасыз. Бул кандай жол болушу мүмкүн? Же бул ишке коррупциялык аракеттер аралашканбы?

- Коррупциялык схемалар бар деп ойлобойм. Балким, мыйзамды билбегендиктен бир жерден уруксат берилип калганбы дейм да. Анын үстүнө бул маселени азыр айтуу да таталыраак. Анткени бир жылга чукул убакыттан бери прокуратура аркылуу териштирүү жумуштары болуп жатат. Анын жыйынтыгы чыкса гана тагыраак айтсак болот.

- Былтыр экономикалык тескөө министрлиги 2012-жылдан тарта Кыргызстанда казылган алтын рудаларын чет өлкөгө чыгарууга тыюу салууну демилгелеген. Айрым адистер да кошулмаларды сыртка ташып барып, изилдөө жүргүзүүгө тыюу салгыла деп жатышат. Бул демилгелер ишке ашып жатабы? Аларды ишке ашырууга деги мүмкүнбү?

- Эми тыюу салууну негизги жол деп эсептебейм. Азыр деген тескерисинче өкмөт тараптан атайын долбоор иштелип чыгып жатат. Кабыл алына турган болсо, концентрат, рудалар сыртка чыгарылганда экспорттук төлөмдөр алына баштайт. Балким андай болсо Кыргызстан үчүн экономикалык зыян болбойт деп эсептейм.

Айрым учурларда, аз көлөмдөгү кендерде фабрика куруу өзүн актабайт. Анын үстүнө айрым кен байлыктарды бөлүштүрүп алуунун технологиялары абдан татаал. Металлдарды бөлүп алуу үчүн өзүнчө бир чоң фабрика куруу керек. Ошондуктан бардык эле өндүрүп жаткан мекемелер экономикага карайт.

- Кыргызстандагы алтын кошулмалары көбүнчө кайсы өлкөлөргө ташылып кетет?

- Азыр бардык жакка ташылган жери жок. Учурда Жамгыр кенинен Казакстанга алып чыгып жатышат. Андан тышкары ошол Чоң-Алайдагы кен байлыктарды жогорудагыдай жол менен алып чыгышкан. Башка жерлерде андай учурлар жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG