Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:42

Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени саналган Жерүй ондогон жылдарга созулган аракеттерге карабастан токтоп турат. Бул кенди иштетем деген кезектеги компания менен кыргыз өкмөтү лицензия боюнча соттошуп жаткан чагы.

Жерүйдүн жарытылуу иштебей жатышынын себеби эмнеде? Кенди иштетүү үчүн кимдерге, качан лицензия берилген? Бул кендин пайдасын кыргызстандыктар качан көрөт?

Жерүйдө 80 тонна алтын бар

Кыргызстандын Талас облусунда орун алган Жерүй алтын кенинде кеминде 80 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. Бүгүнкү биржадагы баа менен эсептегенде бул кендеги жалпы алтындын акчалай өлчөмү 4,5 миллиард доллардан ашат.

Жерүйдө кеминде 40 жыл мурда чалгындоо иши башталганына карабастан, кенди иштетүүгө берилген лицензиялар бир колдон экинчисине өтүп отуруп, бир тоголок алтын да чыгарыла элек. Жерүйдү иштетүүгө уруксат алган акыркы компания да келишимди аткарбаган деген жүйө менен 2010-жылдын ноябрь айында лицензиядан ажыраган.

Сөз - Жаратылыш ресурстары министрлигинин статс катчысы Наби Эшназаровдо:

Наби Эшназаров

Наби Эшназаров

- Жерүй кенинин лицензиясы акыркы жолу 2006-жылы май айында биргеликте түзүлгөн “Жерүй алтын” деген компанияга берилген. Ал ишкананы “Кыргызалтын” менен “Глобал голд” биргелешип түзүшкөн болчу. 40% “Кыргызалтындын” бөлүгү, ал эми 60% ошол “Глобал голд” компаниясыныкы. Андан бери жумуштарын, милдеттерин толук аткарган жок.

Жерүй кени мындай абалга кантип келди? “Кыргызалтындын” маалыматы боюнча Жерүй кени 1968-жылдан тарта чалгынданып, аны иштетүү СССРдин 1985-1990-жылдардагы планына киргизилген. 1988-жылдары атайын каражат бөлүнүп, курулуш иштери башталган. Бирок Советтер союзунун доору бүткөндө иш ара жолдо калган.

Миллиарддык байлык жаткан Жерүйгө чет өлкөлүк бир катар компаниялар көзүн артып, 1993-жылы иш кайра жанданган. Алгач кенди иштетүү укугу АКШнын “Моррисон-Кнудсен” корпорациясына берилген. Андан соң Канаданын “Камеко” ишканасы кызыгын артып, бирок 1997-жылдары алтын кунунун түшүп кетишинен улам кенди иштетүүдөн баш тарткан.

Жерүй бештен көп компаниянын колунан өткөн

Андан кийин иштетүү уруксатын британдык “Оксус Ризорзес Корпорэйшн” компаниясы алган. Бул компания “Кыргызалтын” менен биргеликте “Талас Голд Майнинг Компани” аттуу ишкана түзүп чыккан. Ал убакта алтын наркы дале төмөн болгондуктан жаңы түзүлгөн ишкана долбоорлоо иштери менен гана алек болгон.

2004-жылы ошол учурдагы Геологиялык агенттик талаптарды аткарбады деген жүйө менен “Талас Голд Майнинг Компанинин” лицензиясын жокко чыгарган.

Бул компаниянын аткаруучу менеджери Бакыт Сейталиевдин айтымында, лицензия жокко чыгарылганына карабай “Талас Голд Майнинг Компани” Жерүйдө фабрика курулушун баштай берген. Буга ошол учурдагы кыргыз бийлигинин “лицензияны кайра кайтарып беребиз” деген убадасы себеп болгон:
Азыр “Кумтөрдүн” акциясы эл аралык биржада бир жарым миллиард доллардан ашык баада турат.

- 2004-жылдын аягында булар курулуш иштерин баштайт. 2005-жылы мартта бизде төңкөрүш болуп кетет. Компания лицензиясы жок эле жумушун баштап койгон, анан жаңы өкмөт да “жумушту уланта бергиле, лицензия беребиз” деп айтат. “Талас Голд Майнинг Компания” 2005-жылдын аягына чейин фабриканын 70 пайызын бүтүрүп койот. Бирок жаңы өкмөт да “силер мурунку келишимди аткарбаптырсыңар” деп лицензия берүүдөн баш тартат.

Лицензиянын жокко чыгарылышы менен “Талас Голд Майнинг Компанинин” көпчүлүк акциясына ээлик кылган британдык “Оксус” компаниясын кызыкчылыгын Британ өкмөт башчысы Тони Блэр өзү колдоп, ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевге кат да жолдогон. Бакиев жооп катында компаниянын келишимди аткарбаганын белгилеген.

Соңку компания өкмөт менен соттошуп жатат

2006-жылы болсо Жерүй алтын кени үчүн жаңы доор башталган. Австриялык “Глобал Голд Холдинг” компаниясы менен “Кыргызалтындын” ортосунда келишим түзүлүп, “Жерүй алтын” жабык акционердик коому түзүлгөн. Бул коом лицензия алуу үчүн казынага 5 миллион доллардык бонус же баштапкы төлөмдү төлөгөн.

Кумтөр кени

Кумтөр кени

Лицензиялык келишимге ылайык, жаңы түзүлгөн ишкана 2010-жылдын биринчи ноябрына чейин Жерүйдө фабрика куруп чыгып, декабрь айында алгачкы алтынды чыгарууга милдеттендирилген. Бирок фабриканын курулушу кечеңдеген. Көп өтпөй “Глобал Голд” компаниясынын “Жерүй алтындагы” акциясын казакстандык “Визор Холдинг” компаниясы сатып алган.

Бирок 2009-жылы ноябрь айында “Жерүй алтын” компаниясынын 100% акциясы ошол учурда Алексей Елисеев жетектеген Өнүктүрүү фонддун ишеним башкаруусуна өткөн. Мындай өзгөрүү кенди иштетүүгө инвестор издөө максаты менен түшүндүрүлгөн.

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин “Жерүй алтын” кайрадан “Визор Холдинг” менен “Кыргызалтынга” өткөрүлгөн. Бирок андан кийин деле ишкана жарытылуу иштей албай, лицензиялык келишимдин талаптары мөөнөтүндө аткарылбагандыктан 2010-жылдын ноябрь айында “Жерүй алтындын” лицензиясы жокко чыгарылган.

Буга “Жерүй алтындын” негизги кожоюну “Визор Холдинг” компаниясы макул болбой, ушул тапта кыргыз өкмөтү менен соттошуп жатат. 8-декабрда Жогорку Сотто бул иш каралганы турат. “Жерүй алтын” ишканасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Улан Ташматов мындай дейт:

- Ошол соттошкондун өзү лицензиянын алынышына макул эместигин көрсөтүп жатат. Биринчи соттук инстанцияда мыйзам канчалык бузулуп жатканы так көрсөтүлгөн да.

“Жерүй алтын” ишканасынын 40 пайызына ээлик кылган “Кыргызалтын” болсо лицензия жокко чыгарылгандан кийин Жерүй долбоорунан баш тарткан экен. Бул тууралуу мамлекеттик "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жетекчиси Осмонбек Артыкбаев “Азаттыкка” билдирди:

- Биз чогулуш өткөрүп, Жерүйдөн чыгабыз деп чечим чыгарып койгонбуз. Себеби ал компаниянын лицензиясы алынган да.

Жерүйдү Кыргызстан өзү иштете алабы?

“Жерүй алтын” негизги кожоюну “Визор Холдинг” компаниясы лицензияны кайра алуу үчүн Жогорку Кеңешке да кайрылган. Парламенттин профилдик комитети алардын жүйөлөрүн карап чыгып, өкмөттүн чечимин колдогон.

Жогорку Кеңештин отун-энергетика, кен байлыктарды пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Азамат Арапбаев сот иштери аяктаса, Жерүйдү Кыргызстан өзү да иштетсе болот деп эсептейт:

- Биз сунуштап жатабыз. Азыр “Кумтөрдүн” акциясы эл аралык биржада бир жарым миллиард доллардан ашык баада турат. Анан ошол акциялардын бир канчасын сатыппы, же күрөөгө коюп, эл аралык институттардан кредит алыппы, кенди биздин өкмөт өзү иштетсе болот. Компания жалдап түшкөн пайданын баарын мамлекетке жөнөтсөк болот, эч кимге лицензия бербей эле.

Ошентип Жерүй алтын кенин иштетүүгө 18 жылдын ичинде кеминде эле бештен ашык компания аттанып түшкөн. Эл аралык эксперттер лицензиянын тынымсыз колдон колго өтүшү өлкөдөгү инвестициялык абалга терс таасирин тийгизерин айтып келишет. Эми Жерүйдүн тагдыры кандай чечилип, качан иштеп баштаары Жогорку Соттун чечимине жараша болчудай.

Ал эми кезегинде лицензиядан ажырап, Жерүйдө фабриканын жарымын куруп койгон “Талас Голд Майнинг Компани” болсо кайрадан тендер жарыяланса, сынакка катышууга ниеттенип жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG