Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:42

Кыргызстандагы 12 кен ачык аукционго коюлганы турат. Алардын ичинде алтын жана көмүр кендери да бар.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик аукционду 28-августка белгиледи. Айрым адистер өкмөт кенди иштетүүгө убактылуу беребиз деп, кенден биротоло ажырап калабы деп кооптонууда.

Аукционго коюлуп жаткан кендерге лицензиялардын эң кымбаты - 498 миң доллар. Мындай баштапкы баа Каракужур алтын кенин изилдөөгө коюлуп жатат. Чаткалдагы Чакмак кенин изилдөөгө лицензиянын баштапкы баасы 60 долларга барабар.

Негизи аукционго коюлуп жаткан 12 кендин ичинен Чаткалдагы Башкытерек алтын кени жана Жумгалдагы Акулак көмүр кени казууга, калгандары изилдөөгө сатылат. Аукционго кендерди чыгаруу тартиби тууралуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматтык ресурс башкармалыгынын башчысы Улан Рыскулов буларды айтты:

- Аукционго кандай тартип менен койорубузду ойлонгондо же түшкөн арыздардын иретине карап, же талап көп болгон кендерди коюуну чечтик. Ирети боюнча алсак, ал мурда түшкөн бир-эки арыз келген кендер болуп калат. Анализ кылып, биз кайсы жерге каалоочу көп болсо, ошолорду койдук.

Аукционго каалаган тарап, каалаган адам катышат жана чет өлкөлүк ишкерлерге да чектөө жок. Ага жараша каалоочулар көп болоруна, дегеле тоо-кен өндүрүшү жанданарына үмүт артып тургандыгын биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Азаттыкка” билдирди:

- Алдыдагы 5 жылга чейин үмүтүбүз тоо-кен тармагында болуп жатат. Себеби бизде долбоорлор даяр турат. Тоо-кен долбоорлорду бат иштетсе болот. Жумуш орундарын бат түзүп, салыкты тез чогултканга мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, быйыл 100 миллион сом бонус төлөнгөн.

Аукцион тоо-кен боюнча мыйзамга өткөн жылы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык өткөрүлүүдө. Ага чейин эки тараптуу макулдашуу менен сатылчу. “Ата Журт” фракциясынан депутат Азамат Арапбаев парламент кабыл алган жобо бул тармактагы жемкордукту жойот дейт.

- Мисалы, бир кенге эки арыз түшсө, экөөнүн тең техникасы да, каражаты да окшош болсо, агенттик кимисин тандайт? Кантип “сен жакшысың, сен жамансың деп” айта алат? Ошентип айтпаш үчүн аукционго коюулуп, кимдин акчасы көп болсо ута берет. Мунун баарын ачык-айкындык үчүн жасадык.

Деген менен тоо-кен тармагындагы адис Орозбек Дүйшеев чечим кабыл аларда парламенттин да, өкмөттүн да адистердин пикирин сурабагандыгын катачылык катары баалайт. Ага жараша туура эмес кадамдарга барып жатышат дейт:

- Анткени аукцион деген өзү сатуу деген маселе. Кен байлыктарды сатуу Конституцияга туура келбейт. Тигилердин түшүнүгүндө “лицензияны гана сатып жатабыз” деп айтып жатышат. Терең юридикалык изилдөөгө алсак, “кен сатылды” деген түшүнүк чыгып калышы мүмкүн.

Кен мамлекеттики болуп эсептелет жана сатыкка коюлбайт. Геологдордун айтымында, Кыргызстанда 1000ден ашуун кен байлыгы табыла тургандай жерлер бар. Алтындын запасы болсо болжол менен 1000 тоннаны түзөрү маалымдалып келет.
XS
SM
MD
LG