Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

Улуттук банк убара чеккиси келбейби?


Улуттук банктын бир милдети - улуттук валюта - сомдун курсун туруктуу кармоо.

Улуттук банктын бир милдети - улуттук валюта - сомдун курсун туруктуу кармоо.

Көптөгөн мамлекеттерде Улуттук банктар акча-насыя саясатынын эле эмес, экономикалык саясаттын да негизин түзөт.

Алар насыялардын үстөк пайызын төмөндөтүү, накталай акчага болгон талапты канааттандыруу аркылуу таасир этишет. Бул Кошмо Штаттардын жана Орусиянын негизги банктарынын иштеринен көрүнүп турат. Кыргызстанда Улуттук банк ошондой ролду аткарабы?

Улуттук банктын мүмкүнчүлүгү

Кыргызстан Улуттук банкынын акча-насыя саясатынын негизги максаты инфляцияны көзөмөлдөө деп жазылган. Бул банктын андан да маанилүү милдети - улуттук валюта - сомдун курсун туруктуу кармоо болуп саналат. Ошондой эле финансылык саясатта негизги максат катары макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо да турат.

Бул милдеттер Улуттук банкка эл аралык финансылык уюмдары тарабынан эгемендүүлүктүн биринчи жылдары эле коюлган. Мына ушул саясаттын негизинде Кыргызстандын улуттук валютасы - сомдун курсу салыштырмалуу туруктуу болуп келатат. Бирок бул саясат өндүрүш тармагын каржылоону токтотуп, анын натыйжасы азыр баарына белгилүү болуп турат.

Жергиликтүү эксперттер Улуттук банктын бул саясатын сынга алып, өкмөт жана башкы банк өз мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай жатат деп айтууда.

Чет өлкөлөрдө борбордук банктар экономикалык өсүштү камсыздоодо негизги ролду ойноору маалым.

Маселен, Кошмо Штаттарда биздин Улуттук банктын аналогу болгон Федералдык резервдик система базарга чыгарыла турган доллардын саны жана насыянын үстөк пайызын төмөндөтүү аркылуу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүүдө негизги ролду ойноп турат.

Орусиянын Борбордук банкы да насыялардын үстөк пайыздарын төмөндөтүүнүн үстүндө катуу иштеп жатканы маалым. Орус банкынын негизги максаты катары инфляцияны ооздуктоо менен катар экономикалык өсүштү камсыздоо да аталган.

Кыргызстанда андай иштер байкалбайт. Эл аралык иликтөөлөр боюнча, Кыргызстан насыялардын кымбаттыгы боюнча эң алдыңкы орунда турат. Бизде насыялардын бир жылдык үстөгү 28% . Ал эми айрым микрокредиттик уюмдардын үстөк пайызы андан эселеп көп

Экономист Эркин Сакиев Кыргызстан Улуттук банкы да экономикалык өсүштү камсыздоону негизги максаты катары коюш керек деген пикирде.

Насыя үстөгүн азайтса болот эле...

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, азыркы мезгилде өкмөт менен Улуттук банк эриш-аркак иш алып баралбай жатат. Кытай, Малайзия тажрыйбалары далилдеген жол менен иш алып барса, иш алдыга жылат эле дейт Жапаров:

- Мисалы мен, Улуттук банкка мындай сунуш кылып жатам. Бүт көзөмөл силерде болгондон кийин коммерциялык банктарды карап чыккыла. Бүгүнкү күндө насыялардын жылдык үстөгү 26-28% болуп жатат. Ошонун 6-8% боюнча банктын кожоюндары, башкаруучулары менен сүйлөшүп, 6-8 үстөк пайызды кыскарткыла. Ошондо 20% калат. 20%дын 10% бюджет аркылуу он жылга субсидиялап берейли. Ошондо кардарга 10% менен насыя менен тийип калып жатат.

Жапаровдун айтымында, мына ушундай ыкма менен өкмөт өзү артыкчылык берген тармактарга - айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, жаңы ишканаларды куруу, жумуш орундарын түзүүнү каржылай алат.

Кыргызстан товар өндүрүүчүлөр бирикмесинин жетекчиси Гүлнара Өскөнбаева Улуттук банктын дарегине айтылган сындарга кошулат. Анын айтымында, Улуттук банктын толук мүмкүнчүлүгү бардыгына карабай өндүрүштү модернизациялоо, жабдууларды сатып алуу үчүн узак мөөнөттүк насыя бөлбөйт:

- Бүт дүйнө жүзүндө насыялар максаттуу түрдө арзандатылат. Ал эмес модернизациялоо, өндүрүштү кеңейтүү үчүн атайын насыялар берилет. Баарында берилет. Бизде гана жок.

Улуттук банк өлкөнүн бюджеттин колдоодо өзүнүн салымын кошуп келет. Маселен, банк тапкан кирешесин ар кандай жолдор менен бюджетти колдоого берип келет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG