Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Акенеев: Дизелдик отундун баасы өсүүдө


Ош шаары
Ош шаары

Кыргызстанда дизелдик отундун кымбатташынын себеп-кесепетин Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев “Азаттыкка” түшүндүрүп берди.

- Кыргызстанда жаз алды менен кара май кымбаттап жатканы байкалууда. Азыр күйүүчү майлардын баасы канчага көтөрүлдү?

- Эки мурда Кыргызстандын түндүгүндө дизелдик отундун баасы 60 тыйынга, түштүк региондордо 1 сомго чейин көтөрүлдү. Себеби марттын башында Орусиянын заводдору майды бир тоннасын 70 долларга сатса, азыр 140 долларга чейин чыгып кетти. Дизелдик отун кескин түрдө кымбаттап жатат. Бензиндин баасы марттын башында 70 долларга көтөрүлгөн боюнча турат. Ошондуктан бензинге баа көтөрүлгөн жок.

- Натыйжада азыр Кыргызстанда дизелдик отундун орточо баасы канча болуп калды?

- Түштүк облустарында 38 сом 40 тыйын болсо, 37 сом 80 тыйын. Ортодо 60 тыйындай айырма бар.

- Орусиянын мунай иштетүүчү заводдору баанын көтөрүлүшүн кантип түшүндүрүп жатышат?

- Баанын көтөрүлүшү мунайга дүйнөлүк баанын кескин түрдө өсүшү менен байланыштуу. Мындан бир ай мурда бир баррел мунай 115 доллардын тегерегинде болсо, азыр 135 доллар болуп калды. Эксперттердин айтуусу боюнча, мындай темп менен жүрсө, 145 доллардан да ашып кетиши мүмкүн.

Жумакадыр Акенеев
Жумакадыр Акенеев
2008-жылы ошондой баа болгон. Бул болсо АКШ менен Ирандын ортосундагы келишпестикке байланыштуу. Мунай чыгаруу боюнча Ирандын үлүшү 30 пайызды түзөт. Ошондуктан мунайга болгон баалар абдан кескин түрдө көтөрүлүп жатат.

- Айрым адистер дизелдик отун баасынын көтөрүлүшүн саясий себептерге байланыштырып жатышат. Маселен, муну Орусиянын атайын аракети катар баалагандар жок эмес. Бул пикир канчалык жүйөлүү?

- Жок, Орусиянын өзүндө да баалар абдан кескин түрдө көтөрүлүп жатат. Жалаң эле биз эмес, орусиялык заводдор бааны көтөргөндүктөн өлкөнүн ички рыногунда да баалар өтө жогору. Кыргызстандагы бааларга салыштырмалуу Орусиянын өзүндө беш-алты сомго жогору.

Баалар болсо, мындан 1,5-2 ай мурда көтөрүлө баштаган. Орусиядагы президенттик шайлоого байланыштуу анча-мынча кармап турушкан. Азыр Орусиянын өзүндө бааларды койо беришти.

- Демек бул жерде саясий себептер жокпу?
Эксперттердин айтуусу боюнча, мындай темп менен жүрсө 145 доллардан да ашып кетиши мүмкүн. Бул болсо АКШ менен Ирандын ортосундагы келишпестикке байланыштуу...

- Жок, эч кандай саясий себеп жок. Бул чын-чынына келгенде базар экономикасынын кесепети болуп жатат.

- Эми Кыргыстанда жазгы айдоо иштер башталат. Ал үчүн күйүүчү майдын кору жетиштүүбү? Орто жерде жетишсиз болуп калбайбы?

- Азыр бизде бир айлыктын тегерегинде запасыбыз бар. Эч кандай тартыштык болбойт. Баа маселеси бизди анча-мынча тынчсыздандырып жатат. Бирок дизелдик отундун да, бензиндин да көлөмү бар.

- Майды алыскы райондорго жеткирүү жана ал жактагы баа кандай болуп жатат? Буга чейин алыскы аймактардын тургундары май жетишсиздигинен нааразы болуп келишкен.

- Алыскы райондордуку да анча-мынча маселе болуп жатат. Азыр Бажы кызматы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. 16 миң тонна күйүүчү май кампаларда жатат. Пломба илинип турат. Бажы кызматы азыр ушуну пайдаланууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Мүмкүн үч-төрт күндүн ичинде алардын жолун табабыз.

Азыр Бажы кызматы мыйзамга өзгөртүү киргизип, бажы төлөмдөрүн орусиялык дилер төлөсүн деп жатат. Ушунун тегерегинде сөз болуп жатат. Чындап келгенде күйүүчү майдын көлөмү бар. 16 миң тоннаны колдонууга уруксат бербесе, алыскы райондордо бир аз маселе чыгышы мүмкүн. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш да, өкмөт да иштеп жатат.

- Баткендеги аткезчилик дале уланып жатат дешет. Азыр абал кандай? Өткөн аптада жергиликтүү тургундар бул боюнча нааразылык билдирип чыгышты эле.

- Толугу менен жок деп айтууга кыйын. Эл колдон келишинче ташып жатышат. Бирок 35-40 машине чыгып жатат деген бул туура эмес сөз. Чыгып жаткан унаалар биздин аймак аркылуу Казакстандын Чымкент заводу Тажикстанга жана Ооганстанга саткан транзиттик күйүүчү майлар. Ошондуктан баткендик туугандар кирип жаткан жакты көрбөй, чыккан машинелерди гана эсептеп жатышат.

Биз Бажы кызматынан кирген машинелердин да, чыккандардын да санын айтып турууга өтүнүп жатабыз. Ошондо эл ишенмек.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG