Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Өмүралиев: Кендерди өз күчүбүз менен каза албайбыз


Кумтөр кенинде иштеген жумушчулар
Кумтөр кенинде иштеген жумушчулар

Нарын, Ысык-Көл облусунун тургундары Кумтөр алтын кенин иштетүүдөн экологиялык зыян болот деген Кыргызстанда кен иштетүүгө инвестиция келбейт деп, кен иштетүүнү токтотууга чакырышууда. Экологиялык кызыкчылык үчүн кен иштетпей коюу өлкөнүн экономикасына кандай таасир тийгизет деген суроо менен “Азаттык” коомдук-саясий ишмер, экономист Эсенгул Өмүралиевге кайрылды.

Эсенгул Өмүралиев: Кумтөр алтын кенинин тегерегинде экологиялык да, экономикалык да жактан маселе жок. Анын тегерегиндеги маселе – саясий маанидеги маселе.

Кумтөр алтын кени Кыргызстандын өнөр жай экспортунун 20%, мамлекетке кирешенин 10% “Кумтөр” ишканасынан түшөт. Экологиялык атайын фонд бар, экологиялык мониторинг күнүгө жүргүзүлүп турат.

Дүйнөлүк экспертизадан өткөн, зыян келтирүүчү эч кандай шарт жок. Качан шайлоо болот, Кумтөр алтын кенинин тегерегинде маселе чыгып, саясий кампания башталат. Менин оюмча бул да бир кезектеги саясий кампания.

"Азаттык": Кумтөрдөн тышкары дагы башка жактагы алтын, жез сыяктуу кендерди иштетүүгө чет элдик инвесторлорго мүмкүнчүлүк бербей, жергиликтүү эл каршы чыгып, ар кандай аракеттерди жасап келишет. Минте берсе Кыргызстандын кендерин иштетүүгө инвестиция салууга эч ким кызыкпай калат деген пикирлер бар.

Өмүралиев: Абдан туура айтасыз, тыштын инвестиция келбесе, Кыргызстандын экономикасы өспөйт, өнүкпөйт. Ал эми тоо-кен өнөр жайы биздин экономиканын өзгөчө пайдубалдарынын бири. Эгерде бул өнөр жай өнүкпөсө, Кыргызстандын экономикалык келечеги кыйын болуп калат. Мисалы, бүгүнкү күнү дүйнөдө 1 унция алтын алуу үчүн 690 доллар каражат жумшаш керек. Мындай каражат бизде жок. Ошондуктан биздин тоо-кен өнөр жайы сырттан келген инвестициялардын эсебинен гана өнүгүшү мүмкүн.

Жездин бир килограммын иштетүү үчүн 6500 доллар сарптоо керек. Мындай акча да бизде жок. Деги эле дүйнөлүк практикада тоо-кен байлыктары мамлекеттин өзгөчө менчигинде болот. Ал жерге эч кандай жергиликтүү башкаруунун тиешеси болбошу керек. Кен бар жерлер мамлекеттин өзгөчө менчигинде болуп, анын тагдырын мамлекет өзү чечүүсү керек. Кенди иштетүү тууралуу инвесторлор менен сүйлөшүлүп, чечилип, кол коюлгандан кийин аны өзгөртпөө керек. Ошондо өлкөдө инвестициялык туруктуу климат болот, ошондо акчалар келет. Андай болбосо биз менен эч ким иштебейт.

"Азаттык": Таластан кен казууга аракет кылган "Кентөр" ишканасынын аймактагы вагон тамдарын жергиликтүү адамдар барып, өрттөп жиберишкени белгилүү. Айрым чет элдик маалымат каражаттары буга карата мамлекет эч кандай чара көргөн жок деп жазып жатышат. Экологияга да, экономикага да зыянын тийгизбей, өкмөт жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кандайдыр бир аракеттерди жасоого болобу?

Эсенгул Өмүралиев
Өмүралиев: Ошол Андаштагы жез кен байлыгы мамлекеттин менчигинде болуп, өкмөт аркылуу гана чечилүүсү керек. Жер да өкмөттүн карамагында болушу зарыл. Кен өкмөттүн чечими менен гана иштетилиши керек.

"Азаттык": Өкмөттөгү адамдар, президент өз кызыкчылыгына гана иштеп, мындай пайдалуу кенди мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына эмес, жеке чөнтөгүнө буруп жүргөнү ушул эле Кумтөр алтын кенин иштетүүдө ачык болбодубу.

Сиз жакшы билесиз, бул кендин айланасында канча жолу келишимдерди кайра өзгөртүп түзүү зарылчылыгы келип чыкканын. Ушундан улам элдин да өкмөткө ишеничи кеткенсийт, муну акыркы эки ыңкылап далилдеп койду окшойт...

Өмүралиев: Мына ошондуктан бийликтин баркы кетип, бүгүнкү күнү эч ким бийликти сыйлабай да, баалабай да калбадыбы. Ошол үчүн бийликти ордуна коюу керек. Бийлик деген бийлик, мыйзамдардын чегинде аны өз ордуна коюу керек, тоо кендерин иштетүү керек. Балким азыркыдай чыр-чатак арбып турган кезде убактылуу мораторий киргизип, ал маселени баары бир чечүү зарыл.

"Азаттык": Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG