Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:08

Көмүр кендерине чет өлкөлүк компаниялар кызыгууда


Кара-Кече көмүр кени, 2008-жылдын 17-октябры.

Кара-Кече көмүр кени, 2008-жылдын 17-октябры.

Кыргызстандын көмүр кендерин казууга Британиянын, Кытайдын, Ирландиянын компаниялары кызыгып жатканын Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

Буга байланыштуу аталган министрликтин байкоочу кеңешинин төрагасы, Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеевди кепке тарттык.

- Аталган өлкөлөрдүн компаниялары эмнеге Кыргызстан көмүрүнө кызыгып атат, кызыгуунун артында башка нерсе болушу мүмкүн деген ойлор айтылып атпайбы. Сиз кандай чечмелеп бере аласыз?

- Кыргызстан Орто Азияда көмүргө эң бай өлкөлөрдүн бирине киребиз. Бизде эсептелген көмүрдүн кени 2 млрд. 300 млн. ашуун тонна, ал эми окумуштуулардын айтымында, 3-4 млрд. тоннадан да ашуусу мүмкүн. Абдан көп запасыбыз бар.

Биздин көмүрдүн сапаты да абдан жакшы. Андан күйүүчү май, газ алса болот. Азыр өзүбүз иштетсек болот эле. Бирок акча жоктугунан майда көмүр кендери ачылып алардын өндүрүмдүүлүгү өтө төмөн болуп атат. Ошондуктан чет элдик инвесторлор келип, келишимдин негизи келечекте андан газ, май алууга айландырууга эсептелсе жакшы болот. Анткени алар көмүрдү сыртка алып чыгып кетпейт. Аны иштетсе Кыргызстан үчүн эле пайдалуу болмок. Бирок инвесторлор менен туура келишим түзүп, кыргыз элине пайдасын туура чечсе абдан эле жакшы болмок.

- Азырынча бул толук чечиле элек деп айтылып атат. Бирок кен казуу жагынан чет элдик инвесторлорго жергиликтүү тургундар каршы болуп келген көп эле учурлар да маалым. Эгер чет элдиктер көмүр казууга келсе дагы ошондой болбос үчүн кандай иштерди жүргүзүш керек?

- Биз кечээ эле ушул маселе боюнча жыйын өткөрдүк. Абдан изилдегенбиз. Кыргызстанда саясаттын туура эместигинен элдин ишенимин кетирип алганбыз. Биз карап көрдүк көптөгөн алтын кендерине Кыргызстандын 1% үлүшү жок эле берип коюшкан.

Эгер мындай болсо албетте эл туура көтөрүлүп жатышат. Ошолорду айтсак келишим түзөбүз деген мыйзамда жазылбаптыр, жок экен дешет. Бизде практика бар да. Мисалы Кумтөр маселесин чечкенде келишим түзүлгөн. Бул жогорку жана жергиликтүү бийликтегилердин милдети жана жоопкерчилиги. Кайсы убакта Кыргызстанга кандай пайда келет, ушул кенен келишимде түзүлүш керек. Түзгөн эмес, ошонун негизинде элибиз туура айтып атат. “Андаш” боюнча сүйлөшсөк алар “макул, каздыралы, бул мамлекетке пайдасы барбы, жокпу” деп сурап атышат. Ушундай нерселерди 2008-жылдан бери бийликтегилердин кулактарына куюп келатабыз.

- Кыргызстанды кезинде “Орто Азия кочегары” деп атап коюшчу. Картаны карап деле Кыргызстан толугу менен көмүрдүн үстүндө жайгашкан деп белгилешет. Ошентсе да көмүр Казакстандан ташылып келинет. Бир жылы өлкө ичиндеги көмүр корун иштетип, сырттан ташууну токтотолу деген демилгелер да айтылган. Эгер четтен инвесторлор келсе ушул маселе чечилет беле?

- Толук чечилет. Анткени көмүр өнөр жайы бүт дүйнөдө жогорку кирешелүү эмес, чыгашалуу болот. Эгер алар макул болуп келип атса, пайда табыш үчүн жогорку технологияны киргизиш керек. Бизге көмүрдөн мунай, газ алуу боюнча технологияны киргизгиле деп айтыш керек. Алар эсептеп чыгып, сөзсүз пайдалуу жагына чечет. Бул Кыргызстанга да пайдалуу болот.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG