Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:58

Патенттик салыкты акырындык менен жоюу каралууда. Бүгүнкү күндө патенттик система жеңил болгону менен, бул ыкма көмүскө экономиканын өсүшүнө жол түптөп жатканын салыкчылар айтышат.

Коомчулуктун салык төлөө маданияты өсүп келаткандыктан, бара-бара бардык ишкерлер жөнөкөйлөтүлгөн же бирдиктүү салык төлөөгө өткөрүү демилгеленүүдө. Ал эми салыкчылар болсо өкмөт алардын милдеттерин эле эскертпестен, укугун да коргошу керек деп эсептейт.

Соодагерлер эмне кылат?

Бүгүнкү күндө ишмердиктин 121 түрүнө патент берилет. Салык кызматы мындан ары патентти акырындык менен кыскартып, азыр алардын саны 80ге азайтылууда.

Салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов патенттик система көмүскө экономиканын өсүшүнө жол түптөгөнүн айтат. Бара-бара бардыгы бирдей шартта жөнөкөйлөтүлгөн, же бирдиктүү салык төлөөгө өтүш керек. Бирок негизги көйгөй базарларда болгондуктан ал жактагы системаны кандай кылабыз деген суроо башкы салыкчыны да ойлонтуп турган чагы. Башканы эсепке албаганда деле бүтүндөй "Дордой" базары толугу менен патенттик системада отурат.

- "Дордой" базары боюнча алсак, ал жакта патенттик система өзүн-өзү жеп бүттү. Бирок ал жерди кыйнап патенттик режимге өткөрө албайбыз. Ал жакта бири бир ай, экинчиси үч ай иштегендиктен, баарын каттоого тургуза албайбыз. Ошолор үчүн биз патенттик системаны калтырабыз. Бирок туруктуу бизнес жүргүзгөндөр патенттен чыгыш керек.

"Дордой" базары

"Дордой" базары

Эгемендүүлүктү алгандан кийин базар экономикасына өтүп, ал эми 1996-жылдан баштап жеке ишкерлер көбөйүп, базарда, көчөдө соода кылгандарды салык төлөөгө отургузуу жакшы каралбай калган. Ошондон улам абалды патенттик система сактап калып, азыркыга чейин патент менен төлөгөн ишкерлер көп.

"Бүгүнкү күндө патенттик система жеңил болуп, аябай өнүккөнү менен көмүскө экономиканын өсүшүнө жол түптөдү", – деген экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев өнүккөн өлкөлөрдүн биринде да патенттик салык деген түшүнүк жок экенин айтат.

- Орто жана ири ишканалар, компания, фирмалар бухгалтериянын негизинде салык төлөшү керек. Ар ким кирешесине жараша мамлекетке салык төлөшү керек. Ошол принцип бизде иштебей жатат. Патент – кирешени жашырууга, мамлекетке салык төлөбөөгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Эмне үчүн бардыгы патентке жабышат? Анткени ал салыктан качууга жакшы мүмкүнчүлүк берет.

Натыйжада көмүскө экономика ички дүң продукциянын 39% ээлеп келет.

Салык төлөөчүлөрдү ким коргойт?

Анткен менен салык төлөөчүлөр да "өкмөт милдеттерибизди талап кылуу менен укуктарыбызга маани бергиси келбейт" деген дооматтарын арта башташты.

Соодагер Малик Шарип уулу канцелярдык товар саткан үчүн айына 500 сомдон патентке төлөп турат. Ал өкмөттү салыкчыларды камкордукка албайт деп сындады:

- Мисалы, көп балалууларга жеңилдик жок. Ооруканага жатып калсаң салык төлөөчү деген жарандык укугубуз унутулуп калып жатат. Бир гана мамлекеттик кызматкерлерге артыкчылык бар. Биз мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп жатабыз. Өнүккөн өлкөлөрдө салык төлөөчүлөрдүн деңгээлин көтөрүп койгон. Ошондуктан алар өз кызыкчылыгы менен салык төлөшөт.

Расмий маалыматтарга караганда, быйыл Салык кызматы 50 млрд. сом салык чогултууну убада кылууда. Бул мындан жыйырма жыл мурдагыга салыштырмалуу 25 эсеге көп.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG