Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Талашка түшкөн “Аврора плюс”


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Апрель окуясынан кийин мамлекетке кайтарылган “Аврора плюс” эс алуу үйлөрү соттун чечими менен жеке колго өткөндүгүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жарыялады

Ал эми президенттин иш башкармалыгы бул маалыматты жокко чыгарып, “Аврора плюс” жеке менчикке өтпөгөнүн, мамлекеттин эсебинде жана иш башкармалыктын карамагында экендигин билдирди. Жергиликтүү эл болсо аталган эс алуу борбору айыл өкмөттүн карамагында калышы керек деп эсептейт.

“Аврора плюс” жеке колго өттүбү?

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырылган “Аврора плюс” эс алуу борборуна тишелүү жеке үйлөр боюнча талаш жаралууда. Ал коттедждер Ысык-Көл районундагы “Аврора” санаторийинин жанында жайгашкан.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Назира Үсөналиева 15-майдагы басма сөз жыйынында алар соттун чечими менен жеке менчикке өткөнүн билдирди.

- Бул имарат бүгүнкү күнгө чейин Президентин иш башкармалыгына карап келген. Биз өз кезегинде улутташтырылган бардык мекемелер Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу фондусуна өткөрүлүп берилиши керек деп бир канча ирет кайрылганбыз. Бирок тилекке каршы, Президенттин иш башкармалыгынан “Аврора плюстун” үйлөрүн өзүбүзгө ала алган жокпуз. Азыркы учурда болсо “Аврора плюска” тиешеүү 74 коттедж жеке менчикке, тагырак айтканда “Ала-Арча” жабык акционердик коомуна өткөрүлүп берилсин деген соттун чечими чыкты. Башкача айтканда, ушу тапта мамлекет тарабынан улутташтырылган мекемелердин бири соттун чечими менен жеке менчикке өткөндүгү боюнча мисал бар.

“Аврора плюс” эс алуу жайы улутташтырылгандан кийин президенттин иш башкармалыгына өткөн. Бирок иш башкармалыктын жетекчиси Турусбек Коёналиев мүлк фондунун маалыматын так эместик деп атап, “Аврора плюс” эс алуу жайы бүгүн да мамлекеттин карамагында экенин айтты.

- “Ала-Арча” курулуш ишканасы биз менен соттошкон эмес. Ал курулушка буйрутма берген ”Инвестстрой” жана “Аврора плюстун” мурда качып кеткен Ширшов жана башка ээлери менен соттошуп жаткан. Анткени, алар бул курулуш компанияга 260 млн. сом карыз болуп, качып кетишкен. Ошолорду сотто утуп, 260 млн. сомдун ордуна 74 коттеджге ээлик укугун алды.

Бирок Коёналиев “Аврора плюстун” эс алуу үйлөрүнө ээлик укугун сот аркылуу аныктап алган “Ала-Арча” компаниясы эми ал үйлөрдү талашып, мамлекет менен соттошорун да четке чыгарбайт.

- Эми биз соттошсок, “Инвестстрой” жана “Аврора плюс” менен эмес, “Ала-Арча” курулуш ишканасы менен соттошобуз. Анткени, мүлк боюнча доо арыз берип, алар сотто утуп алды.

Коёналиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна “Аврора плюсту” өткөрүп берүү боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Жергиликтүү калктын талабы

Ал ортодо жергиликтүү эл Ысык-Көл районунун Комсомол айылында жайгашкан бул үйлөр жергиликтүү бийликтин менчигине өтүшү керектигин билдирип келатат. “Аврора плюс” жайгашкан Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Муратбек Рыскулиев мындай дейт.

- Эл, жергиликтүү кеңеш, айыл өкмөт баарыбыз аларды Кум-Бел айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп бергиле деп кайрылганбыз. Бирок президент да, өкмөт да, Жогорку Кеңеш да бир да катыбызга жооп бербей жүрөт. Улутташтырганбыз деп коюп, аны кимдер алганы белгисиз.

Айыл өкмөт башчысы эс алуучу үйлөр жең ичинен сатылганы боюнча да маалыматтар бар экендигин билдирди.

- Алар көмүскө, жең ичинен сатылган коттеждер болуп кетти. Кимдер экенин атап кереги жок, бирок ошол кезде Убактылуу өкмөттө иштегени да, кийин келип иштегендери да менчиктеп алышкан.

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен 49 ишкана-мекеме улутташтырылган. Бирок алардын айрымдарын мурдагы ээлери талашып, сотко кайрылышкан. Ал эми курулуш менен алектенген “Ала-Арча” ишканасы “Аврора плюстун” мурдагы ээлерине тиешеси бар-жогу азырынча такталбай, беймаалым бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG