Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

Жогорку Кеңеш “Дастан” ишканасын менчиктештирүүгө уруксат берди. Өкмөт күзгө карай аны сатууну көздөп жатат.

Жогорку Кеңеш “Дастан” акционердик коомун менчиктештирүүгө уруксат берди. Бул ишкана СССРдин мезгилинде түптөлүп, азыркы кезге чейин иштеп жаткан бирден-бир завод.

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков “Дастанды” сатуунун шарттары тууралуу буларды айтты:

- “Дастанга” стратегиялык инвестор табылып, ошого сатылсын деп жатабыз. Бирок профилин жоготпош керек.

Мына ушундай негизде парламент “Дастанды” менчиктештирүүгө уруксат берди.

Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, өкмөт ишкананы күзүндө сатууну көздөп жатат. Бул ишканага кызыгуусун Орусия, Индия жана Түркия көрсөтүп келгени белгилүү. Алардын ичинен Москва өзгөчө артыкчылыктарга ээ экени маалым.

Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Замир Бекбоев муну “Дастан” чыгарып жаткан продукциянын көпчүлүк комплекттери Орусиядан алып келиниши менен байланыштырат. Андан сырткары илимий-конструктордук борбор да Орусияда жайгашкан.

Замир Бекбоевдин айтымында, “Дастандын” жетекчилиги, жумушчулары ишкана токтоп калбашы үчүн стратегиялык инвесторго сатылыш керектигин түшүнүп турушат. Орусия негизги инвестор катары каралып жатканын Бекбоев белгилеп, буларга токтолду:

- Орустар жактан сунуш бар. Анан Индиядан да сунуш бар. Анткени индиялыктар “Дастан” чыгарган продукцияны көп алып жатат. Бирок орустарда да кызыкчылык бар.

Бекбоевдин айтымында, “Дастанды” Кыргызстан жеке өзү иштете албайт.

Маалыматка караганда, азыркы кезде Кыргызстандын колунда “Дастандын” 98% акциясы бар. Өкмөт анын баарын саттыкка коюуга даяр. Мурунку бийлик учурунда Кыргызстандын Орусияга 190 млн. карызын “Дастандын” 48% акциясына алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Бирок орус тарап ага макул болгон эмес.

“Дастан” ишканасы “Шквал” аттуу торпедо чыгаруу менен эле эмес, Бишкектин чок ортосунан орун алган жери менен да баалуу. Маалыматтар боюнча, заводдун аянты 24 гектар келет. Ал жерге апрель ыңкылабынан кийин турак үйлөр да курула баштаганы белгилүү. Андан сырткары Ысык-Көлдө торпедолорду сыноочу жайы да бар.

Албетте, заводду сатууга каршы чыккан тараптар да жок эмес. Алардын бири “Ата-Журт” фракциясынын лидери Садыр Жапаров:

-“Дастан” пайда алып келип жаткан ишкана. Эмне үчүн сатышыбыз керек? Мамлекетте сата элек эмнебиз калды? Биздин мамлекет эле калды сата элек. Баткенди саталы багалбай калдык, коргой албай калдык деп. Көлдү, Нарынды саталы анда...

“Дастандын” мурунку акционерлеринин бири Улукбек Ормонов завод Орусия менен тыгыз байланышканын эске салып, бирок заводдун жабдуулары эскирип калды деген пикирлерге кошулбасын белгиледи:

- Убагында 500 млн. доллар карыздын ордуна ушул заводду алабыз дешкен. Болгондо да 48 пайызын алабыз дешкен. Ошондой келишимге кол коюулуп, ал ратификацияланган. Жөндөн-жөн эле 500 млн. долларга 48% алабыз дебейт да. Азыр эмне?.. Заводдун эч кандай баасы өзгөргөн жок. Кубаттуу базасы сакталган толук. Ысык-Көлдө сыноочу полигону бар. Бул заводдун мааниси аябай чоң.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары “Дастан” заводун 30 млн. долларга, ал эми жерин 102 млн. долларга баалап жатканы маалым.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG