Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

23-февралга аба ырайы


Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдордо кар көчкү коркунучу жогору. Жолдорго кар күрткүсү топтолуп, муз тоңот. Мындай абал апта соңуна чейин сакталат. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек.

23-февралда жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз +3...+8,

Талас жергесинде түнкүсүн -10...-15, күндүз +2...+7,

Баткен облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз +4...+9,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4...-9, күндүз +4...+9,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -7...-12, күндуз 0...+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -25...-30, күндүз -8...-13,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -29...-34, күндүз -7...-12 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн -5…-7, күндүз +4…+6 градус жылуу.

XS
SM
MD
LG