Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:31

Улутташтырылган объектилер боюнча сотторго элүүдөн ашуун доо арыз берилген. Бул боюнча билдирген мамлекеттик мүлк министри парламенттин экинчи жолу кабыл алган токтомунун негизинде талаштуу деп эсептелген мүлк өкмөттүн карамагында убактылуу калып турарын белгиледи.

Улутташтырылган объектилер боюнча Убактылуу өкмөттүн декреттерин жокко чыгарууну суранган он сегиз доо арыз соттун кароосуна түшкөн.

Анын он үчү боюнча иш соттон кыскартылып, бирөө өндүрүштө каралып, дагы төртөө боюнча талаштуу иш убактылуу токтоп турат. Ошондой эле менчик укугун таануу боюнча жыйырмадан ашуун иш соттун кароосунда турганы айтылды.

“Акыйкат” партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов ар бир талаштуу делген мүлктү ачык-айкын иликтегенде талаш-тартыштарга эбак чекит койулмак деген ойдо:

Аликбек Жекшенкулов
- Соттор деле мыйзамдуу, акыйкат чечим чыгарбай келгенине баарыбыз күбө болуп эле жүрбөйбүзбү. Мына ошондуктан улутташтырылган мүлктүн ар биринин тарыхы, анын кимге таандык болгондугу же болбосо “кожоюн болчумун” дегендердин кандайча ага доомат коюп жатышканын терең иликтеп, акыйкат, калыс карап чыкканда эле чындык чыга келет.

Мисалы, “Мегаком” боюнча ар кандай сөздөр, схемалар иштеп, ызы-чуу көбөйө баштаганда иликтеп көрүштү эле анча-мынча кымгуут жашырылган жагдайлар ачыка чыга келбедиби.


Алгач мамлекеттин карамагына алынган мүлктү башкаруу боюнча өкмөттүн программасында 47 объектинин он жетисин алып калып, калганын ачык аукциондо сатуу жагы каралган. Бирок бул программа 30-июнда парламентте каралып, объектилерди үчкө бөлүү менен, анын көпчүлүгүнүн менчик ээсин аныктоону сотко тапшыруу боюнча токтом чыккан.

Оңдолгон кемчиликпи же оңбогон кесирликпи?

Мамлекеттик мүлк боюнча министр Даир Кенекеев Жогорку Кеңеш кийинки кезексиз отурумунда мурда кабыл алган ал чечимин оңдогонун белгиледи:

- Программаны 8-июлда парламент экинчи жолу карап, бекитип берди. Ошонун негизинде улутташтырылган мүлктүн жыйырма үчү сатууга койула турган болсо, калган жыйырма төртү өкмөттүн өзгөчө чечими чыкмайын мамлекеттин карамагында кала турган болду. 30-июндагы токтомдо мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген жагдайлар орун алып калган эле. Бул кемчиликти парламент кийин оңдоп, соттун кароосуна койула турган мүлктү убактылуу мамлекеттин карамагында сактап турууга макулдугун берди.

Анткен менен серепчилер улутташтырылган объектилердин менчик укугун аныктоодо Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ортосунда тирешүүлөр орун алган учурлар бар экенин ырасташат.

Бир тарабы анын кайсы бир бөлүгүн кармап турууну жана кайсы бирин сатып казынаны толтурууну көздөшсө, экинчиси буга чейин ээлик кылып келгендердин кызыкчылыгына карап чечүүгө ынтызар экендиги белгиленди.

Укук таануучу Кубат Кожоналиев бул жагдайда маселени жөнгө салуу үчүн мыйзамдуулук болбой жатканына токтолду:

- Кандай болгон күндө да бул жерде мыйзамдуулук болуш керек болчу. Анткени мыйзамдуулук болмойун адилеттүүлүк болбойт. Акыйкат сот системасын калыптандыргандан кийин, муну сот аркылуу чечиш керек. Мисалы Убактылуу өкмөттүн айрым декреттеринде мыйзамдын чегинен чыгып кеткен учурлар көп. Ошондуктан буга чот гана чекит койуш керек. Болбосо мына өкмөт, парламент деген менен алардын ар кимисинин өзүнүн жеке кызыкчылыктары чыга калып жатпайбы.

Өткөн жылдан бери улутташтырылган объектилердин төртөөнөн сегиз жүз миллион сомдон ашуун дивиденд мамлекеттик казынага которулган. Мүлк министри Д.Кенекеев жакында улутташтырылган мүлктүн жыйырма үчү ачык аукциондо сатылып, андан түшкөн төрт миллиард сомдон ашуун каражат казына тартыштыгын бүтөөгө жумшалаарын белгиледи.
XS
SM
MD
LG