Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:18

Кыргызстанда тоо-кен өнөр жайынын инвестициялык жагымдуулугу төмөндөөдө деп билдирди Тоо-кенчилер ассоциациясынын башчысы Орозбек Дүйшеев.

“Азаттык”: Кыргызстанда тоо-кен өнөр жайынын инвестициялык жагымдуулугу боюнча рейтинги түштүп атат деп билдирүү тараттыңыздар. Эмнеге негиздеп айтып жатасыз?

Орозбек Дүйшеев: Биздеги реформанын туура эмес жасалганы, адистердин туура эмес тандалганы ушуга себеп болууда. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деген кыргыздын жакшы сөзү бар. Азыр бизде бул тармакты такыр түшүнбөгөн, кабары жок адамдарды койгондун кесепети ушундай болууда.

“Азаттык”: Сиздердин маалыматта, Канададагы Фрейзер институту да ушундай эле баа берген экен.

Орозбек Дүйшеев: Фрейзер институту ушундай маселелерди абдан терең изилдей турган институттардын бири. Алар көп көрсөткүчтөрдү алат. Биринчиден, саясий абалды, эл менен инвесторлордун байланышын, карама-каршылыктарды алат. Ал эми бизде эл менен инвесторлордун ортосундагы карама-каршылык улам күчөп баратат. Бул да туура эмес саясат жүргүзгөндүктөн.

Биз кенди иштетүүдө жергиликтүү элге, мамлекетке кандай пайдасы болорун жазып, жергиликтүү уюмдарды кошуп келишим түзүп, инвесторлордун жоопкерчилигин көрсөтүп, анан мамлекеттик негизде бекитип койгондо гана мыйзамдык акт болуп калат эле деп канча жылдан бери айтып келатабыз.

Туура эмес иш кылгандарды жоопко тартса болот. Азыр кимди жоопко тартабыз? Бүгүн бир топ чыгат каршы болуп, алар менен инвесторлор сүйлөшүп кетирсе экинчи топ чыгат. Ушинтип эле эл иштетпей жатат. Бул маселеде уюштуруу иштери начар жүрүүдө.

“Азаттык”: Соңку айларда коомдук тоо-кен иштетүүчү компаниялардын акцияларынын котировкасы түшүп кеткенин белгилеген экенсиздер. Мисалы, акыркы үч айдын ичинде “Центерранын” капитализациялануусу 30%, Чаткалдагы Чаарат кениники 50%, Баткендеги “Манас Ресорсез” 32% түшүптүр. Бул сандар кайдан чыкты?

Орозбек Дүйшеев: Алардын акциялары дүйнөлүк биржалык компанияларда, ошолордон алабыз. Мисалы, "Кумтөрдүн" акциясынын баасы өткөн жылдын декабрында 20-22 долларга көтөрүлгөн. Азыр 10 доллардын тегерегинде болуп атат. Жыл башында он күн көтөрүлүш чыгарып, иштетпей койду. Жакында эле жолду тосту. Аларга мамлекет чара көрбөсө, тартип болбосо, инвесторлор деле "булар жапайы, тил укпаган, тартиби жок эл экен" деп жатышат. Биздин абройду кетирип атат мындайлар.

Жылдын башында он күн иш токтогондо бар болгону айлыкты 3-4% көбөйтүш керек болгон. Ага деле зарылчылыгы жок болчу, мыйзамсыз көтөрүп коюшту. Эл ошентип чыгып атса, өкмөт түшүндүрүш керек эле да. Мыйзамсыз нерсеге жооп бериш керек, аны да уюштургандар бар. Аны изилдеп, тапкан кишилер жок.

“Азаттык”: Бирок "Кумтөрдө" экологияны бузуп атат деген пикирлер да бар эмеспи. Бул пикирлерди да эске алыш керекпи?

Орозбек Дүйшеев: Дүйөндө атайын илим бар, ал илимдин негизинде долбоор түзүлөт. Кумтөр өзгөчө жерде түзүлгөн. Бул жерге илим-изилдөө ишин куруш керек. Ар ким өз оюн айта берүүгө акысы жок. Илимдин негизинде айтыш керек.

“Азаттык”: Акыркы айларда тоо-кен өнөр жайынын инвестициялары 100-150 млн. долларга азайган экен...

Орозбек Дүйшеев: Бул орто эсеп менен алганда... Аларды дыкат эсептептеш керек. Бизде инвестиция кылып аткан 100дөн ашуун компания бар. Алардын ар бирин терең изилдеп чыгыш керек. Ал эми биздин божомол менен алганда 100-150 млн. долларга азайган.

Бүгүнкү күнү ишке кире турган, даяр ишканалар бар. Аларга жардам берип, уюштуруп, ишке киргизейин деген эч ким жок. Жетекчилер кантип уюштуруш керек экенин түшүнбөйт. Азыр бийликтегилер дагы өз билгенин жасап атат. Мисалы, Жогорку Кеңеште "Андаш боюнча токтотуш керек" деп теңирден тескери токтом чыгырып салышты. Бул алардын иши эмес, өкмөттүн иши.

2010-жылы сентябрь айында ошондогу президент Роза Отунбаева Андаштын лицензиясын мыйзам негизинде алып, сынак жарыялагыла деп кол койгон. Аны өкмөт аткарган жок. Мурдагы иштеп жаткандар сотко берип, анан акча бериппи, айтор соттун чечимин чыгартпай жатышат. Сот эки жылдан бери бир чечимди чыгара албай келатат. Анан кантип бизге инвесторлор келет?!

“Азаттык”: Сиз реформа начар жүрүп атат деп айттыңыз. Бул тармакка кандай реформа керек?

Орозбек Дүйшеев: Мамлекеттик көзөмөл өзүнчө, ал эми өндүрүш өзүнчө жүрүш керек. Экөө бириккенде коррупция болуп калат. Бизде баары аралашып калган. Былтыр Тоо-кен өнөр жай министрлиги эле, быйыл агенттик болду. Агенттикке баарын берген, өндүрүшү да, көзөмөлү да бар. Эмне кылам десе өзү жасай берет. Мындай реформа такыр туура эмес, бүгүнкү суроо-талапка жооп бербейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG